You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Бишкектин баш оорусу: быкшыган полигон, булганыч аба, дайыны жок миллиондор
- Author, Кубатбек Чекиров
- Role, Би-Би-Си кыргыз кызматынын редактору, Бишкек
Кыргызстандын баш калаасынын бийликтери санитардык полигондогу таштандыларды кайра иштетүүчү ишкананын курулушу боюнча чехиялык компаниялар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирүүдө. Бирок бул процесс канчага созулары белгисиз. Ал ортодо полигондон чыккан ыш менен түтүн бүт шаарга тарап, абаны булгап, элдин ден соолугуна зыян келтирүүдө. Ал эми Европа кайра куруу банкынан алынган миллиондордун баш-аягы табылбай турат.
"Эң чоң көйгөй"
Бишкек шаарынын чекесиндеги таштандылар үйүлгөн полигон жылдын кайсыл маалым болбосун күйүп турат. Анын сасык жыты менен түтүнү шамал менен бүт шаарга тарап, абаны булгайт.
Полигондун башчысы Нурлан Жумалиев Би-Би-Сиге полигондогу өрт азыр өчүрүлгөнүн билдирди, андагы таштандылар азыр быкшып күйүп жатат:
"Бардык дүйнөдө полигондор күйөт, биз өрт болбосун деп аракет кылып атабыз".
Бул көп жылдан бери чечилбеген көйгөй, шаардын чоң баш оорусу. Аларды рекультивация кылганга, сорттоо ишин колго алганга шаардын же акчасы жетпейт, акчасы жеткен күнү аракети жетпейт. Бирок эми муз ордунан козголду деп билдирген шаар мэри октябрдын ортосунда.
"Бир айдан бери Чехия менен сүйлөшүү жүргүзүп атам. 16 мектеп менен бала бакчаны бүткөндөн кийинки менин объектим таштандыны кайра иштетүүчү завод болот. Биз азыр карап атабыз, 22 млн жумшалып, долбоордун бир тобу жасалып калгандан кийин ушуну улантып эле таштандыны кайра иштетүүчү заводко алып келишибиз керек. Жаңы технологиялар өтө көп, мен бир канча Европа өлкөлөрүндө болуп келдим, Шаардын так борборунда турат таштанды өрттөчү дагы, кайра иштетүүчү дагы заводдору",-деген Эмилбек Абдыкадыров.
Полигондун башчысы чехиялык компаниянын өкүлдөрү келип, полигонду карап кетишкенин, алардын азыр сунушун күтүп жатышканын айтты. Сүйлөшүүлөр жалаң эле бул компания менен жүргөн жок, башка дагы чет элдик компаниялардын сунуштары каралып жаткандай. Бирок бул процесс дагы канчага созулат, айтыш кыйын. Мурдакы жетекчилер жети-сегиз жылда бүтүрө албаган ишти азыркы мэр кантип бүтүрөт?
"Мен контрактка кол коем, биз чечкиндүү кадам шилтебесек, коркуп отура берсек болбойт. Мына бул түтөгөн аба Бишкекке чейин барып атат. Жанындагы жаңы конуштарды карап көрүңүздөр, эмне деген аба менен дем алып атат",-деген Эмилбек Абдыкадыров.
Мэрдин планына караганда, эң биринчиден таштанды жайдын чекеси тосулууга тийиш. Экинчиден, видео камералар коюлмак. Канча таштанды кирди, ким эмне кылып атат, ошонун баары видеофиксация болуп турушу керек. Үчүнчүдөн быкшып күйүп аткан таштандылар өчүрүлүп, ал жерде рекультивация иштери жүрөт. Азыркы учурда эстониялык компания полигондун 33 гектарында рекультивация иштерин баштаганы айтылууда.
"Кырк гектар жерди колдон келсе сквер кылып коюшубуз керек. Жапжашыл сквер",-деген мэр Эмил Абдыкадыров.
Миллиондор кайда корогон?
Европа кайра куруу банкы Бишкектин санитардык полигонун ондогонго 22 миллион евро акча бөлгөнүнө бир топ жыл болду. Бирок бул акчанын эмнеге жумшалганын, эмне үчүн таштанды иштеткен завод курулбай келатканынын ынанымдуу жообу жок.
