You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Баарыбыз сыноодобуз, ар бирибиз жоопкербиз!
- Author, Алмаз Кулматов
- Role, Коомдук ишмер
Мамлекет каржалып, улут кыйналып, кайран эл карайлап жол издеп, журт башчысымын дегендер менен башчы болгусу келгендер караңгыда көз таппай, кысталышта сөз таппай, өлкө кыйналып туру.
Кырдаалдан кантип чыгабыз деп жооп издеп турган чакта акылыбыз тайкыраак, билимибиз тайызыраак, абийирбиз, намысыбыз, жоопкерчилигибиз чамалуу экени аз келгенсип, айткан кеңештерге кулак салбай, бири бирин укпай, аарынын уюгундай ызылдаган кезибиз. Эмне үчүн биз деп жалпылаштырып жатам. Анткени баарыбызга тиешелүү, баарыбыз жооп беребиз, эч кимибиз тышта калбай турган, ар бирибизге, өлкө ичинде өмүр кечирген жана ырыс издеп тышта жүргөн атуулдарыбызга тике таасир эте турган кырдаал.
Биз кептелген абалды кантип жөнгө салабыз дейбиз.
А абал кандай? Бизге чейинки муун кармашып, каны төгүлүп, эчен азапты башынан кечирип, бизге араң жеткирген, мураска калтырган мамлекетибизде өнүгүүгө карганда өксүк арбын экен. Социалдык-экономикалык, саясий, нравалык, укуктук терең кризис өкүм сүрүп келгенине бир топ убакыт болду. Башчылар башкара албай калганда, эл-журт тажап, башка жашоого мүдөөсү күчөгөндө толкуйт. Кечээки, 5-6-октябрдагы окуялар элдин табигый реакциясы, күтүлгөн кадамы. "Эл жоопкерчиликтүү, акылы жетик, абийирдүү парламентке муктаж, бул жакшы жашоого татыктуу журттун тарыхый укугу. Шайлоодо адилетсиздикке, бурмалоого, добуш сатып алууга, басым-кысымга жол берилбеши керек, бул - бийликтин мыйзамдуу милдети. Бир гана нерсе - элдин эрки, абийири, намысы жана өз тагдыры үчүн жоопкерчилиги ар кандай ыплас технологияларга, жалган убадаларга, карандай күчкө, арам акчага бөгөт боло алат" деп тээ шайлоого чейин эл-журтка кайрылган экенбиз. Ооба, эл үмүт кылып, паламенттик өлкөдө парламентке татыктуулар келсе деп эркин билдирмек, бирок күлүгү жок аламан жарышта эркин тандоого шарт болбоду. Эл мажбурланды. Шайлоочуларга өлкөнүн байлыгын талап-тоноо, элдин ырыскысын уурдоо, мыйзамсыз бизнести өнүктүрүү "технологиясын" мыкты өздөштүргөн кыйындардын жана алдоо жолу менен бийликке ээ болууга кынык алган шылуундардын оюну таңууланды. Эл да өз эркин билдирүүгө эрки, шайы жок экенин билинди. Шайлоо бейадилет өтүп, мыйзамдар одоно бузулуп, эрежесиз кармашка айланганда эл толкуду.
Элдик толкун бийлик, байлык талашуу процессине айланып, баш-аламандык, анархия, чагымчыл аракеттер орун алды. Бийликтин вакууму жаралып, али калыптана элек.
Элита алсыз, огожо экен. Лидерлер лидерликке жарабасы, саясатчымын дегендер электоратка ээ эместиги көрүндү. Партиялардын тарапташтары жок, элге баш көз боло албаганы даана байкалды. Жаштары жаштарды укпай, улууларды чанып, өткөндү жектеп, бир даары бейбаштык кылып, эстүүрөктөрү тынчтыкты сактаганга аракет кылды. Эстүүлөрдүн сөзү угулбай, ээн баш топтор күчкө айланды, кара күч саясатка аралашты.
