Орусия, Кытай: Кыргызстандын тышкы саясаттагы багыты

    • Author, Азиза Марат кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Президент Садыр Жапаров Москвага 24-февралда жөнөп кетти. Ал иш сапары экенин тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Би-Би-Сиге курган маегинде белгиледи. Бул визиттин алдында Кытай лидери Си Цзиньпин президент Жапаровго келип кетүү сунушун айтты.

Башына жаңы бийлик келген Кыргызстандын тышкы саясаттагы багыты кандай болот? Кыргызстан Орусия жана Кытай менен эки өнөктөш өлкөгө жасагандай мамиле кылабы же бул мамлекеттердин Борбор Азияда атаандаштыгы барбы?

Кыргызстандын тышкы саясаттагы кадамдары, стратегиясы боюнча чыгыш таануучу Жамыйкат Омурова менен маектештик. Андан адегенде жаңы бийликтин иш-аракетин кандай баалап жатканын сурадык.