Пан Ги Мун: Июнь коогалаңы боюнча төрт маселеге көңүл буруу керек

Сүрөттүн булагы, BBC World Service
БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Оштогу иш сапарын 2010-жылдагы июнь коогалаңында каза болгондорго тургузулган “Энелердин көз жашы” эстелигине гүл койуп, эскерүү менен баштады.
Ал Ошко жасаган иш сапары учурунда мындан беш жыл мурда болгон кандуу июнь окуяларынын кесепеттерин жоюу иштеринин жыйынтыгы менен таанышууда. Пан Ги Мундун Ошко сапарын кыргыз өкмөтүнүн башчысы Темир Сариев коштоп жүрдү.
“2010-жылдагы июнь окуясынын түпкүлүктүү себептерин аныктоо жана чыныгы акыйкаттыка жетүү аракети максатына жетпей жатканы мени тынчсыздандырбай койбойт”,-деди Бириккен улуттар уюмунун башкы катчысы. Бул окуяларынын кеспеттерин жоюу боюнча кыргыз өкмөтүн төрт маанилүү кадамга барууга чакырды.

Сүрөттүн булагы, BBC World Service
“Улутуна башка өзгөчөлүктөрүнө карабастан коогалаңда жабыр тарткан адамдардын укуктарын түптөө, аларга каршы жасалган кылмыштарды бейтарап иликтөө зарыл-деди БУУнун баш катычысы.-Коогалаң учурунда оор кылмыш кылгандарды жоопко тартуу керек. Кыйноо жана башка сот жараяндарын бузуу менен кабыл алынган сот чечимдерин кайра карап чыгуу, улуттар аралык мамилени чыңдоону мындан ары да күчөтүү”.
Ошол эле учурда Пан Ги Мун 2010-жылдагы июнь окуяларынын кесепеттерин жоюудагы аракети үчүн кыргыз өкмөтүнүн ишин жогору баалады.
Бириккен улуттар уюму Оштогу июнь коогалаңынан кийин дүйнө коомчулугуна кайрылуу жасап, бир топ каражат чогулутуп берген. Уюмдун тынтычтыкты куруу фонду дагы жаңжалдан кийин талкаланган имараттарды кайра куруу иштерин активдүү жүргүзүп, гуманиттардык жардамдарды берип турган. Ошондой эле коогалаңдан кийин тургундарга психологиялык жардамдарды көрсөткөн эле.
Баш катчы иш сапарында Ош шаарындагы жарандык активисттер,бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушту.





