You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Жашоого коопсуз көчөлөр": БУУнун жол коопсуздугу боюнча глобалдык жумалыгы
Дүйнөдө БУУнун жол коопсуздугу боюнча глобалдык жумалыгы өтүп жатат. Бул жылы жумалыктын темасы мектеп жана окуу жайлардын жанында ылдамдыкты 30 кмге азайтуу чакырыгы алдында өтүүдө. Бул глобалдык жумалыктан Кыргызстанда четте калган жок.
Бишкекте чоң көчөлөрдүн боюнда жайгашкан мектептер көп. Алардын жанынан окуучу балдарды кырсык тооруган учурлар да көп. Адатта, мектептердин жанында "Абайлагыла, балдар" деген эскертүү белгилери коюлган, ылдамдыкты чектеген башка да тоскоолдуктар бар. Бирок аларга карабай, адыраңдап айнаган ээнбаш айдоочулар балдарга коркунуч түзгөн учурлар да тыйылбай жатат. Ошондуктан мектеп жана башка окуу жайлардын жанында ылдамдыкты 30 кмден ашырбай жүрүү коопсуздук үчүн маанилүү дешет.
Глобалдык демилгени Кыргызстанда биринчилерден болуп колдогондордун бири ЖКнын депутаты Наталья Никитенко:
"Окуу жайлардын, мектептердин жана бала бакчалардын жанында ылдамдыкты саатына 30 км ге чейин азайтуу баарылап колдоого ала турган керектүү чара. Бул биздин көптөгөн кичинекей жарандардын, балдарыбыздын өмүрүн, саламаттыгын сактап калат. Ылдамдыкты 40 км чейин азайтуу, тилекке каршы, ээнбаш айдоочуларды токтото албай жатат".
Кыргызстанды жол кырсыктарынын статистикасы боюнча Европадагы өлкөлөрдүн тобуна кошуп эсептеп жүрүшөт. Европа боюнча алганда Кыргызстан алдыңкы орундан түшпөй келатат.
"Мектеп жайгашкан райондо балдар жол кырсыгына кабылган учурлар абдан эле көп. Бүгүнкү эле иш чараны алалы. Бишкектин ортосундагы №5 мектепке бардык. Анын жанындагы чон жолдо "лежачий полицейский" бар. Анын жанына бир фура келип токтоп, эки саат турду. Ал ортодо башка айдоочулар жолду жакшы көрбөй, канчалаган балдардын жолдон өтүшү кооптуу болду. Машиналар кичинекей балдарды качырып келип токтоп атышты",- дейт "Жол коопсуздугу" бирикмесинин жетекчиси Чынара Касмамбетова.
Жол кырсыктарынын башкы себеби айдоочулардын маданияты менен жоопкерчилигинин төмөндүгүндө. Жол сапаты, автоунаалардын техникалык абалы андан кийинки себептер. Жол кырсыктарынын 80% айдоочулардын күнөөсү менен болот. Бишкекте эки күн мурда жөө адамдар өтө турган жерден велосипед минген кызды койдуруп кеткен айдоочунун мисалы мунун айкын мисалы. Анын он жыл мурда машинасын каршы тилке менен айдап, башка унаа менен кагышып, үч адамды өлтүрүп алганын коомчулук дароо эстеди. Атасы чоң кызматта тургандыктан жоопкерчиликтен кутулуп кеткен эле. Чоң кызматка жамынып, ээнбаш айдоочуларды калкалоо токтобой жатканы социалдык медиада өзүнчө курч талкууга алынды.
2012-13-жылдары Кыргызстанда жол кырсыктарынын саны эң көп болуп, бир жылда жол кырсыгынан болгон өлүм-житим миң адамдан ашкан эле. Андан бери жол коопсуздугун жакшыртуу боюнча өкмөт тарабынан бир топ аракет болду, Бишкек, Ош шаарларына "Акылдуу шаар" долбоорунун алкагында көп камералар коюлуп, эреже бузгандарга штрафдардын өлчөмү чоңойтулду. Ошол себептүү, азыр жол кырсыгынан болгон өлүм-житим 2013-жылга салыштырганда эки эсе азайып, бир жылга көрсөткүч 500 тегерегинде болуп калды. Бирок дагы эле ээнбаштык менен шалаакылыктын тизгини тартылбай жатат.