Жогорку Кенештин депутаттары дагы таштанды полигонунун жанында көчмө жыйындарды өткөрүп, каралган акчанын эсеп-чотун териштирип чыгышкан. Текшерүүчү органдар болсо иликтөө жүргүзгөн менен күнөөлүүлөрдүн куйругун таппай, эч кимди чекеге чертип коюша элек.
"Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы таштандыны рекультивациялоого жана жаңы полигон курууга 22 млн евро бөлгөн. Бирок, эч кандай жумуш жасалган эмес. Андыктан, маселенин чечилишине кедергисин тийгизген жагдайларды так белгилеп, күнөөлүүлөрдү да элге ачык айтуу керек",- деген депутаттык топтун башчысы Акылбек Түмөнбаев.
Миллиондогон евронун кайда коротулганын иликтеген депутаттык комиссиянын төрагасы Мирлан Самыйкожо да олуттуу мыйзам бузуулар бар экенин айтып келатат:
"Миллиондордун так эсеби жок. Соттук териштирүүлөр жүрүп, аягына чыга элек. Беш кылмыш иши ачылган. Мурдакы мэр (Албек Ибраимов) издөөдө экен".
Депутаттар кезектеги жыйында миллиондордун изи боюнча Башкы прокуратуранын маалыматы болот деп күтүп жатышат. Депутаттык топтун жыйыны ушул жумада болору күтүлүүдө.
"Рак ооруларына алып келүүдө"
Полигондун экологияга, адамдардын ден-соолугуна канчалык зыян алып келип жатканы изилденген маселе эмес. Бирок андан чыккан ыш бүт Бишкекке тарап абаны булгап жатканынын өзү эле чоң коркунуч деп айтылууда.
"Өрттөгөндө шамал менен айдалып, бул жакка келет да. Бул жөн эле ыш эмес. Анда канчалаган зыяндуу нерселер бар. Биздин организмибизге түздөн түз кесепети тийип жатат. Ар кандай рак ооруларына алып келет экен",-дейт Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев.
Шаардагы ооруканалардан чыккан медициналык калдыктардын баары аралашып, инфекциянын баары ушул жакка келет. Бул жактан ошол инфекцияны автоунаалар кайра шаарга ташыйт. Натыйжада шаарга оору жайылууда, ага бөгөт коюу боюнча эч аракет жок.
Окуучунун демилгеси
Шаарды булгап жаткан таштанды полигону эч кимди кайдыгер калтырбаган көйгөй. Депутатпы, кызматкерди же жумушчубу, баары бул маселени чечүүнү талап кылып, кулак түрүп турушат.
Ал эми Калыс-Ордо жаңы конушунун окуучусу Сауле Нарынбаева бул маселени 14-ноябрда Жогорку Кеңешке келип көтөргөнүн парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
"Борборубуздун түндүк тарабында жайгашкан таштанды төгүүчү жай көп жылдан бери ошол аймактагы конуш тургундарынын саламаттыгына коркунуч туудуруп келет. Айрыкча, Калыс-Ордо конушунун жашоочусу катары көйгөйдүн кесепети өтө кооптуу экенин жакшы билем. Анткени, дүкөнгө 5-10 минут барып келгенче эле, кийимибиз ыш жыттанып калат. Андыктан түтүнү токтобогон полигонго көңүл буруп, таштандыны кайра иштетүүчү ишкананы тездетип куруубуз кажет",- деди Сауле.
Аталган окуучу экологиялык маселелерди активдүү көтөрүп келатканы үчүн Түркияда өтө турган Бүткүл дүйнөлүк Балдар күнүнө арналган иш-чарага чакыруу алган.
Ышталган Бишкек
Таштандылар - дүйнөдөгү абасы эң булганыч жети шаардын ичине кирген Бишкектин экологиясын бузган бир эле себеп эмес, андан башка дагы көйгөй көп.
Шаарды суук түшкөндө кыш менен кошо ыш каптайт. Четтен туруп караганда шаар бүтүндөй ышка чулганып калат. Таштандылар - абаны булгаган себептердин бирөө эле.