Коомдук комиссия эшек эти боюнча окуяны териштирет

Катышуучулар "Адамдарды итке теңебегиле!", "Эшекти сойгондор жазалансын!" деп кыйкырып турушту

Сүрөттүн булагы, v

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Катышуучулар "Адамдарды итке теңебегиле!", "Эшекти сойгондор жазалансын!" деп кыйкырып турушту
    • Author, Руфат Эргешов
    • Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын Бишкектеги кабарчысы

Эки жүздөй киши баш калаанын четиндеги Ак-Жол айылында эшек сойгон касапкананын жабылышын талап кылып чыгышты. Мындан мурдараак бул касапкананын ээлери эшектерди Гонконгдогу зоопаркка сатуу үчүн союп жатканын билдиришкен эле. Бирок жергиликтүүлөр бизнестин адаттын тыш бул түрүнө дагы деле шектенүү менен карап жатышат.

Бишкектин түндүк-батышынан он чакырымдай алыстыктагы Ак-Жол айылына чогулгандар эшек союлган касапкана бир нече күндөн бери талкууга алынып жатканына карабастан, анын жабылбаганына ачууланып келишкен. Катышуучулар "Адамдарды итке теңебегиле!", "Эшекти сойгондор жазалансын!" деп кыйкырып турушту. Алардын бири Таалайбек Керималиев эшектин эти зоопаркка сатылат деген маалыматтардан күмөн санайт:

“Алты жүзгө жакын эшек союлган болсо, ошол эттердин баары күйгүзүлсүн. Бул кылмышка баргандар сөзсүз жазалансын!”.

Үч күн мурда жергиликтүү журналисттер Чүйдүн Ак-Жол айылындагы сарайда ондогон эшек союлуп, анын эти Бишкектеги кафе-ресторандарга сатылып жаткан болушу мүмкүн деп айтып чыгышкан. Бул окуядан кийин эшек эти коомчулукту дүрбөлөңгө салып, айрым кафе-ресторанга келгендер арасында "тамагыңарга эшектин эти кошулган эмеспи, эмненин эти?", деп суроо бергендер көбөйүп кеткен. Өзүн Орозбек Иманбаев деп тааныштырган киши болсо, эшекти союуга тыюу салган мыйзам кабыл алынышын талап кылууда:

“Эгерде эшек союуну токтотуп, касапкана жабылбаса, өкмөткө кайрылам. Өкмөт тиешелүү чара көрбөсө, эшектер союлган касапканын жанында өзүмдү өрттөйм!".

Чогулгандардын арасында, эшектерин жоготкон жергиликтүүлөр дагы бар:

“Декабрь айынан бери биздин Дача айылы жактан он бештей эшек уурдалып кетти. Дыйкандардын эшеги болчу, алар эми кантип жан багышат?”

“Мен жашаган тарапта электр жарыгы, суу жок. Сууну эшек менен ташып келчүбүз. Эки эшекти баласы менен уурдатып жибердим. Эмне кылаарымды билбей турам. Менимче аларды эшек бизнесин баштагандар сойсо керек”.

Митингдин катышуучулары: Алты жүзгө жакын эшек союлган болсо, ошол эттердин баары күйгүзүлсүн

Сүрөттүн булагы, v

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Митингдин катышуучулары: Алты жүзгө жакын эшек союлган болсо, ошол эттердин баары күйгүзүлсүн

Расмийлер көпчүлүктү эшек жоголду же эшектин эти Бишкекке таратылып жатат деген сыяктуу такталбаган маалыматтарга ишенбөөгө үндөшүүдө. Сокулук районунун аким орун басары Алмаз Рысбаев эшек этине байланыштуу чатак ушул тапта иликтенип жатканын айтты:

“Биздин райондо бул окуяга байланыштуу атайын комиссия түзүлдү. Эми коомдук комиссия эшек эти боюнча окуяны териштирет. Мыйзам бузулганбы же жокпу ал тергөө иштеринин жыйынтыгында билинет".

Буга чейин “Кайтал” аттуу фирма эшектер чыны менен эле союлуп жатканын, бирок алардын эттери коомдук тамактануу жайларга эмес, Гонконгдогу зоопаркка жөнөтүлөөрүн айтып, журналисттердин алдында түшүндүрмө берүүгө аргасыз болгон эле. Бирок мындай маалыматтар эшек этин арам деп эсептеген коомдо ишенбегендердин жана ачуулангандардын демин баса элек.