Орусия: митингде милициялар менен мушташкан чечен жигит кармалды

Москванын соту 23-январдагы каршылык акциясында укук коргоо органдарына карата зомбулукка барган деп, Сайд-Мухаммад Жумаевди камакка алды.

Анын полицияга өз ыктыяры менен колго түшүп берүүгө Мамдуманын депутаты Адам Делимханов кеңеш берген.

Бейшембиде Тергөө комитети Псков облусунда 21 жаштагы жаран кармалганын кабарлаган. Ал митинг учурунда "ОМОН" кызматкерлерине муш көтөрүп, "денесине жаракат келтиргени" айтылган эле. "Кавказ түйүнү" басылмасы кармалган жаран теги Чеченстандык Сайд-Мухаммад Жумаев экенин жазып чыккан.

Кармалган шектүү коомдук сайттарда кеңири тараган тасманын каарманы болушу мүмкүн. Анда жаш жигит омончуларга атырылып, союл менен чапкылаганына карабай мушташа кеткени тартылган.

Анонимдүү телеграм-каналдарда тасма каарманынын ысымы аталган соң Мамдуманын депутаты жана Чеченстан президентинин кеңешчиси Адам Делимханов мушташкан жигитке кайрылып, эгер өз ыктыяры менен колго түшүп берсе, "жардам берерин" айткан.

Делимхановдун жардамчысы Татьяна Лазина түшүндүрмө берип, адвокат менен камсыздоо жагынан жардам берүү тууралуу сөз болгонун белгиледи. Лазинанын айтымында, Делимханов ал жигиттин ата-энеси менен дагы жолугуп сүйлөшкөн. Алар уулу "ыңгайсыз учурда ошол жерде болуп калганын", Навальныйдын акциясын "колдобой турганын" айтышкан.

23-январдагы каршылык акциясынан кийин 23 кылмыш иши козголгон. Көпчүлүгү бийлик өкүлүнө зомбулук көрсөтүү беренеси менен козголгон. Кылмыш жоопкерчилигине тартылган он алты киши деп айтылды.