Баткен: кыргыз-тажик жарандары чатакташты

Кыргызстандын Чек ара кызматы кечээ кечинде орун алган Баткендеги кыргыз-тажик жарандары ортосундагы жаңжал тууралуу түшүндүрмө берди.
"7-декабрь күнү саат 19:00 чамасында Баткен районундагы Көчөбою аймагында белгисиз кишилер Тажикстан жаранына таандык унаага таш ыргытышкан. Унаанын фараларын сынган. Бул окуядан бир жарым саат убакыттан кийин белгисиз кишилер тажик жаранына тиешелүү үйгө жана кыргызстандык айылга таандык мектеп имаратына таш ыргыткан. Турак үйдүн чатырына зыян келип, мектептин терезелери сынган", - деп айтылат Чек ара кызматы тараткан билдирүүдө.
Бул окуя кыргыз-тажик чек арасындагы тактала элек тилкеде орун алган. Окуя болгон жердеги үйлөр шахмат абалында жайгашып, кыргыз-тажик жарандары аралашып жашайт.
Окуя болгон жерде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканы айтылды. Чек ара тилкесиндеги тургундарга ар кандай чагымдарга алдырбоо, кырдаалды курчутпоо сунуштары берилип жатат.
Укук коргоо органдары биргелешип, окуя боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүп жатат. Учурда чек арадагы кырдаал туруктуу. Чек ара кызматы тажик кесиптештери менен маалымат алмашып, байланышта болуп, кырдаалды көзөмөлдөп турганын билдирүүдө.
Буга чейин жергиликтүү тургундар тажик тараптан чогулуп келген кишилер айылдагы мектептин терезелерин сындырганын айтышкан эле. Кыргыз айылындагылар болсо, буга жооп кылып тажик айылындагы үйлөргө таш ыргытышкан деп кабарланган. Аймактагы чек ара тилкелеринин көп бөлүгүнүн али тактала электиги, жер-суу талаш, жол маселеси чыр-чатактарды жаратып келүүдө.






