You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Ирандан соода жолун издеген кыргыз ишкерлери
Президент Садыр Жапаров Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зарифти кабыл алды.
"Саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча пикир алмашуу болду",-деп жазды президенттин расмий сайты.
"Кыргызстандын экономикасына инвестиция салууну каалаган ирандык чакан жана орто бизнес өкүлдөрү үчүн биздин эшик ар дайым ачык. Учурда биз чет элдик инвесторлорго жагымдуу шарттарды түзүү үчүн көп аракеттерди жасап жатабыз. Инвесторлорго болгон мамиле мындан ары өзгөчө болоорун баса белгилеп кетким келет», - деген президент Жапаров.
Жол жана транзиттик потенциал чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүнү эң жогорку артыкчылык деп атаган Мохаммад Жавад Зариф кыргыз тараптын экономиканын ар кыл тармактарына - айыл чарба, фармацевтика, гидроэнергетика жана жол инфратүзүмүн өнүктүрүүгө каражат салууга даяр ирандык инвесторлорду тартуу ниетин кубаттаган.
Кыргызстандык ишкерлер чет өлкөгө жүк чыгаруу үчүн Казакстанга көз каранды болуп келүүдө. Жакында эле альтернативдүү жол издеп Иранга чейин барып келген ишкер Айбек Сарыгул менен ушул тууралуу маектештик.
А. Сарыгул: Биз логистика тармагында жүргөндүктөн бул сунуш Кытай менен соода-сатык кылган ишкерлерден келип түштү. Алар: "Эркештам, Торугарт автожолдору жабылды, жалаң эле Казакстандын темир жолун карап калдык. Башка жол тапсаңыздар болобу? Товарыбыз 3-4 айлап келбей калган учурлар бар",-деп кайрылышкан экен. Карай келсек эң ыңгайлуу жол Иран аркылуу болуп жатат. Океан жолу дей турган болсок Ыраакы Чыгыштан кийинки эле жол ошол экен. Оштон Ирандын Бендер-Аббасына чейин 3000 км. Кытайдын Гуанжоу шаарынан эң көп товар жөнөтүлөт. Ошонун Наньша деген портунан Ирандын Бендер-Аббасына аптасына үч жолу өз кемелери каттайт экен. Азыр Иранга карата АКШнын санкциялары көп. Бирок, ошого карабай эле Кытай алар менен соода-сатыгын кылып жатыптыр. Барып Бендер-Аббасты, темир жолун, бажысын көрдүк. Элчибиз Абазбек мырза абдан жакшы уюштурган экен, кыдырып чыктык. Саракс деген аянты 500 миң гектар болгон абдан чоң эркин экономикалык аймагы бар экен. Аны 1995-жылы 17 өлкөнүн президенттери менен кошо ошол кездеги президент Аскар Акаев дагы барып ачылышына катышыптыр. Санкцияларга карабай Иран экономикалык жактан бир топ алдыңкы өлкөлөрдүн бири. Ал жактан ала турган товар дагы көп экен. Азыр Иранга болгон чектөөлөр азайчудай болуп турат. АКШ президенти Жо Байден МАГАТЭ менен сүйлөшсө, экинчи жагынан өзөктүк куралда анчалык деле чоң күч жок экенин пандемия Иранга да көрсөттү окшойт. Ушундан улам Ирандын дүйнөгө болгон соодасы ачылат го деп турам. Ал өлкө аркылуу биз Индия, Малазия, Пакистан, Бангладештен, Араб өлкөлөрүнөн товар алып келсек болот экен. Биз ЕАЭБге мүчө болгон соң ал товарларды ЕАЭБге сатсак болот. Аны-муну, сууну сатсак деп келе жатпайбызбы. Кыскасы Иран аркылуу дүйнөгө дагы бир каалга ачып алсак болот. Азыр иш билген далай мекендешибиз четте жүрөт, кесипкөйлүк жагынан потенциалыбыз чабал, чоң завод, фабрика кура албай жатабыз. Сооданы толук кандуу колго алсак болот. Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуп турган соң ал шартыбызды да пайдаланалы. Соода менен дүйнөгө өзүбүздү тааныткыдай мүмкүндүк турат.
