ЖККУ: Машыгуудан майнап чыгабы?

- Author, Руфат Эргешов
- Role, Бишкектик журналист
Кыргызстанда Токмок шаарында Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кирген өлкөлөрдүн аскердик тынчтык күчтөрүнүн биргелешкен аскердик машыгуулары башталды. "Бузулгус боордоштук" деп аталган аскердик машыгууларга катышуу үчүн Бишкекке Орусия, Казакстан, Беларус, Армения жана Тажикстандын аскердик күчтөрү келишти. Кыргызстандын аскердик жетекчилери Борбордук Азияда кырдаал курчуп бараткан шартта чек араларды террорчулардан коргоо үчүн аскердик күжүрмөн даярдыкты күчөтүү зарыл экенин билдиришүүдө.
Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна кирген өлкөлөрдүн куралдуу күчтөрүнүн Кыргызстандагы “Бузулгус боордоштук” машыгуусу төрт күн бою уланат. Машыгууга Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Беларус, Армения жана Тажикстандан 700гө жакын аскер катышууда.
Токмок шаарындагы “Ала-Тоо” полигонунда болгон машыгуунун расмий ачылышында ЖККУнун баш катчысы Николай Бордюжа Ооганстандагы кырдаалды эске алуу менен аймактагы коопсуздукту чыңдоо, туруктуулукту камсыз кылуу маселелери тууралуу сөз козгоду. Анын айтымында, Жаматтык коопсуздук келишим уюму тынчтык орнотуу операцияларына аралашат:
“Бүгүнкү өткөрүлүп жаткан аскердик машыгуу ар бир аскердин коопсуздукту камсыз кылууга даярдыгынын деңгээлин гана көрсөтпөстөн, Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө өлкөлөрдүн тынчтык күчтөрүнүн мыкты даярдыгын билдирет.
700гө жакын аскер бул машыгууда тынчтык орнотуу багытындагы маанилүү объекттерди коргоо, гуманитардык жүктөрдү кайтарууга алуу, тосмо бекеттерди бекемдөө, туткундарды куткаруу сяктуу мисалдарды көрсөтүшөт”, - деди Бордюжа.
Кыргызстан Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Асанбек Алымкожоев уюмга мүчө өлкөлөрдүн бирдиктүү машыгуусу Борбордук Азия өлкөлөрүнүн террордук күчтөрдөн коргонуу даярдыгын күчөтүү жагынан да маанилүү деди:
“Афганистандын эл аралык коопсуздук күчтөрү чыкса, Борбор Азиянын түштүк чек араларына коркунуч келет. Чек арачылар террорчулардан коргоо үчүн керек. Жамааттык коопсуздук келишими уюму эл аралык терроризмге жана экстремизмге, баңгизаттардын жана курал-жарактардын мыйзамсыз соодасына жана башка коркунучтарга бөгөт коюп, чукул кырдаалда тез аранын ичинде бириге алганга даяр турушу керек”.
ЖККУнун тышкы күчтөргө каршы туруу даярдыгы канчалык?
Чек ара демекчи, тышкы коркунучтардан биринчи эле Кыргызстан менен Тажикстандын чек араларынан жыл башынан бери чыр-чатак кете элек. Жер, жол, суу талаштын айынан чек арачылар атышып кетишүүдө. ЖККУнун баш катчысы Николай Бордюжа бул чыр-чатактарды эки тараптуу мамиледеги маселе деп белгилеп, ага үчүнчү күчтөр кийлигишпеши керек деп айтты.
Аскер эксперти, генерал Артур Медетбековдун айтымында, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун тышкы агрессиядан коргонууга болгон даярдыгы жетиштүү деп айтууга болбойт, ошондуктан мындай машыгуулардын мааниси чоң.

“ЖККУга мүчө өлкөлөр бири-бири менен болгон байланышты бекемдеп, аскердик техникаларды, ыкмаларды колдонуунун негизинде тышкы агрессияга каршы күрөшкөн биргелешкен механизмди ойлоп чыгуунун аракетин көрүп жатат. Мындан жакшы жыйынтык чыгат деп ишенем.
Эл аралык террористтик топтор Кыргызстанга Тажикстан аркылуу кирип келет деген сөз абдан чоң жаңылыштык. Эгерде ошондой күчтөр пайда болсо, кыргыз армиясынын алар менен эсептешүүгө күчү жетет”, - деди Медетбеков.
Жамааттык коопсуздук келишим уюму 1992-жылы 15-майда Ташкентте алты мамлекет – Армения, Казакстан, Орусия, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан тарабынан түзүлгөн. Кийин ага Азербайжан, Грузия, Белоруссия кошулган. Өзбекстан менен Азербайжан бул уюмдан кайра чыгып кеткен. 1999-жылы Грузиядан башкалары келишимди жаңырткан протоколго кол коюшкан.
Аталган уюмдун ишмердигинин негизги багыттары саясий-аскердик кызматташтык, тышкы агрессияга, анын ичинде эл аралык терроризмге жана экстремизмге, баңгизаттардын жана курал-жарактардын мыйзамсыз соодасына жана башка коркунучтарга каршы биргелешип күрөшүү болуп саналат.