30 жыл ичинде жакшы иштер да болду, бирок деградацияланыптырбыз. Ага эл күнөөлү эмес. Өзүмчүлдүк жашоо парадигмасына, турмуш эрежесине айланыптыр. Жаштар да айыптуу эмес. Жаш муунду жакшы сапаттарга караганда, жаман адаттарга көбүрөөк үйрөтүптүрбүз. Жаӊы муунга жарытылуу билим, ырыстуу тарбия бербептирбиз, элди жакырчылыкта, караӊгылыкта кармаптырбыз, ушунун баары өтө залакалуу натыйжасын берди. Не өзүбүз баштан кечирген тарыхтан, не өңгөлөрдөн сабак албаптырбыз. Отуз жыл ичинде бийлик талаш, так талаш, байлык талаш менен жүрүп, улам кийинки бийлик кодура чыгып, элдин ишениминен биротоло ажыраган экенбиз.
Шайлоодо жана андан кийики окуяларда партиялар саясий партия эмес, идеясы, программасы, өнүгүү стратегиясы жок, эптеп мөрөй алуудан башка мүдөө көздөбөгөн уюшма топ экендиги айкындалды.
Эгерде октябрдын алгачкы күндөрүндөгү окуяларды атайы уюшулган десек, анда ал "сценарийдин" артында акыл-эс байкалбайт, интеллектин карааны көрүнбөйт. Чын эле алдын-ала максаттуу уюшулса, анда ошол сценарийдин авторлору, уюштуруучуларынын да, ошого анча-мынча акылгөйлөр какшап эскерткенине карабастан жол берген бийлик өкүлдөрүнүн да интеллекти кем, жоопкерчилиги төмөн, эрки бош, билими тайкы окшобойбу. Эки-үч күндөн бери карай оюнчулардын ою байкалып, театр ишмерлеринин сөзү менен айтканда пьесанын жүрүшүндө гана жаӊы сценарий жазылып, логикалуу аракеттер байкалды.
Эгер окуялар тыштан даярдалып, хаос, анархия, охлократия, башаламандыкты көздөсө, анда анын авторлору кубаттуу күчтөр. Баштапкы максатына жетти. Эмки этапта алар эмнени ишке ашыраарын күтүшүбүз керекпи. Жок. Анда да бирөөлөрдүн аракетинин объектиси, колундагы оюнчугу болобуз, демек кай максатты каалап жатканын билүүбүз, ошого жараша иш кылганыбыз абзел. Эгер маселени өзүбүз чече албасак, анда чет мамлекеттер жана тышкы күчтөр башкарат, биротоло суверенитетти жоготобуз, эгемендүүлүктөн айрылабыз.
Саясий институттардын жана күчтөрдүн легитимдүүлүгү талаш бойдон калууда. Бул анчалык деле коркунучтуу маселе эмес. Бийлик эртеби-кечпи де-юре легитимдешет. Конституциялык бийлик органдары колунда бийлиги туруп деле кыйратып жиберген эмес. Маселе башкада. Де-факто жана де-юре, ичте жана тышта, моралдык жана саясий легитимдүүлүк болгондо гана бийлик толук легитимдүү деп эсептелет. Биздеги бир дагы саясий күч андай толук легитимдүү деш кыйын. Президент кетти, премьер жаӊы келди, парламент сааты келгенде кетет. Бири да легитимдүүлүктүн пайдубалы - эл ишенимине ээ эмес. Де-юре легитимдүүлүк чалкеш заманда да, тынч заманда да бийликтин, анын кабыл алган чечимдеринин, жүргүзгөн саясатынын жана кылган ишинин мыйзамдуулугун, адилеттүүлүгүнүн кепилдиги боло албайт. Качан гана саясий, моралдык колдоо, элдин ишеними жетиштүү болсо гана бийлик бийлик болот, эки тизгин, бир чылбыр колго тиет. Бир эле чыгаан инсан, акылдуу, абийирдүү, жоопкерчиликтүү, эрки бекем лидер тагдыр чечип коет. Тарыхта боло келген мындай учурлар. Азыр ар бир лидермин дегендер үчүн ушул кырдаал чоӊ сыноо. Кыска убакыт ичинде эл ар бир саясатчынын, лидер болгусу келгендердин, азыркы бийликтегилердин дараметин, мүдөөсүн, максатын, деӊгээлин баамдайт, тыштагылар байкайт. А балким чындап эле айрымдардын буга чейин катылып жаткан интеллектуалдык, жаратман потенциалы ачылып, мыкты сапаттарын жана изги жөндөмүн көрсөтүшү ажеп эмес.
