Кыргыз-тажик эрегишине Астанадан арга болобу?

Сүрөттүн булагы, DOSALIEV SULTAN
Астанада бүгүн Россия, Кыргызстан жана Тажикстандын президенттери өзүнчө жолугуп сүйлөшкөн жатат. Бул сүйлөшүү Путиндин демилгеси менен болмокчу. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында куралдуу кагылышуу кайра-кайра болуп, кан төгүлүп, эки өлкөнүн бийликтери бири-бирин агрессияга айыптап жатканда, орус президенти четте турганына көп сын айтылып жаткан.
"Биргелешкен жолугушуу Россиянын лидери Владимир Путиндин демилгеси менен уюштурулду. Ал Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселелерин чечүүгө колдоо көрсөтүүгө даяр", - деп кабарлады кыргыз президентинин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев.
12-14-октябрда Астанада эл аралык жолугушуулар убагында лидерлер Азия регионундагы коопсуздукту, КМШдагы соода-экономикалык кызматташтыкты жана "Борбордук Азия-Россия" форматында биргелешкен иш-аракеттерди карап талкуулашат.
Бул расмий Бишкек менен Дүйшөмбү бири-бирин куралдуу агрессияга айыптап, дипломатиялык кайым айтышып, ал эми Путин Рахмонду региондогу коопсуздукту камсыз кылганы үчүн деп орден менен сыйлап, ал эми буга таң калган Кыргызстан ЖККУнун аскердик машыгууларын өткөрбөй койгон учурда болгон жатат. Садыр Жапаров Путиндин 70 жылдык мааракесине арналып Санкт-Петербургдагы өткөн саммитке барган эмес.
Путиндин чечими, албетте, кыргыз элине да, бийлигине да катуу тийди. Ошондуктан Тышкы иштер министрлигинин өкүлү "Сыйлык күнөөлүүнү тапты" деп билдирүү жасап отурат. Ал эми ЖККУнун "Бузулгус боордоштук" деп аталган аскердик машыгуулары кыргыз элинин кулагына шылдың болуп угулууда. Чек арадагы чабылган айылдары менен балдарын, жакындарын жоготкон үй-бүлөлөр сыздап отурганда, ошондой кандуу тополоң жасаган коңшу өлкөнүн аскери менен Кыргызстан кантип машыгуу өткөрмөк эле.
Сентябрдын ортосунда кыргыз-тажик чек арасында болгон согушта кыргыз тараптан 63 адам курман болуп, 200гө жакыны жарадар. Тажикстан расмий түрдө 41 адам жоготуу болгонун билдирди. Бирок тажик президенти адам курмандыктарына кайгырып, элине көңүл да айтып койгон эмес.

Сүрөттүн булагы, VYACHESLAV OSELEDKO
Айрым эксперттер кыргыз-тажик жаңжалында Путин кыргыздарга караганда Рахмондун таламын талашат деп, ага бир катар жүйөлөрдү келтирүүдө. Эгер бул билдирүүлөр кайсы бир деңгээлде негиздүү болсо, анда Кыргызстанда стратегиялык өнөк болуп саналган Кремлдин саясатына кыргыз коомунда болгон ишенимге оңбогондой доо кетет, бул Путиндин дагы, аны менен союздаш болуп жаткан кыргыз бийлигинин да кадырын түшүрөт. Ошондуктан Садыр Жапаров үчүн алдыдагы жолугушуулар, сүйлөшүүлөр абдан маанилүү. Ал орус президентине өзүнүн жүйөсүн айтып, коңшу өлкөнүн күпүлдөгөн лидеринин тизгинин тарттырып кое албаса, анда кыйын болот.
Экинчи жагынан кыргыз-тажик жаңжалына үчүнчү өлкөнү ашыкча кийлигиштирип алууда да сак болушу керек. Анткени көп жылдан бери чечилбей келаткан кыргыз-тажик чек арасындагы талаштуу жерлерди тактоого Россиянын ортомчу кылуу керек деп келаткан саясатчылар бар.

Сүрөттүн булагы, KREMLIN.RU
Кыргызстандын Тажикстандагы мурдагы элчиси Мирослав Ниязов Би-Би-Сиге берген маегинде мындай кадамдын зарылдыгына өзүнүн жүйөлөрүн айткан:
"Москваны чакырып, алар жардам берсе кризистен чыгып кетербиз. Анткени, биз өзүбүз чече албай атпайбызбы. Россия ортомчу болушу керек. Анткени, чек ара боюнча документтер Россияда. Алардын архивдеринде көптөгөн-көптөгөн материалдар бар. Бул менин жеке оюм. Ортомчуну албасак болбойт. Өзүбүз чече албайбыз эки мамлекет. Бул оркоюп көрүнүп калды".
Бирок буга да таптакыр каршы болуп жаткан экинчи тарап бар. Чек ара чатагын жөндөөгө башка өлкөлөрдү ортомчу кылуу жөнүндө маселе мурда-кийин талкууланып келген. Атап айтканда, Орусияны, Казакстанды чакырып, БУУнун өкүлдөрүн ортого алып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө убагында сөз болгон. Бирок Кыргызстан убагында бул сунушту четке каккан эле.
"Чек араны эки эле мамлекет чечиш керек, бирөөгө кийин доомат кылбагандай кылып. Бир тарап дагы эч качан ыраазы болбойт экен ортомчунун чечимине. Ошондуктан кандайдыр бир тараптарды аралаштырыш туура эмес",-деген эле Би-Би-Сиге Кыргызстандын чек араны тактоо боюнча өкмөттүк комиссиясынын мурунку башчысы Саламат Аламанов.
Кыргызстан дагы, Тажикстан дагы Кремль башкарган Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө. Бирок ЖККУ дагы ооз учунан тынчтыкка үндөгөн менен Дүйшөмбүнүн агрессиясын токтотуп койбоду деген нааразылык кыргыз коомунда чоң. Ошондуктан чек арадагы коркунучту токтотуп кала албаган, кереги жок уюм катары ЖККУнун курамына чыгууга чакырган талаптар барган сайын күчөп баратат.
Кыргыз-тажик чек арасында кайра-кайра кайталанып аткан куралдуу кагылышуулардын бир себеби чек арадагы талашуу жерлерди чечүүнүн оор болуп жатканында эле эмес, ошол көйгөйдүн геосаясий кызыкчылыкта колдонулуп жатканында деген пикир айткан эксперттер болууда. Москва башкарган аскердик блоктун пассивдүү позициясынын да себеби ушул жакта, дейт Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Алик Орозов:
"Негизи ЖККУ өзүнүн ичинде ушундай чыр-чатак чыкканда өзү басып коюш керек. Кезексиз саммит чакырып маселени чукул карап, чара көрүш керек эле, бир блоктогу союздаш өлкөлөр чабышып атат. Алар Рахмонго болушат, ошон үчүн карап турат. Рахмон ошондон пайдаланып атат. Мындай болушу керек эмес. Биз ЖККУда калганга аргасызбыз. Кыргызстан качан жардам сураганда алардын аскери кирет. Бул саясат. Аскердик каражаттар менен саясий оюн болуп атат. Беш миң жылдан бери болуп жаткан принцип, бөлүп-жарып анан башкар деген. Бири менен бирин согуштурат, анан келип тартип орнотот".
Бир эле учурда жарандык активисттер Тажикстандын чек арадагы кайра-кайра кайталанган агрессиясына далил болчу маалыматтарды топтоп, эл аралык сотторго арыз берип, ошол жактан акыйкаттык үмүт этип турушат.








