Би-Би-Си Кыргыз кызматына 25 жыл

Би-Би-Си Кыргыз кызматы 25 жылдык мааракесин "Сапар" телепрограммасынын узартылган атайын чыгарылышы менен белгилейт. КТРКнын студиясында тартылган 90 мүнөттүк майрамдык чыгарылышта коомдук жана саясий ишмерлер, журналисттер, ошондой эле ырчылар, бийчилер чогулду.

Программа 3-июнда Бишкек убактысы боюнча саат 22.15те КТРКдан, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын сайтынан жана YouTube каналынан көрсөтүлөт.

Би-Би-Си Кыргыз кызматы 1996-ж. 3-июнда алгач обого чыккандан бери Кыргызстандагы апталык аудиториясын 3 миллион кишиге жеткире алды. Ишенимдүү контентин учурда вебсайт, социалдык медиалар жана ТВ аркылуу жеткирүүдө. Жакынкы мезгилде өзүнүн радиоберүүлөрүнүн көөнөрбөс архивин "Радио китеп" программасы менен чогуу подкаст платформасына өткөрүүнү пландаштырууда.

"Бул фантастикалык жетишкендик жана көп жылдар боюу берилип иштегендиктин, чыгармачылыктын жана инновациялардын үзүрү. Би-Би-Си Кыргыз кызматы Дүйнөлүк Кызматтын маңызын мыкты билет - дүйнөнү Кыргызстанга, Кыргызстанды дүйнөгө так, калыс жана кызыктуу мазмун аркылуу таанытат",-деди Би-Би-Си Кыргыз кызматын 25 жылдык мааракеси менен куттуктоо сөзүндө Би-Би-Синин башкы директору, Тим Дейв мырза.

Би-Би-Си Кыргыз кызматына берген эксклюзивдүү маегинде, КР президенти Садыр Жапаров Би-Би-Синин көп жылдан берки угуучусу экенин жана эл аралык жаңылыктарды Би-Би-Си Кыргыз кызматынын теле жаңылыктарынан көрөрүн белгилеп, "түрмөдө жатканымда жана эң жакын кишилеримди жоготкон учурда менин үй-бүлөмө жакын келгенден, ал акыбалымды сурагандан коркпогон жалгыз медиа Би-Би-Си болду" деп айтты.

Кыргыз телерадио корпорациясы менен болгон 25 жылдык кызматташуубуз кыйын кезеңдерде сыналып, улам бекемдеп келет. Бүгүнкү күндө Би-Би-Си Кыргыз кызматынын жаңылыктары жана эл аралык программалары FM жыштыктарында, Би-Би-Синин 15 мүнөттүк кечки теле жаңылыктарын дүйшөмбү жана жума күндөрү, ошондой эле ай сайын чыгуучу "Сапар" документалдык программасы КТРК каналдары аркылуу таркатылат.