Э.Көкүлов: Мөөнөтү өтүп кеткен таттууларды сырттан ташыган "чоң бизнес"

    • Author, Абдыбек Казиев
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

"Не сахар" долбоору жараксыз, мөөнөтү өтүп кеткен, кир жайларда даярдалган азыктарды сатуу, кардарды алдап кетүү сыяктуу мыйзамсыз иштерди ашкерелереп келе жатат. Долбоордун негиздөөчүсү Эрулан Көкүлов көргөн кишинин жийиркенте турган ашкана, касапканаларды, эбак мөөнөтү өткөн кондитердик азыктарды тонналап сактаган кампаларды, саткан товарлары менен үрөйдү учурган соода-жайларын кантип аныктап жатканы тууралуу Би-Би-Сиге кенен маек курду.

Э.Көкүлов: Азыркы учурда базарларда, дүкөндөрдө абал өтө оор экен. "Не Сахар" долбоору чыкканына эки жарым жыл болду. Долбоор башталганда абал мынчалык деп оор деп оюма да келген эмес. Тамшанып жеп жаткан кээ бир тамак-ашыбыздын мөөнөтүн алмаштырып салышаарын, жараксыз экенин ким ойлоптур?! Тилекке каршы бул көрүнүш Кыргызстандагы соода түйүндөрүнүн көбүндө, жада калса чоң дүкөндөрдө, кампаларда бар экен да. Биз ошондой складды тартып, видеосун чыгаргандан кийин мага ошондой маалыматтар абдан көп келди. Калп айтпасам дүкөндүн көбүндө эле ошондойлор бар окшойт деп калдым. Кыргызстан ЕЭАБ үчүн "черная дыра" дегендей эле болуп калгандай. Бүтүндөй Орусиянын, Беларустун, Казакстандын мөөнөтү өтүп кеткен таттууларды кайсы бир шылуундар Кыргызстанга ташып, "чоң бизнес" кылып жаткандай. Ал жактан болсо болбогон бир тыйынга сатып алып, бизге алып келип, алардын мөөнөтүн алмаштырып жатышат. Бул кадимкидей эле бизнеске айланыптыр. Мөөнөтүн алмаштырган соң өз баасынан бир аз арзандатып сата бермей.

Би-Би-Си: Демек, кайсы бир дүкөн же базардагы бир түйүн алып келген товарын сата албай калып, мөөнөтүн өткөрүп жиберип, ошону сатып жатпай эле, ага башынан эле жараксыз товар келет дегенди айтып жатасызбы?

Э.Көкүлов: Ооба, ооба. Мөөнөтү өтүп кеткен таттууларды сатып алышат. Бул жакка келип мөөнөтүн алмаштырышат.

Би-Би-Си: Демек, жок кылынсын деген товар Кыргызстанга келип жатат деген ойдосуз?

Э.Көкүлов: Ооба, ооба.

Би-Би-Си: Мындай жүйөнү айтууга сизде кандайдыр бир далилдер, фактылар барбы? Эмнеге таянып айтып жатасыз?

Э.Көкүлов: Чынын айтканда азырынча бир-эки фактым бар. Көрүүчүлөрүм абдан көп. Бул маалыматтын баары ошол көрүүчүлөрдөн келип турат. Мага мындай маалыматты, Орусияда дал ошондой жерде иштеген адамдар айтып берген. Бул абдан чоң бизнес, абдан чоң.

Би-Би-Си: Эгер сиз айткандай кыңыр иш болуп жатса, анда анын артында ким турушу мүмкүн? Атын айта аласызбы?

Э.Көкүлов: Жок, азырынча менде андай маалымат жок.

Би-Би-Си: Бул маалымат сизге Орусияда жүргөндөрдөн келдиби?

Э.Көкүлов: Ооба, албетте. Ошондой жайлар бар экен. Андай жерлерди билгендер аз эмес. Мен түшүнгөндөн көбүнүн андан кабары дагы бар. Керек болсо ошондой жерлерде иштеп кеткендер бар экен. Мен ошолордон билип жатам. Мөөнөтүн алмаштырган складды деле, негизи эле бүт баарын мен ошол өз күйөрмандарым аркылуу билип турам. Күнү куру эмес телефон чалып, айтып турушат.

Би-Би-Си: Соңку чулгандуу видеолоруңузду жарыялаган соң ошондой кампаларда же дүкөндөрдө иштегендердин сиз менен байланышы ого бетер күчөсө керек?

Э. Көкүлов: Аябай күчөдү. Дүкөндөрдө иштегендер өздөрү ошондой ыпылас иштерге чыдабай, жашыруун маалыматтарды мага жазып, айтып берип жатышат.

Би-Би-Си: Сиз бул боюнча каржы полициясына кайрылдыңыз эле. Алар тараптан кандай аракет болду?

Э.Көкүлов: Каржы полициясы бул боюнча азыр иш алып барып жатышат. Мен тапкан нерселер "Не сахарга" чыгып эле калып калууда. Эч кандай жазасын алышпайт, аларды эч ким эч нерсе кылбайт. Биз тапкан баягы складдар чоң болгондуктан көргөндө аябай кыжырым кайнады. Складдын ээлерине аябай ачууландым. Ошондо каржы полициясын чыкыргам. Азыр эми иш жүрүп жатат. Каржы полициясы менен биринчи жолу кызматташтым. Азырынча бир нерсе айтуу кыйын. Кандай экенин ишинин жыйынтыгы менен анан байкайбыз да. Бир жылдай мурун оюнчуктардын сапаты боюнча дагы катуу талкуу жараткан материал чыгаргам. Ошол материалдан кийин санэпидемстанция Экономика министрлигине, алар кайра санэпидемстанция жөнөтүп, аябай убара кылышкан. Анын дагы видеосу бар. Ошондон кийин санэпидемстанция менен экинчи байланышпайм деп чечкем. Аларга арыз дагы жазбай калгам.