Кыйсыпыр учурларда эски шылуундар калкып чыгат, жаӊы айлакерлер пайда болот, тилекке каршы, бирок чыныгы лидерлер да пайда болот, бактыга жараша. Жаштар арасында, шайлоого катышкандардын ичинде жана ичте жүрүп партияга кошулбай, шайлоого катышпаган, тышта жүргөн адамдардын ичинде акылгөй жана абийирдүү инсандар, мыкты уул-кыздар кантип жок болсун. Албетте табылат, уучубуз кур эмес. Бирок шайлоо ушул толкундоолорго, мыйзамсыздыкка, анархияга алып келген ыплас жол менен өтсө, мыкты инсандар дагы деле тышта калат, кайра неченчи ирет эски айлампага киргенди кой, биротоло кургуйга түшөбүз, кашайып. Ошондуктан ушул азыркы абалдын статус-квосун таанып, жаңы шайлоого барышыбыз керек. Шайлоо мыйзамдарын ушул акыркы мыйзам бузууларды эск алуу менен өзгөртүү керектир, балким. Ага чейин азыркы өкмөт дараметин көргөзөт, парламент өз функциясын абийири, акылы жана жоопкерчилиги жетишинче аткара турат. Жок, такыр эле баары канааттандырбаса, анда баш мыйзамды референдум аркылуу өзгөртүп, жаңы мамлекеттик башкаруунун жаӊы системасын курушубуз керек болот.
Абалдан азыр чыгуунун жана келечектүү жолун коомдук ишмерлер жана жарандык уюмдар, ички жана тышкы институттар сунуштап келүүдө. Азыркы кырдаалдын акторлору, негизги оюнчулары ийри отуруп, түз кеңешип, акыл калчап, көпчүлүктү канааттандырган, ынандырган, ишеним жараткан чечимдерге келип, адекваттуу кадамдарды жасаганы туура. Башка жол - артка жол.
Болочок шайлоодо (а шайлоо сөзсүз болот) эл буга чейинки окуялардан сабак алып, татыктууларын тандап алышы керек. Бийликтин туткусу, өзөгү жана жападан жалгыз бутагы эл. Ошол элдин элегинен өтүп, акыйкат жарышта озуп чыкканы бийликке татыктуу, легитимдүү. Убактылуу. Утаарын утуп, мөрөй алып, бийликке жеткени менен, ишке келгенде кимдин ким экени билине баштайт. Чыӊгыз Айтматов айткандай адамга күн сайын адам болуу кандай кыйын болсо, өлкө тагдырын чечүүчү жогорку кызматтагы саясатчы да кадам сайын сыноого тушугат. Бийликтеги көрпендеби же чыныгы адамбы, кесепеттүү кишиби же журт намысына, эл бактысына жаралган мыкты инсанбы - баары билинет.
Эл дагы өз тагдырын, өлкөнүн оор жүгүн, мамлекеттик бийликти колуна тапшыра турган талапкерлерди тандоодо өзүнүн чоӊ жоопкерчилигин бекем сезүүгө тийиш. Маселе абийирде, акыл-эс менен билимде жана жоопкерчиликте.
Алмаз Кулматов, коомдук ишмер
Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.