“Жасалма бөйрөк” менен жашоонун азабы

Сүрөттүн булагы, AP
- Author, Кубат Касымбеков
- Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын продюсери
Гемодиализди кээде жасалма бөйрөк деп коюшат. Бөйрөгү иштен чыккан бейтаптар бул ыкма аркылуу <link type="page"><caption> канды тазалатып турбаса</caption><url href="http://www.bbc.co.uk/kyrgyz/kyrgyzstan/2015/02/150203_kyrgyzstan_haemodialysis.shtml" platform="highweb"/></link>, адамдын организминде уулу калдыктар топтолуп кетет. Узак мөөнөт бою гемодиализге байланып жашоонун түйшүгү, кыйынчылыгы жана убарасы кандай?
Бул суроону 2005-жылдан бери бөйрөк оорусу менен алпурушуп келаткан, беш жыл мурда гемодиализ аппаратын колдоно баштаган, Бишкектеги жаңы конуштун биринин тургуну 33 жаштагы Рахат Сулаймановго жолдодук.
Рахат Сулайманов: Биринчиден, жашоодогу мүмкүнчүлүктөрүң өтө азаят экен. Үй-бүлөмдү, эки баламды багышым керек. Күн алыс аппаратка жатканыма байланыштуу жумушта да иштей албайм.
Алыс жерге бара албайсың. Өзүмдүн туугандарым ушул Кочкордо турат. Ал жакка көпкө баруу мүмкүн эмес. Барсаң бир күн барасың, экинчи күнү аппаратка жатууга туура келет.
Процедурадан бир күнү жакшы, бир күнү болсо жаман чыгасың. Кээде кан басымың өйдөлөп же ылдыйлап кетет. Көбүнчө аппараттан өтө начар абалда чыгабыз. Үйгө жетишиң да өтө кыйынчылыкты туудурат.
Кээ бир адамдарды бир туугандары, ата-энелери жетелеп жүргөн болот. Биз болсо, кудайга шүгүр, акырын барып келип, аппарат менен өмүр сүрүп жатабыз.
Би-Би-Си: Бир жумада канча жолу барып, канча саат отурасыз?
Рахат Сулайманов: Бир жумада үч жолу барып, төрт сааттан жатабыз. Чынын айтканда, беш жылдан бери ар кандай өзгөрүүлөр көп болуп жатат. Аппаратты колдонуу башка органдарга да таасирин тийгизет экен.
Жүрөк начарлап, көлөмү чоңоюп, согушунун күчү азаят экен. Мурда бөйрөгүбүздөн коркуп жүрсөк, азыр жүрөккө сарсанаа болуп жатам. Унутчаак боло баштайт экенсиң. Сөөктөрдүн оорусу да кыйынчылык туудуруп жатат.
Дарылар кымбат болгону менен алып жатабыз. Биз өзүбүз биринчи топтогу майып болуп эсептелебиз. Айына үч миң сом пенсия алам. Азыр бир эле дары беш миң сомго чыгышы мүмкүн. Андан аркы дарыларга, чынын айтканда, күчүбүз келбей жатат.
Би-Би-Си: Өзүңүз иштебесеңиз, дарыларга, ошол эле гемодиализге кеткен акчаны кантип табасыз?
Рахат Сулайманов: Ата-эне, бир тууган деген ушу экен да. Алар болбосо каякка бармакпыз. Элден айланса болот. Эл жардам берип жатат. Келинчегим мугалим болуп иштейт. Айлыгы өтө аз. Эки баламды бала бакчага берем.
Кудай деп, иши кылса күнүбүз өтүп жатат. Чынын айтканда, кудай өз күчү менен жардам берип жатат окшойт. Кээде акча кайдан табылып жатат деп өзүбүз деле таң калабыз. Келинчегим экөөбүздүн акчабызды кошкондо алты миң сом болот.
Батирдин акысына жеткиребиз. Шаарда үйүбүз жок, батирде турабыз. Чынында өтө эле оор акыбалдабыз.
Би-Би-Си: Кыргызстанда бөйрөк оорулуулардын негизги маселеси - бул аппараттардын жетишсиздиги жана ага кезек күтүү болуп жатат. Сиз кезекте күтүп калган учурларыңыз болду беле?
Рахат Сулайманов: Кезекке турганбыз. Өзүмдүн апам Кочкор районунда доктур болуп иштейт. Биздин башыбыздан бул азап буга чейин өткөн. Анткени 95-жылы биздин атабыз ушул дарт менен ооруп, гемодиализ аппаратына түшө албай калып, креатини көбөйүп каза болуп калган.
Атабыз ооругандан кийин апам биздин ден-соолугубузду бир сыйра карап, текшере келгенде менде оору аныкталган. Анан апам 2005-жылдан баштап кезекке тургузуп, 2009-жылдан баштап аппаратты колдоно баштадык.
Би-Би-Си: Рахмат. Сакайып кетишиңизге тилектешпиз!








