Коронавирустун экинчи толкуну: өкмөттүн анализи жок

Кыргызстандын саламаттык сактоо министри болжолу ноябрдын ортосунда вирус жуктуруу эң бийик чекке жетет деди. Бирок өкмөттү анализи жок деп сындаган эскперттер бул божомол туура эмес дешет.

"Жекшемби күнү дене табым көтөрүлүп калыптыр. Дүйшөмбү да ошондой эле 38,5 градус сельций болуп турду. Жумуштан ПЧР анализ тапшырсам, кечинде вирус бар деп чыкты", - деди Эрмек Исмаилов. Ал өзү дарыгер болгон үчүн бейтапканадан анализ тапшырган, адатта медкызматкерлер жугуштуу илдетке кабылганда санэпидем көзөмөл органына дароо кабар берилет.

Ошол эле Бишкекте турган Айсенем Сайпи кызы кайда кайрылаарын билбей, ооруп жакшы болгондо кайталап анализ тапшыруу да кыйын болгонун айтууда:

"Биз өзүбүз анализ тапшырганы барып, өзүбүз дарыгер таап дарыландык. 15-16 күн болуп калды деп кайра анализ тапшырууга да өзүбуз чакырдык. Кезек көп деп келбей жатып келишти. Ал убакыт аралыгында бизге эч ким чалган деле жок, келген деле жок"

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев вирус жугузуунун бийик чеги 10-15 күндөн кийин катталаарын айтты. Парламент 5-ноябрда өкмөттүн эпидемия менен күрөшүү боюнча маалыматын укту.

Бир нече депутат өкмөттү вирустун жайылышы боюнча прогнозу, абал тууралуу анализи жок деп сындады.

Ушундай эле пикирди айрым эксперттер да айтууда.

Кесиби боюнча хирург, блогер Эрмек Исмаилов саламаттык сактоо министрлиги кичинекей кадамдарды жасоого аракет кылып жатканын, бирок мамлекеттин жалпы чарасы жок экенин белгиледи:

"Министрлик электрондук системасын оңдоптур. Биринчи толкунда кайсы жерде канча орун бар экенин билбей, баары дүрбөлөңгө түшүп, көп жоготуулар ошондон да болбодубу. Азыр Фейсбуктан же башка баракчалардан эртең менен, кечинде канча орун бар экенин чыгарып коюп жатат. Мобилдик топтор, "118" мурункудан жакшыраак иштеп жатат, анткени азыр жумуш азыраак. Эгер күнүндө 2000 киши ооруп калса, анда кайра мурдагы кейипти кийип калабыз ".

Саламаттык сактоо министрлигинин байкоо кеңешинин мурдагы төрагасы Айбар Султангазиев коронавируска каршы күрөшүү штабынын канча дары, канча коргонуу каражаты керек деген сыяктуу пландары бар экенин, бирок аны ишке ашыруу чабал болуп жатканын, масштабдуу анализ жоктугун баса белгиледи.

"Дары-дармекти тынчыраак өткөн август, сентябрда алып коюш керек эле, баасы да төмөнүрөөк болчу, - деди Султангазиев. - Азыр эки-үч айга, бир айга даярдадык дейт, бул аз. Сегиз миң орун бар дейт, айына 50 миң адам ооруйт. Министр ноябрдын ортосунда эпидемиянын туу чокусуна жетебиз деп айтты, ага да бирөөлөр ушундай прогнозду берип жатат да. Божомолду билбеген адамдар жасап жатат. Вирустун көп жайылуу чеги декабрдын башы болушу мүмкүн. Жазга чейин оор болот, эң оор ноябрь, декабрь, январь айлары. Андан ары күн жылыйт, адамдардын иммунитети көтөрүлөт, вакцина чыгып калаар. Андан сырткары чуу чокусу болгондо жайдагыдай санда катталабы же күнүнө беш миң киши ооруйбу деген анализдер болуш керек да".

Кыргызстанда акыркы күндөрү суткада 500 кишинин тегерегинде вирус жуктуруп жатат. Күндө орточо 4-5, кээде андан төмөн, айрым учурда 6-7 өлүм катталууда. Вирус дүйнө жүзүндө күч алды. Мынчалык сандарды көрсөткөн жерлер кайрадан чектөө чараларына барууда.

Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев 15 күнгө тойканаларды жабуу керектигин жазды. Ага дароо эле каршы пикирлер да чыкты. "Тойканаларды салыктардан жана башка чыгымдардан эч ким бошоткон жок", дешет алар.

Кыргызстан өзгөчө кырдаал режиминде жашап жатат. Кафе ресторандарда киши саны чектелүү болуш керек. Коомдук жайларда беткап тагынуу, социалдык аралыкты сактоо зарыл. Бирок көпчүлүк бул эрежелерди унутуп калгандай.

Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева тойканаларга чектөө киргизүү татаал маселе экенин айтты.

"Өкмөттүн тандоосу кыйын. Чектөө киргизсек, тойканалар гана эмес, жалпы экономиканын, ишкерлердин абалы оорлоп кетет. Мунун баары чектөөлөр менен, айып пул менен гана чечилбейт. Ар бир жараныбыз беткап кийип, аралыкты кармап, жөнөкөй гигиенаны сактаганда жеңе алабыз. Тойканалар бир жылдан бери расмий түрдө жабык. Бирок үч миң сом айыпты төлөп коюп, кечиресиздер, эртеси күнү кайра эле биз тааныган адамдар куран окутуу, той-топурларды өткөрүп жатышат", - деди парламентте Сурабалдиева.

Депутаттар расмий сандарга кирбей, бир эле айылда бир нече өлүм катталган учурлар болуп жатканын айтышты.

Парламентте медкызматкерлердин маселеси да көтөрүлдү. Алардын айлыгын көбөйтүү сунушун Каржы министрлигине бергенин Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Эл өкүлдөрү ооруну жугузуп, бирок компенсацияны ала албай жүргөн медкызматкерлер бар экенин айтышты. Министрликтин маалыматында, кайрылгандардын баары компенсация ала элек, алар дагы деле комиссиянын териштирүүсүндө. 84 медкызматкер каза болсо 40тан ашыгынан арыз түшүп, 20дан ашыгынын жакындарына бир миллион сомдон кенемте берилиптир.

Ал эми дары-дармектер менен коргонуучу каражаттардын эки айга жетээрлик камы бар экен. Өлкө боюнча 8900 орундук даяр, баары толгон жок.