Аскаров маселеси: Кыргыз-АКШ мамилеси сууду

АКШ мамлекеттик департаментинин Азимжан Аскаровко "Адам укугун коргоочу" деген сыйлык бергени Кыргызстанда катуу реакция жаратууда.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШ мамлекеттик департаментинин Азимжан Аскаровко "Адам укугун коргоочу" деген сыйлык бергени Кыргызстанда катуу реакция жаратууда.
    • Author, Йоханнес Делл
    • Role, Би-Би-Синин Борбор Азия кызматынын редактору

АКШ мамлекеттик департаментинин Азимжан Аскаровко "Адам укугун коргоочу" деген сыйлык бергени Кыргызстанда катуу реакция жаратууда.

“Кыргыз өкмөтүнүн АКШ менен кызматташтык келишимин токтотобуз дегени бизди кабатыр кылат”, - деди АКШнын Бишкектеги элчилиги. Ал ортодо Жалал Абадда бир топ топ адам Американын дипломатиялык мекемесин жабууну талап кылып чыгышты.

Азимжан Аскаров 2010-жылдагы кандуу окуяларда киши өлтүрүүгө аралашкан деген негизде өмүр бою абакка кесилген эле.

Аскаровду маселесине адам укук коргогон эл аралык уюмдар тыгыз көңүл буруп, анын соту акыйкат болгон эмес деп келишкен. Кандуу окуялар жаңы эле аяктап, элдин ызаасы кайнап турган абалда сот адвокаттарды, күбөлөрдү коркутуулар менен коштолуп өткөн дейт алар.

Азыр болсо бул иш “саясий футболго” айланды. Аскаровко сыйлык берилгенден кийинки маанайды өзгөчө Орусиянын маалымат каражаттары кеңири чагылдырууда. Сыйлыкты атайылап парламенттик шайлоо алдында абалды курчутуш үчүн беришти дейт айрым орус талдоочулары.

Башкалары Америка Аскаровко сыйлыкты Орус таасирине өтүп алган Кыргызстанды жазалаш үчүн берди деп айтууда. Орусиялык маалымат каражаттарынын бир бөлүгү Американын Борбор Азиядагы аракеттерине терең шектенүү менен карап жатышат.

Алар АКШдан акча алып жаткан бейөкмөт уюмдар өлкөдөгү революцияларды уюштурган деп айтышууда. Америка буларды четке кагууда.

Аскаровко сыйлыктын азыр берилгени мамлекеттик департаменттин календарына жараша жасалган, жыл сайын бул сыйлык май-июнь айларында бир катар өлкөдөгү активисттерге же уюмдарга берилет дейт АКШ.

Бул сыйлык көп учурда нааразылык жаратат, анткени укук коргоочулар өз ишмердигинде бийликти сынга алышат. АКШ адам укуктар абалын сындаса да ал өлкөлөр менен кызматташтыкты уланта берет.

Мисалы укук коргогон уюмдар адам укугун тебелеген Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташканы үчүн Американы катуу сындап келишкен.