Дүйнөлүк банк Рогун ГЭСин куруу мүмкүн экенин айтууда

Сүрөттүн булагы, RIA Novosti
- Author, Ибраим Нуракун уулу
- Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматы
Рогун ГЭСи менен “Камбарата-1” ГЭСинин курулушу Борбор Азиядагы өкмөттөр үчүн эң курч суроолордун бири. Дүйнөлүк банк Тажикстандагы Рогун ГЭСинин курулушу эл аралык коопсуздукка коркунуч туудурбайт деген тыянакты сунуштоодо.
Банктын расмий сайтында жарыяланган <link type="page"><caption> документте</caption><url href="http://www.worldbank.org/content/dam/Worldbank/Event/ECA/central-asia/WB%20Rogun%20Key%20Issues_rus.pdf" platform="highweb"/></link> алдын ала иликтөөлөргө ылайык бул гидро электр энергия станциясын техникалык, экономикалык, экологиялык жана социалдык өңүттөрдөн алганда курууга мүмкүн деп айтылган. Билдирүү азырынча коомдук талкуу үчүн гана сунушталганы документтин башында белгиленген.
Аталган ГЭСти курууда көптөгөн коркунучтарды жана социалдык кесепеттерин жумшартуу муктаждыгы бар деп айтылат анда.
Ошону менен бирге билдирүүнүн авторлору Рогун ГЭСи эгер эл аралык келишимдердин бардыгы аткарылса, анда Тажикстанды электр энергия менен эле камсыз кылбастан, кургакчыл жылдары коңшу өлкөлөргө кошумча суу берүү аркылуу дагы пайдалуу болушу мүмкүн деп жазышкан.
Дүйнөлүк банктын бул билдирүүсүндө негизинен Рогун ГЭСин куруудагы оң жана терс жагдайларга баа берилген. Анда көз карандысыз эксперттер Тажикстанда Рогун ГЭСи курулбаса эмне болот? Ал эми курулуп калса, кандай иштейт? - деген суроолорго жооп издешкен.
Бул тосмо курулбай калса, анда Тажикстан энегетикалык кризистен чыга албайт, экономикасына жана социалдык абалына тескери таасир берет деп айтылган. Ал эми ГЭСтин курулушу дагы көптөгөн маселелер менен коштолуп турат делет анда. Мисалы, аймактагы элдерди көчүрүү, аларды жумуш менен камсыз кылуу, ошондой эле суу ресурстарын эл аралык келишимдерге ылайык пайдалануу сыяктуу суроолор көтөрүлгөн.
Эгер Тажикстан коңшу өлкөлөр менен сууну адилеттүү бөлүштүрүү жөнүндө мурдагы келишимдерди сактаса, анда Рогун бул өлкөнүн электр энергияга болгон муктаждыгын эле канааттандырбастан, кургакчылык күч алган жылдары коңшу өлкөлөргө кошумча сугат суу берүү менен дагы пайдалуу болмок деп айтылат ДБ алдын ала отчётунда.
Дүйнөдөгү эң бийик тосмо болушу күтүлүп жаткан Рогун ГЭСинин курулушу көп жылдардан бери Тажикстан жана ага коңшулаш жайгашкан өлкөлөрдүн ортосундагы талаш-талкууларды пайда кылып келүүдө. Айрыкча, Өзбек өкмөтү бул ГЭС курулчу болсо, анда аймактагы экологиялык жана экономикалык зыяндары абдан чоң болот деген көз карашты карманат.

Сүрөттүн булагы, b
Тажикстан менен Кыргызстан суунун жогору жагында жайгашкандыктан, төмөн жактагы Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан, Афганистан сыяктуу өлкөлөр андагы дайралардын үстүнө салынган ГЭСтердин курулушуна дыкат көз салып турушат.
Дүйнөлүк банктын билдирүүсү суу маселесине байланыштуу Борбор Азиядагы өкмөттөрдүн ортосундагы сүйлөшүүлөргө гана таасир бербестен, Тажикстандагы Рогун жана Кыргызстандагы “Камбарата” ГЭСтерин курууга инвестиция кылууну көздөгөн тараптарды дагы кызыктырышы ыктамал.
Кыргызстандагы суу-энергетика боюнча эксперт, мурдагы вице-премьер министр Базарбай Мамбетов Би-Би-Сиге <link type="page"><caption> маегинде</caption><url href="http://www.bbc.co.uk/kyrgyz/multimedia/2014/06/140626_iv_bazarbay_mambetov_on_rogun_kambarata.shtml" platform="highweb"/></link> эгер Дүйнөлүк банктын алдын ала билдирүүсү бекитилсе, анда бул Кыргызстандагы “Камбарата-1” ГЭСинин курулушуна дагы оң таасир берет деп айтты.
“Кыргызстан менен Тажикстан бул ГЭСтерди коңшуларынан уруксат сурабай эле курса болот. Бирок, көз карандысыз тараптын ГЭСти курууга болот деген тыянак чыгарып бергени курулуш иштерин ишенимдүү жүргүзүүгө жол ачмак. Өзбекстан буга чейин Дүйнөлүк банктын чечими керек деп айткан. Андай чечим чыкса, талаш-тартыштарга чекит коюлат. Эми Кырыгзстандын эксперттери дагы “Камбарата” боюнча Дүйнөлүк банктын тыянагын алууга аракет кылышы керек”, -деди ал.










