Кытай-Кыргызстан темир жолу: муз ордунан козголдубу?

Сүрөттүн булагы, Getty

Кыргызстандын премьер-министри Темир Сариев менен транспорт министри Аргынбек Малабаевдин Кытайдагы иш сапарынын жүрүшүндө эки өлкөнү бириктирген темир жол долбоору тууралуу маселе да каралууда. Көп жылдан бери сөз болуп келаткан ири курулуштун башталышын аныктаган тарыхый документке келерки жумада кол коюлушу мүмкүн экенин президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз-Кувейт инвестициялык форумунун ачылышында айта кетти.

Көп жылдан бери темир жол куруу маселеси айтылып келген, эми жагдай чындап өзгөрө баштайбы? Бул суроо менен Би-Би-Си кабарчысы Айзатбек Бешов Кыргыз темир жол мамлекеттик ишканасынын өкүлү Эркин Кайымовго кайрылган.

Э.Кайымов: Бул долбоор мурун Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан деп башталган болчу, эми сөз Кытай-Кыргызстан темир жолу тууралуу болуп жатат.

Би-Би-Си: Көп жылдан бери бул темир жол тууралуу айтылып келет, жаңылышпасам 15 жылга чейин чаап барды болушу керек. Эмне себептен иш алдыга жылбай келди деп ойлосуз?

Э.Кайымов: Бул жерде, эң негизги себеби – ар бир мамлекеттин өз кызыкчылыктары бар экендигинде: Кытайдын, Кыргызстандын өз кызыкчылыктары. Дагы бир катар себептер: темир жолдун багыты, каржы маселеси жана темир жолдун жазылыгынын өлчөмү. Бул маселелер боюнча мурунтан ар түрдүү пикирлер айтылып келген. Бүгүн күнү бир жолго түшүп, бир жагына чечилди окшойт деп ойлоп турабыз.

Би-Би-Си: Көп эле пикирлер айтылып келет. Айрымдар бул долбоорду жакшы деп колдосо, ага каршы чыккандар да бар. Сиздин оюуңузда, бул темир жол Кыргызстанга эмне пайда алып келиши мүмкүн?

Э.Кайымов: Эң биринчиси, бул темир жол долбоорунун бизге алып келчү пайдасы – Түндүк менен Түштүктүн темир жолдору бириккенинде. Региондорубуз арасында темир жол байланышы ачылат деген сөз. Ошол эле Жалал Абадга, Ошко темир жол аркылуу поезддер каттап турат.

Экинчиси, биздин темир жол азыркы абалынан чыгып, транзиттик темир жолго айланат. Темир жол курулуп калса, түндүк тараптан түз Кытайга кирип кетүү мүмкүндүгү пайда болот, а түштүк тараптан Тажикстанга, андан ары Афганистан, Иран Жакынкы Чыгыш мамлекеттерине темир жол каттамы ачылат деген сөз. Мунун Кыргызстан үчүн мааниси өтө чоң.

Би-Би-Си: Кыргызстан – тоолуу өлкө. Темир жол кайсыл аймактар менен өтө турган болчуп чечилүүдө?

Э.Кайымов: Биринчи багыт, албетте Кытай-кыргызстан болуп жатат. Биздин “Кыргыз темир жол” мамлекеттик ишканасы бир эле учурда дагы бир долбоордун үстүнөн иштеп жатат. Бул Кытай-Кыргызстан-Тажикстан- Афганистан-Иран өлкөлөрүн байланыштырган темир жол долбоору. Бул жерде чечүүнү талап кылган абдан көп маселелер бар.

Кытайдан келе турган темир жолу Нарын областындагы Торугарт менен өтөт. Андан Казарман-Жалал-Абад багыты менен кетет. Жалал-Абаддан ары Өзбекстанга кошулган темир жол тилкеси бар.

Би-Би-Си: Ушул темир жолдун жазылыгы жөнүндө талаш чыгып жатпады беле Кытай менен Кыргызстандын өкмөттүк делегацияларынын ортосунда. Маселе кандай болуп чечилди?

Э. Кайымов: Жакында октябрь айында Бишкекте болгон беш тараптуу жолугушууда каралды. Бул маселе боюнча аябай көп талкуу болду. Жыйынтыгында 14-35 деген өлчөмгө токтошту. Бул эл аралык стандарт, Кыргызстан ошого макул болду. Бул, албетте, Кыргызстандын темир жолун баарын жаңы стандартка которуп чыгат дегенди билдирбейт. Бул биринчи кезекте жаңы курулуп жаткан жолдорго тийиштүү.