Кыргызстандагы сөз эркиндиги жана жоопкерчилик

Сүрөттүн булагы, b
Кыргызстанда маалымат жана басма сөз күнү белгиленип жатат. Өлкөнүн президенти Алмазбек Атамбаев журналисттердин кесиптик майрамы менен куттуктап жатып, сөз эркиндиги сакталышы керектигин ошол эле учурда жоопкерчиликти да унутпоо керектигин айтты.
Кыргызстанда сөз эркиндиги жана анын жоопкерчилиги туралуу талкуулар соңку учурларда катуу кызыды. Бийлик медиада такталбаган маалыматтарды жайылтуу көрүнүшү күч алганын айтса, медиа өкүлдөрү журналисттердин кесипкөйлүгүн арттыруу зарылдыгын белгилеп, көпчүлүк сын пикирлер менен макул эмес.
Бир топ жылдан бери журналистика тармагында эмгектенип келаткан Нурлан Адаев:

-Сөз эркиндигин журналисттин жоопкерчилиги катары сезем. Эң негизгиси коомчулук алдындагы жоопкерчилик. Соңку учурда журналисттер өзүнө өзү сын көз менен карап, маалымат таратканда ушак-айыңга жол койбоо аракетин көрүп жатканы байкалат. Быйылкы эле жылы өзгөчө кыргыз тилдүү гезиттерди барактаганда мурдагыдай жалган-чынды койгулаштырып жазылган материалдар аз чыкты деп айтат элем. Демек жоопкерчиликти сезип, маалыматты так берүү аракеттер бар.
Кыргыз парламентиндеги Социал демократтар фракциясы атайлап жалган жалаа таратканы үчүн журналисттерди кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча жакында эле мыйзам долбоорун сунуштап, көптөгөн сын-пикирлерден кийин мыйзамды артка чакыртып алганы бар. Эл аралык жана жергиликтүү медиа уюмдарынын баасында Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы жаман эмес. Ошол эле учурда кыргыз медиасын сөз эркиндигине доо кетирип, жоопкерчиликти унутуп калды деген сын-пикир такай коштоп жүрөт.

-Эркиндикке жетүүнүн эң башкы куралы, бул-сөз эркиндиги. Ошол сөз эркиндигине журналист өзү кесиптик деңгээли, чеберчилиги менен кандай мамиле жасады? Кеп ошондо болуп жатат,-дейт тилчи окумуштуу Каныбек Исаков.-Кыргызстанда сөз эркиндиги өтө кеңири кулач жайган. Бирок бизде азыр салабаттуу журналистикадан жеңил-желпи журналистикага ыктап баратканыбыз өкүндүрөт. Салабатуу журналистика деген бул аналитика. Эл-журттун кызыкчылыгын тутка катары кармап туруп, бүгүн мамлекет кептелген көйгөйлөр кайсы, ага тоскоолдук кылып жаткан көрүнүштөрдү, чыгуу жолдорун ачыктап, багыт берген гезит-журналдар өтө керек болуп турат.
Өлкөдөгү медианын негизги өксүгү азыркы учурда сбатсыздык жана кесипкөйлүктүн төмөндүгү деди-Исаков.
-Тилчи катары байкаганым биринчи эле бул сабатсыз жазылган макалалар. Маселени терең билбегендик, айрым журналисттердин дүйнө таанымынын өтө тардыгы, керек болсо айрым терминдердин, сөздөрдүн жазылышын билбегендиги. Өлкөнүн акыркы эле 10-15 жылдагы тарыхын окубагандыгы оркойуп көрүнүп турат. Бирок алар журналистмин деп материалдарды берип жатканда бул жакта туруп ыйлагың келет. Журналистканын кадырын ошолор түшүрүп жатат. Сен туура эмес кылып жатасың деп туура сөзүңү айтсаң, басылманын кийинки санынан өзүң жөнүндөгү ушак-айыңга толгон макаланы күтө бергин. Журналисттин өзүнүн абийири аны дайым тескеп, калыстыкты карманса анда журналистиканын кадыр-баркы да жогору болот.
Серепчилер кыргызстандагы басма сөздүн көпчүлүгү каржылык жактан көз каранды болуп каларын айтып келатышат. Бул абалда сөз эркиндиги ошол эле жерден буулат-дейт 20 жылдан бери журналисттик кесипти аркалап келаткан Гүлбара Кенжеева:
-Бир адамга көз каранды болсоң сөзсүз сөз эркиндигинин чеги ошол кызыкчылыктан ашып түшпөйт. Албетте мындай учурда тең салмактуу маалыматты жеткирүү аракеттери болот. Бирок баары бир орустар айткандай, “ким музыканы заказ кылса, ошол бийлейт” дегендей эле болуп калат. Мен журналисттерди дарыгерлерге окшоштурам. Дарыгерлер “зыян келтирбе” деген принципти карманышат. Журналист дагы коомго зыян келтирбей туруп, коомдогу илдеттерди дарылашы керек. Азыр кыргыз журналистикасына кандай сын-пикир айтылса да өнүгүүгө өр алды деп айтат элем. Жаш журналисттер чыгып жатат, өлкөдөгү, коомдогу көйгөйлөрдү алып чыгып, тескери көрүнүштөргө коомдук пикирлерди жаратып, изденип жатышат. Акырындап кемчиликтер кыркылып, чыныгы сөз эркиндигинин ээси болобуз деп ишенем.
Окмуштуу Каныбек Исаков кыргыз журналистикасына эл аралык стандарттардын келиши, ошого ыктаган учурларды жагымдуу жагдай катары мүнөздөдү:
-Сөз эркиндигиндеги жагымдуу жагдайлар да бар. Бул эл аралык журналистика. Кыргызстанда эгемендүүлүккө чейин эл аралык журналистика деген түшүнүк болгон эмес. Азыр ушул эл аралык журналистканын нормаларында, талаптарында кыргыз журналисттеринин бир топ мууну калыптанып калды. Эл аралык журналистканын талаптары кыргыз журналисткасында да колго алынышы керек. Маалыматтын бейтараптуулугу, маалыматтын аналитикалык түрдө берилиши, тең салмактуулук көрүнүштөрдүн азыр жасалып жатканы бул эми 20 жылдан берки сөз эркиндигинин алгачкы жемиштери деп айтсам болот. Бул эми татаал, узак жараян. Ушнтип барып, түзөлөбүз, өнүгөбүз деген үмүт бизди дайым ишендирип турат.
Серепчилер өлкөдөгү соңку 2010-жылдагы бийлик алмашуулардан кийин журналисттерге карата коркутуп-үркүтүү, кугунтуктоо көрүнүштөрү токтоп калганы байкалды деп баа берип жатышат. Апрель окуяларына чейин Кыргызстанда журналисттердин оор абалда сабалып, айрым учурда өлкөнү таштап чыгып кетүүгө аргасыз болгон учурлары катталган. Өзгөчө массалык митинг, нааразылык акциялары учурунда токмок жеп калган учурлар да кездешкен. Бул сыяктуу окуялар көп учурда журналисттердин өзүн-өзү чектөө, курч материадарды берүүдөн оолактоо сезимине дуушар кылганын айткандар бар.