Би-Би-Си: Сиз айткан план ишке аша турган болсо, ал жолдун маршруту кандай болот?
А. Сарыгул: Оштон Өзбекстанга, андан ары Түркмөнстанга барып, андан Иранга кирип кетет. Ал жерден Бендер-Аббас аркылуу дүйнөгө чыгып кетсек болот. Иран ЕАЭБге киребиз деп камынып жатыптыр. Азыр биринчилерден болуп, сиздерге айтып жатам. Ушул жылдын 18-21 май күндөрү Иранда эл аралык деңгээлдеги соода көргөзмөсү өтөт экен. Элчилик менен сүйлөшүп, алар уюштура турган болсо Кыргызстандан Иранга ишкерлердин жоон тобун алып барсак деп пландап жатабыз. Негизи эле дүйнө менен соода-сатыгыбызды күчөтүп, жаңы бир деңгээлге чыгышыбыз керек.
Би-Би-Си: Иран Кыргызстандан эт алууга кызыкдар деп келе жатабыз. Дегеле ошону толук кандуу ишке ашырса болот бекен?
А. Сарыгул: Биз менен Иранга чогуу барган ишкерлердин бири 2008-жылдан бери Иранга эт, төө буурчак сатат экен. Алардын эң чон проблемасы сатабыз деген күндө дагы малыбыздын саны, эттин көлөмү жетпейт экен. Экинчи жагынан бизде мал кымбаттады. Эң башкысы логистика маселеси жолго коюлбаган, убагында учак каттабаган соң дайыма сата албайт экенбиз. Ал үчүн чоң көлөмдөгү этти топтоо керек. Андай эт бизди такай эле боло бербейт да. Күзүндө эле бир аз көбөйөт. Эгерде логистиканы чече турган болсок 5-10 тонна деле тынбай сата бергидейбиз. Ал жакта биздин этке суроо-талап жакшы, барктап жешет дейт.
Би-Би-Си: Сиздердин бул аракеттер качан жемишин бере башташы мүмкүн?
А.Сарыгул: Буюрса май айында ишкерлерди Ирандагы чоң иш-чарага алып барып келсек, жолдорду көрсөтсөк, ишкерлерибиз ошону туура түшүнүп, ишке ашырсак жакшы болот эле. Бир эле Ирандын товарын эмес, дүйнөгө товар сатууну карашыбыз зарыл. ЕАЭБдин ичинде аябай чоң мүмкүнчүлүгүбүздү пайдаланып алышыбыз керек. "Дордой" менен "Кара-Сууда" 30 миңдей соода түйүнү бар десек, бир эле Орусияда 150 миңдей соода түйүнүбүз бар. Ошонун баарына Кыргызстан аркылуу товар жеткирип бере алсак, байланышты түзүп экономикалык биримдиктен мүмкүн болушунча пайда табышыбыз керек да. Азыр бензинден баштап бүт барын Орусиядан ташып жатабыз. Алар бизге товарын бир миллиардга көбүрөөк сатып жатат.
Би-Би-Си: Эң көп товар Гуанжоудан жөнөтүлөт дедиңиз. Ал жерден порт аркылуу Иранга анан кайра Кыргызстанга ташып олтурбай эле, Кытай жаныбызда турса, Торугарт же Эркештам менен эле ташып албайбызбы деген суроону бергендер дагы болот да
А. Сарыгул: Пандемия шартында ошол жол абдан пайдалуу көрүнүп жатат. Экинчиден, пандемия бүткөн күндө дагы деңиз жана темир жолу менен жүк ташуу автожолго караганда алда канча арзан. Чыгымы дагы аз. Үчүнчүдөн, темир жол менен Казакстан аркылуу гана алып келе алабыз. Анын үч гана багыты бар. Ал аз келгенсип ал дээрлик бош эмес. Бул келечекте дагы ошондой бойдон кала берет. Кытай эң көп товарын Европага деп биринчи кезекке коёт, анан Казакстан, Өзбекстанга деген жүктүн кезеги. Алар бүткөн сон анан эң соңунда бизге деген жүк темир жолдун кезегине коюлат. Ошондуктан Иран багыты бизге абдан керек. Дагы бир жагы Гуанджоудан бизге чейин ташып келүү маселеси бар да. Ал жакын жол эмес.