Би-Би-Си: Сиздин коомчулукта талкуу жараткан берүүлөрдөн кийин өздөрү кайрылган учуру болдубу? Мисалы, көмөктөшүңүз, ушундай көрүнүштү токтотолу, факты бериңиз дегендей.

Э.Көкүлов: Жок, андай болгон жок.

Би-Би-Си: Маалыматтар мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматына жетти деп ойлойсузбу?

Э.Көкүлов: Албетте, жетти. Бирок алар кичинекей балдардай болуп эле "мораторий бар, ошону алдырыш керек, ансыз эч нерсе кыла алайбыз" дешет. Башка жарытылуу деле сөз укпайсың.

Би-Би-Си: Ушундай кыңыр иштерди тапканда, "ооз басырык" дегенди айтып, "көз жумуп эле кой" деген сунуштар болду беле?

Э.Көкүлов: Албетте, болуп турат. Ал видеону өзүн көрсөңүз деле ошондой жагдайларды байкайсыз. "Не сахар" долбоору жаңы чыгып жатканда андайлар далай эле болгон. Азыр андайлар жок. Мунун негизги себеби мени менен андай сүйлөшүүгө мүмкүн эместигин түшүнүшкөндөн улам болсо керек.

Би-Би-Си: Бийлик органдарынан сиз эмнени күтүп жатасыз?

Э.Көкүлов: Азыркы өкмөт башчынын милдетин аткарып жаткан А.Новиковго "Инстаграм" аркылууу жазгам. Ушундай кыдырууларга биз менен чогуу бир жолу чыгып берүүсүн суранайын дегем. Бирок тилекке каршы жооп болгон жок. Жардам беребиз деп бир-эки депутат өздөрү байланышка чыккан. Азырынча алардан деле эч кандай кабар жок.

Би-Би-Си: Сиздин мындан аркы иш-аракетиңиз кандай болот?

Э.Көкүлов: Элге бузулбаган, таза жайда даярдалган тамак-аш сатылышын талап кылып, колдон келген бүт аракети жумшайм. Буюрса эки-үч жылдын ичинде оңдосо болот деп эсептейм. Туура эмес иштеген адамдарды ашкерелеп, элге ачык көрсөтө берсем, алар акырындан оңоло берет экен. Муну практикада өз көзүм менен көрүп жатам. Кызыгы кээ бири өзүнө-өзү кайдыгер. "Мөөнөтү өткөн тамакты жесем эмне болмок эле, мен керек болсо мыкты деле жеп жүргөм" дегендер бар. Ден-соолугуңарга кайдыгер болбогула! Чындап эле мык жей алсаңар дагы ден-соолукка кол шилтебегиле. Зыяндуу тамак сиз эле эмес, болочокто төрөлө турган балаңарга, негизи эле элдин канына таасир этет. Мөөнөтү өтүп кеткен нерселерди албай, туура эмес жерден тамактанбай койсоңор эле ошол "бизнестер" өзүнөн өзү жоголот же оңолот. Башка жолу жок. Аларга көз жумуп, соодасын өткөрүп жүрө берсеңиздер баары тескерисинче болот.

Би-Би-Си: Кайсы бир берүүңүздөн кийин кардарлары барбай койгон соода жайлары болду беле?

Э.Көкүлов: Албетте, бар. Ээлери телефон чалып, "биз бүт оңдодук, келип тартып кетсеңиз жакшы болмок. Соодабыз түшүп кетти, биз туура эмес кылыптырбыз" деп калышат. Башында мени аудитория кабыл алган эмес. Жаман көрүштү, сөгүштү, 80-90 пайызы мен тууралуу жаман сөздөрдү жазчу. Башында ошондой эле. Азыр болсо 99% жакшы сөзгө, колдогонго өттү го дейм.

Би-Би-Си: Сизди ким каржылайт деген суроону берип жатышат?

Э.Көкүлов: Азыркы маалда мен "Lights creative group" менен өнөктөшүп иштеп жатабыз. Алар акысыз тартып, акысыз монтаждап иштеп жүрүшөт. Каржылоо жок, болгон да эмес. Мисалы, "Апрель" телеканалы жабылгандан кийин азыркы видео каражаттарга иним демөөрчүлүк кылып алып берген. Ошол иним ушул долбоорду каржылап келген. Мен бул долбоордон таптакыр акча таппайм. Бүт баары акча үчүн эле болуп калгандай. Бирок, акчаны биринчи орунга койбой тургандар дагы арабызда бар экенин унутпашыбыз керек.

Би-Би-Си: Шаурма, гамбургер даярдаган кээ бир жайларда өтө жийиркеничтүү нерселер бар экенин ашкере кылдыңыз. Мындай көрүнүш баарына эле тиешелүүбү же кайсы бир түйүндөр гана ушундайбы?

Э. Көкүлов: Тилекке каршы көп жерлерде ушундай көрүнүш. Бизнести бузайын, бут тосом деген ой жок. Эгер туура бизнес кылып жатса колумдан келишинче колдоо көрсөткөнгө даярмын.