“Кылы да кыйшайбайт”: Мал-жандыкка салык салуунун кезеги келдиби?

    • Author, Кубатбек Чекиров
    • Role, Би-Би-Си кыргыз кызматынын редактору, Бишкек

Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутатынын мал-жандыкка салык киргизүү боюнча сунушу кызуу талкууга жем таштады. Ансыз деле каатчылык менен кымбатчылыктан жаны кейип турган адамдар депутатты элди ойлобогон адам катары сынга алып жатканда жайыттын сапатын ойлоп, колдоого алгандар да болууда.

Депутат Жеңишбек Токторбаев Жогорку Кеңештеги киргизген сунушу боюнча өзүнүн фейсбуктагы баракчасынан дагы түшүндүрмө берди:

"Мамлекетибиз тоолуу өрөөндө жайгашкан агрардык мамлекет болуп эсептелет. Ата-бабаларыбыздан бери мал-жандык кармап, баарыбыз мал багып чоңойгонбуз. Бүгүнкү күнү республикабыздын аймагында 1 000 - 2 000 кой, жүздөгөн жылкы жана уйлары бар бай адамдар көп. Мен салыкты аталган мал-жандыгы көп, бай адамдарга киргизүүнү сунуштагам (Эгер 1 койго 1 жылда 100 сом салык болсо, аны 12 айга бөлгөндө, айына 8 сом 33 тыйындан айланат). 1 000 - 2 000 кою бар бай адамдар 1 тыйын салык төлөшпөйт. Жайытта байлардын малынын көптүгүнөн улам мурункудай жапжашыл болуп, бийик өсүп турган чөп азыр жок. Жайыттар такыр болуп, жылдан-жылга чөптүн түрү дагы азайып жатат. Карапайым 40-50 кою, 5 ую, 5 жылкысы бар жарандарга бул салык жайылтылбайт. Алар мурдагыдай эле жайыт акысын төлөй беришет».

Аталган депутат мал-жандыкка салык киргизүү эртеби-кечпи көтөрүлө турган реалдуу маселе болчу дейт.

«Бул маселени буга чейин эч ким көтөргүсү келген эмес, анткени элге, шайлоочуларына жаман көрүнүүдөн коркушкан. Эгер бул салыкты эл колдосо, жер салыгынан жана байлардын мал-жандыктарынын салыгынан айыл өкмөттүн бюджетине көбүрөөк каражат түшүп, ошол айыл өкмөттөгү дыйкандарды колдоого, жерди азыктандырууга, мектептерди, бала бакчаларды, жолдорду курууга, суу чыгарууга, айыл өкмөттөрүн жарыктандырууга жумшалып, айылдагы элдин жашоо турмушунун мындан дагы өйдөлөшүнө шарт түзөт».

Депутаттын сунушу дароо эле соцтармакта эң көп талкууланган темалардын бири болуп калды. Бир даары бул сунушту колдоп, жайыттар такырайып, экология бузулуп жатат десе, экинчи тарабы азыркы каатчылык менен кымбатчылыкта орунсуз деп сынга алышууда.

"Карапайым элде мал көп болсо, ал малды мамлекет алып берип жатабы, же силер депутаттар алып берип жатасынарбы. Ал малды кантип көбөйттү деп ой жүгүртүп көргүлчөчү. Күндүн ысык, суугуна чыдап ар бир керектүүсүнөн экономдоп көбөйтүп жатса. Окуу сезонунда балдарын көрбөй. Мал азабы - көр азабы деп бекеринен айтылбайт. Андан көрө силерге окшогон элди соро турган закон чыгарган депутаттарга налог салыш керек",-деп жазды фейсбукта Наргиза Жолдошбекова.

Ошол эле убакта бул теманы тамашага чалып, мыскылдап жазгандар да болууда.

"Макул мал, кой, жылкыларга салык төлөйлү дейли. Анан жашы жете элек козу, торпок, кулундарга мамлекет тарабынан пособие берилет бекен? Кичине жеңилдиктер болот бекен, оорукчан (касалдап) жандыктарга за инвалидность төлөнсө, андан да жакшы болмок",-деди Жалал-Абаддан Медер Калбаев.

Кыргызстанда тогуз миллион гектар жайыт бар. Аны пайдалангандар мамлекетке өзүнчө акы төлөйт. Өткөн жылы жайыттарды пайдалануудан 139 миллион сом каражат жыйналган. Аны жайыт комитеттери чогултуп, жайыттарды карап турат.

Бирок бул акча канчалык максаттуу жумшалып жатат деген чоң суроо бар. Ошол эле убакта жайыт комитеттери жакшы иштебей, токтоп калган фактылар да бар. Ошондуктан өкмөт жайыттарды башкарууну өз колуна алгысы келип атат.

Кыргызстанда мал баккандар ансыз деле аны жайган жайыттарга салык төлөп жатканда мал-жанга салык салуу кош кабат салык болуп калбайбы деген да жүйөлүү суроо чыгууда.

Депутаттын мал-жанга салык киргизүү жөнүндө сунушу канчалык орундуу деген суроо менен айыл жана мал чарбасын жакшы билген адис, Нарын областынын мурдагы губернатору Кемел Ашыралиевге кайрылдык.

«Мал азыр көбөйдү, кымбаттады. Ошол малдан түшкөн салыкты ошол малды өстүрүүгө жумшоо керек. Ошол мал бага турган кишилерге шарт түзүп, көпүрө салып берип, жол салып берип, алыскы жайыттарды өздөштүргөнгө жумшаса, анча-мынча чындыгы бар мунун. Эми ойлоп көргүлө, уй орточо алганда 60 миң-70 миң сом болуп калды. Жылкы 80 миң-100 миң болуп калды. Кой 12 миң болду. 70 миң турган уйдун 0,1 % 70 сом болот. Ошону садага катары жылына бир жолу төлөп койсо, андан кылы да кыйшайбайт чабандын",-деди Би-Би-Сиге Кемел Ашыралиев.

Айыл чарба министрлиги 2021-жылдын аягына карата Кыргызстанда 628 миң баш ири мүйүздүү мал жана 109 миң баш жылкы каттоодон өткөнүн билдирген.

Кой менен эчки саны 6 миллиондон ашат. Ошондой эле 29,5 миң чочко багылат.