You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Чоң соодалашуу...": "Кумтөрдү" Жогорку Кеңештин комиссиясы текшерет
Жогорку Кеңеш канадалык "Центерра" компаниясы иштетип жаткан эң ири алтын кени "Кумтөрдү" текшерүү үчүн комиссия түздү. Депутаттар парламенттик жана өкмөттүк комиссиялардын чыгарган чечимдеринин кандай аткарылганын текшерген жатышат.
"Кумтөр" алтын кен ишканасын текшерүү үчүн 12 депутаттан турган комиссия түзүлдү. Комиссия парламенттин бул маселе боюнча чыгарган чечимдеринин аткарылышын карап чыгат. Талкуу учурунда комиссия кандай маселелерди карайт, анын натыйжасы эмне болот деген суроолор чыкпай койгон жок. Анткени, Кумтөр боюнча депутаттар козгой турган маселе бир далай бар деди депутат Максат Сабиров.
Буга чейин Кумтөрдү текшерип бир топ комиссия иштеген. 2012-жылы текшерген мамлекеттик комиссия "Кумтөрдү" коррупциялык долбоор деп атап, кыргыз тарап экологиялык зыян тартып, экономикалык чоң пайдадан четтеп калган деп чечим чыгарып, келишимди кайра карап чыгууну өкмөткө тапшырган. Эми ошол чечимдердин аткарылышын карап чыгуунун убактысы келди дейт демилгечи депутаттар.
Кыргызстандагы эң ири алтын компаниясында текшерүүлөр башталганда эле дайыма саясатташып кетчү эле. Ошондуктан комиссия түзүүнүн максаты башкада деп жаткандар бар.
"Боолголоп турам, бул башы чечилбеген, башы чечилсе да же ары кетпеген, же бери кетпеген он алты миң гектар жердин тегерегинде болот. Ошондой эле алтын кайсы жагынан алынып атат деген маселе бар, андан сырткары киреше-чыгаша, дивиденддерин иликтеп чыгышат. булар кирешесин азайтып көрсөтүп, чыгашасын көбөйтүп жатышпайбы. Ошолорду иликтеп чыгалы деген негизде болуп жатса керек. Башкача айтканда, азыркы өкмөт мурунку өкмөттүн артын чукуйбуз деп атат. Өкмөт Жогорку Кеңештин токтомдорун аткарган эмес, бул жолу өкмөткө тапшырма берип туруп, анын артында чоң соодалашуу бар болуш керек",-деди Би-Би-Сиге комиссия мүчөсү Рыскелди Момбеков.
Кумтөрдөгү экологиялык зыян үчүн кыргыз өкмөтү канадалык инвестор "Центерра Голдду" 2013-жылы сотко берип, миллиондогон доллар кенемте талап кылганы маалым.
Бирок 2017-жылдагы стратегиялык макулдашуу менен Кыргызстан доосунан кайра баш тарткан. Анын ордуна "Центерра " онкологиялык кызматты жакшыртууга 10 миллион, жаратылышты коргоого 50 миллион доллар бөлүп берүүгө макул болгон.
Бирок ал келишим менен кыргыз тарап өз кезегинде "Центеррага" болгон экологиялык эле эмес, бардык доо арыздарынан баш тарткан деп ЖКнын мурдакы депутаты Ишенбай Кадырбеков сындап келатат.
"Кумтөргө байланыштуу кыргыз сотторунун чечимдерин жокко чыгаруу тууралуу ал келишимде айтылып жатат. Сапар Исаковго ким ушундай укук берди? Баш мыйзамда премьер-министрдин ыйгарым укугу тууралуу жерде деле андай жок. Бирок ал ошентип кол коюп атат. Жогорку Кеңеш аны ратификациядан өткөргөн күндө деле анын күчү болмок эмес. Сот бийлиги бизде Баш мыйзам боюнча көз карандысыз да. Бирок эми биздин Жогорку сот ошол чечимдерин жокко чыгарып салган жокпу деп турабыз. Кудай андайды көрсөтпөсүн".
Кумтөр ишканасына чалгындоо жана иштетүү үчүн кошумча жердин мыйзамсыз берилип кеткени өзүнчө кылмыш иши болуп УКМКда иликтенип жатат. Бул иш боюнча айыпталып, мурдакы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев камакта отурат.