You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
УКМК төрагасы жерди алмашууга каршы чыккандар менен жолукту
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ош облусунун Кара-Суу районундагы Савай айыл өкмөтүнө келип, жергиликтүү тургундар менен жолукту.
Аталган аймакта эки-үч күндөн бери "Кемпир-Абад" суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жердин Өзбекстанга алмаштырууга каршы митинг өтүүдө. Ынтымак айылынан 50дөн ашуун тургуну мөөнөтсүз акция баштаганын айтып, боз үй тиккен. Алар УКМК төрагасы К.Ташиевдин келишин талап кылды. Ынтымак суу сактагычка эң жакын айылдардын бири. Нааразылык билдирген тургундар жерди берүүгө карaманча каршыбыз деп жатышат.
"Өзбекстанга 1956-жылы өткөрүп жиберген жерлер бар экен. Колхоз-колхоз, совхоз-совхоз кылып өткөрүп жиберген жерлер бар экен. Бул эми биздин күнөөбүз эмес, өткөн турмуштун күнөөсү. Эми ошону кайтарышыбыз керек болуп жатат. Ошону кайтаруу үчүн жан үрөп аракетибизди кылдык. Мындай ыңгайлуу, пайдалуу келишимге ушуга чейин эч ким жетише алган эмес",-деди К.Ташиев.
"Элүү эмес 20 гектар жерди айтып көрөйүн",-деди Ташиев. Бул үчүн кайра сүйлөшүп, жалпы протоколдун бузулуп кетпешине аракет кылалы деди УКМК төрагасы айыл тургундарына.
24-25-мартта Ташкентке Кыргызстандын УКМК төрагасы К.Ташиев баштаган делегация чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча кезектеги сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча өкмөттүк делегациянын соңку сүйлөшүүлөрүнөн кийин "чек ара маселеси 100%" чечилгени кабарланды. Бирок сүйлөшүү тыянактары кыргыз коомунда курч талкууларга жем таштап, ар кандай чечмеленүүдө. Буга чейин өкмөт жер-жерлерде чек ара сүйлөшүүлөрү боюнча элге түшүндүрүп, жолугушууларды өткөргөн.
Жогоруда сөз болуп жаткан 50 гектар тууралуу К.Ташиев 30-мартта Өзгөндө өткөн эл менен жолугушууда айткан эле.
"Ачык эле айтайын, жанагы плотинанын эң аягында, башында 50 гектар жерди булар сурашты. Ошол плотинаны барып тейлей турган жол бар экен. Мен чынын айтканда барып көргөн жокмун. Биздин Мамлекеттик каттоо кызматындагылар айтышты. Анан плотинанын бир учу биздин жерге жайгашып калган экен. Мындай ылдыйды караганда, сол тарабынын бир учу биздин жерге жайгашып калган экен. Ошол жерден булар 100 гектар жер сурады эле, мен башында чынын айтканда анча-мынча билбей туруп эле ал жерди болуптур деп коюпмун. Кийин балдар айтып келишти, мына Бактыбек Болжурович айтты, Мамлекеттик каттоо кызматындагылар айтты,"100 гектарды берсек болбой калат, ал жерде биздин чек ара заставабыз, жолубуз бар, башкабыз бар деп, 50 гектар берсек жетишет" деп айтып келишти. Болуптур деп 50 гектар жерди бердик",-деген К.Ташиев.