"Түркмөнстандан ашып түштү": Жарандык коомдун каршылыгы

Жарандык коом өкүлдөрү Жогорку Кеңештен баш мыйзамдын жаңы долбоорун коомдук талкуудан чакыртып алууну, референдумду токтотууну талап кылууда. Бүгүн Бишкекте чогулган жыйында Садыр Жапаров баштаган конституциялык реформанын өзүн да, ЖК депутаттары демилгелеген баш мыйзам долбоорун дагы жараксыз деп жабыла сындашып, аны бийликти узурпациялоону токтотууга чакырышты.

Жыйынга чогулгандар арасында экс-президент Роза Отунбаева, экс-премьер-министр Феликс Кулов, ЖКнын мурдакы төрагасы Абдыганы Эркебаев, ЖКнын мурдакы вице-спикери Кубанычбек Исабеков ж.б болду.

"Мына азыркы Конституцияны Түркмөнстандын Конституциясы менен салыштырып атышат, андан ашып-ташып атат. Мен Садыр Жапаровдун жактоочуларына да кайрылат элем. Болуптур силер жаңы турмуш, жаңы документти баштайбыз деп атасыңар. Демек, эң эле сабаттуу, эң эле билимдүү адамдарды жалдагылачы. Ошолордон акыл сурагылачы",-деди Роза Отунбаева.

Жыйында сүйлөгөндөр дээрлик баары Конституциянын талкууга коюлган долбоору бийликти бир колго топтогон авторитаризм коркунучун алып келет, аны таптакыр эле сабатсыз жазылган деп жабыла сындашты.

Бул долбоорду кайра чакыртып алуу талабы менен жаштар Бишкекте нааразылык жүрүшүн жасай турганын жарыялашты. Ошондой эле жарандык уюмдардын башын бириктирген координациялык кеңеш түзүү жөнүндө сунуштар болду.

Президенттикке негизги талапкерлердин бири болуп жаткан Садыр Жапаров бир күн мурда баш мыйзамдын жаңы долбоорун талкуулаганга каршы чыгып жаткандарды бузукулар деп атап, ага карабай элди бул документти активдүү талкуулоого чакырды.

"Бул бир кишинин же бир топтун кызыкчылыгын көздөгөн Баш мыйзам эмес. Жалпы элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөгөн баш мыйзам. Бул баш мыйзамга каршы чыгып жаткан ана башчынын чыныгы жүзүн келе жаткан биринчи күнү ачам", - деп жазылат Садыр Жапаровдун Инстаграммдагы билдирүүсүндө.

Ошентип, жаңы баш мыйзам долбоорунун айланасында өзүнчө бир жаңы саясий күрөш башталды. Референдум өткөзүп, жаңы Конституцияны кабыл алууну жактагандар парламенттик башкарууну чанып, президенттик башкарууга өтүүнү максат кылып жатышат.

Экс-президент Роза Отунбаева, "Ата Мекен", "Ар-Намыс" жана башка саясий партиялар парламенттик башкаруу жолунан кайтуу өлкөнү 20-30 жыл артка кайтарып, кайрадан авторитардык башкарууну орнотот деп каршы чыгууда. (КС)