"Баламды шаардан окутам дегендер көбөйдү": чек арадагы мектептерди чырмаган санаа

    • Author, Айбек Абдылдаев
    • Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматы

Коронавирус пандемиясынан улам Кыргызстандагы орто мектептер быйылкы "Акыркы коңгуроо" салтанатын онлайн өткөрдү. Өлкө боюнча 11-классты 61 546 өспүрүм аяктап жатат.

Баткендин Ак-Сай айылындагы Б.Ходжаев атындагы орто мектептин директору Айзатбүбү Акылбекова бүтүрүүчүлөр менен "Акыркы коңгуроо" салтанатын онлайн режимде өткөрдү.

"Чек арадагы жаңжалдан бери мектепке чогула элекпиз. Өзүңөр билгендей биздин мектепке ок атылып, бир топ жабыр тартты. Ошондон бери өзүбүзгө толук келе элекпиз. Бүгүн балдардын маанайы жакшы экен. Бүтүрүүчүлөр ата-энелеринин кашында, онлайн аркылуу жыйын өткөрдүк. Быйыл бизден он алты окуучу бүтүп жатат",-деди деректир.

Ак-Сай - Тажикстандын Ворух анклавы менен чектеш жайгашкан айыл. Кыргыз-тажик чек арасындагы чыңалуу, тирештин көбү ушул аймакка мүнөздүү.

"Чек ара чатактары чоңдор эле эмес, балдардын дагы жүрөгүнүн үшүн алды. Акыркы окуядан кийин баласын башка жакта окутам деген ата-энелер көбөйдү окшойт. Анткени балдарын чоң-ата, чоң энесине таштап, өздөрү шаарда иштеп жүргөндөр бар. Өткөн жылдагы жаңжалдан кийин 47 окуучу мектептен кеткен. Алар көбүнчө башталгыч класстын окуучулары эле. Эми канча бала кетерин күзүндө билебиз да",-дейт А. Акылбекова.

Ворухка бара турган жол Кыргызстандын Ак-Сай айылы аркылуу өтөт. Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдардын дээрлик көбү ушул аймактарда тутанат. 29-апрелдеги негизги тиреш болгон Баткен районундагы суу бөлүштүрүүчү жай дагы Ак-Сайга жакын жерде. Суу бөлүштүрүүчү жайда башталган куралдуу тиреш кечке жуук тараптардын сүйлөшүүсү менен токтогон. Бирок Тажикстан макулдашуудан кийин ок атып, Лейлектин Борбордук, Арка, Интернационал, Жаштык, Максат айылдарына дүрбөлөң салды. Элди карай миномёттон ок жаадырышканда 6-класстын окуучусу Мадинага ок жаңылган. Бул үрөй учурган окуядан кийин мектеп окуучуларына психологиялык жардам көрсөтүлүүдө. Бирок ал деле жеткиликтүү болбой жаткандай.

"11-класстын окуучулары үчүн тездетилген курстарды даярдап, ата-энелери менен сүйлөшүп койгон элек. Алардын алдында бир эле маселе бар эле - ЖТР жана окуусу. Азыр эми алардын көйгөйү башка болуп калды. Бул жерде кантип жашайбыз деген маселе. Аялдар ошентип сүйлөшүп калса, дем күч берип жатам. Биз качып кетсек, чек арада ким калат дейм. Жакшы жагына чечилип калат деп айтып жатам",-дейт "Интернационал" айылындагы мектептин директору Гулнара Исакова.

Эки апта мурун Мадина окуган мектепте болдук. Мектепте анын сүрөтү илинип, эскерүү тактасы коюлган. Дароо көзгө урунганы Мадина өзү тарткан сүрөттөр.

"Класска кирген сайын жоктоп жатам. Окуучулардын арасында кирип келе жаткандай болот. Акыркы жолу менден уруксат сурап чуркап кеткени көз алдымда турат. Балдар абдан жаман абалда. Психологдор ар бири менен сүйлөшүп, жардам көрсөтүштү",-деди Мадинанын класс жетекчиси Мумина Токтобаева көзүнө жаш алып.

"Чек арадагы айылга келип иштейм деген мугалим деле жок болсо керек. Ошондуктан кыздарым кандай билим алып жатканы мени тынчсыздандырат. Үйдөн сурап калам, эмне үйрөндүңөр, эмне окудуңар деп. Эми биз балдарыбызды башка жакта окута албайбыз. Ушул жерде жашап, ушул мектепте окутабыз. Өкмөт ушул жагына бир аз көңүл буруп турса деген өтүнүчүм бар",-деди Максат айылынын тургуну Алмаз.

Лейлектин Максат айылындагы мектепте 200дөн ашуун окуучу бар. Жыйырмадан ашуун агартуучу эмгектенет.

ЮНИСЕФ тарабынан чек арадагы тажик-кыргыз мектеп окуучулары үчүн буга чейин бир нече долбоор иштеп, биргелешкен достук фестивалдары өткөрүлүп келген. Акыркы жаңжал эки тараптагы балдар үчүн тең катуу сокку болду окшойт.

Чек арадагы куралдуу тиреште ок атууга кабылган Лейлектин Максат айлындагы, Баткендин Ак-Сай айылындагы мектептерди кыргыз бийлиги калыбына келтирүүгө киришти. Бирок балдардын жүрөгүндө калган такты жана кооптонууну, тынчсызданууну жоюу көп убакытты талап кылчудай.