"Кеп убакытта эмес, кворумда": Парламент шайлоо мыйзамдарын өзгөртө алабы?

    • Author, Азиза Марат кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Жогорку Кеңеш бүгүн президенттин отставкасын кабыл алды. Анын милдети өкмөт башчы Садыр Жапаровго өттү. Эми Кыргызстандын алдында үч ай ичинде президентти шайлоо милдети турат. Мындан сырткары эки айда парламенттик шайлоо өтүш керек. Парламенттик шайлоодо элдин талабы аткарылыш үчүн мыйзамды өзгөртүүгө азыркы депутаттардын бир аптага жетпеген убактысы бар.

Азыркы парламенттин беш жылдык мөөнөтү аяктап жатканына байланыштуу БШК 22-октябрдан калбай паламенттик шайлоо күнүн жарыялаш керек.

Жокко чыгарылган соңку шайлоодо нааразылыктарды эске алыш үчүн парламентти шайлоо мыйзамына өзгөртүү киргизүү керектиги айтылып жатат. Анда Жогорку Кеңештин ал мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө бир аптага жетпеген убактысы бар.

Жогорку Кеңештин 16-октябрдагы жыйынында бул маселени Алтынбек Сулайманов көтөрдү.

"Жаштар бүгүнкү кемчиликти оңдоо үчүн үч эле өзгөртүү киргизели деп жатат. Бул күрөө, босого чек жана "Форма-2" арызы. Ушул нерселерди эле алып салалы, анан колунан келсе, жаңы, жаш партиялар келишсин. Биз аларды көчөгө таштап коюп, "кыйындар" 7% менен дагы келип алсак, кечээги окуя кайталанбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Жаштар жеткирип кой деди, мен ошолордун сөзүн чыгып айтып жатам", - деди Сулайманов.

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров буга чейин бир мандаттуу шайлоону жактап келген. Ал үчүн Баш мыйзамды өзгөртүп, референдум өткөрүш керек болот. Бирок С.Жапаров Жогорку Кеңештин ушул эле жыйынында мыйзамга жараша партиялык тизме менен парламенттик шайлоо өтсө туура болоорун билдирди.

"Бир мандаттуу дегенди азырынча мен туура эмес көрдүм. Анткени, парламенттик шайлоо мыйзамдар боюнча партиялык система менен өтүшү керек экен. Эгерде биз аны өткөрбөй конституциялык реформага барабыз десек, анда мыйзам талаасынан бир аз четтеп кетчүдөй экенбиз. Кандай өткөрүү? Мисалы үч пайызга түшүрөлү деген сунуштар болуп жатат. Аны өзүңүздөр чечиңиздер. Бирок үч пайыз өтө эле ылдый болуп калат го деп ойлойм. Беш пайызга түшүрсө болот болуш керек. Бул менин жеке пикирим, эч кимге таңуулаган жокмун. Андан кийин, беш миллиондук күрөөнү бир миллионго чейин түшүрсөңүздөр деген сунушум бар. Анан 120 деген санды 70 же 90гобу түшүрүп коюп, ушул парламент келип, андан кийин конституциялык реформага барсак туура болот экен",-деди Садыр Жапаров.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы төрагасы Ишенбай Кадырбеков шайлоо тууралуу мыйзам конституциялык мыйзам болгондуктан аны өзгөртүүгө депутаттардын үчтөн экисинин кворуму керектигин эскертип жатат. Ал депутаттар шайлоо мыйзамын өзгөртөрүнөн шек санап турат.

"Мыйзамды үч окууда, депутаттардын үчтөн экисинин добушу менен өткөрүш керек. Кеп убакытта эмес, кворумда, 80ден ашыгынын добушу болуш керек. Бүгүн ала албай калганынын себеби да балким ошондодур", - деген Кадырбеков.

Ал Баш мыйзамда парламенттик жана президенттик шайлоо эки башка көрсөтүлгөн соң экөөнү эки башка эле өткөрүүнү колдойт. Анын айтымында, чыгымдар окшош эле чыгат.

Кадырбеков өлкөгө туруктуу бийликти алып келип, толук мыйзам жолуна түшүү азыр Баш мыйзамдан жана БШКдан көз каранды деди.

БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова кайрадан парламенттик шайлоо өткөрүү боюнча комиссияда 15-октябрда талкуу жүргөнүн билдирди.

"Мыйзамды карай турган болсок, 20-декабрда парламенттик шайлооо өтүш керек. Шайлоону 20-декабрга койсо, анда БШК шайлоону 22-октябрдан кеч калбай жарыялаш керек. Элдин биринчи талабы шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү болчу. Азыркы мыйзамдар менен шайлоо өткө, жыйынтыгы кайра ушундай эле болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан шайлоо мыйзамдарына 21-октябрга чейин өзгөртүү киргизиш керек. ЖКнын өтө кыска убактысы бар, ынтымактуу, макулдашылган бир мыйзамды кабыл алса, анда жетишебиз", - деди Би-Би-Сиге Абдрахматова.

Абдрахматова мурдагы президенттин сунушу менен кирген БШКнын төрт мүчөсү да алмашыш керектигин айтууда.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, саясат таануучу Зайнидин Курманов депутаттар шайлоо мыйзамдарын өзгөртүүгө жан күйгүзбөй жатканын сынга алды.

"Бул маселени бир эле Алтынбек Сулайманов көтөрдү, - деди Курманов,- Эгер эски мыйзамдар менен шайлоо өтсө кайра эл нааразы болот. Кийин бийлик талашууга өтүп кеткен митингдер эмнеден башталганын унутпашыбыз керек. Эл шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп чыккан. Анткени, парламентке элдин чыныгы өкүлдөрү келбей калган. Олигархтар, акчасы, бийлиги барлар эле келаткан. Мага койсо, шайлоо босогосун 3% эмес, нөлгө түшүрсүн. Бизде 300 партия бар. Көпчүлүгү үч пайызды да ала албайт. Эгерде 5% кылса, дагы деле добуш сатып алуу болот. Шайлоо күрөөсүн 5 миллиондон бир миллионго түшүрөбүз дейт, аны деле көп партиялар таба албайт. Элдин үнү чындап парламентте болуш үчүн күрөөнү 10 миң сом кылып койсун".

Зайнидин Курманов партиялардын шайлоого кетирген чыгымдарын да чектеш керек деген пикирде. Ал депутаттыкка талапкерлердин сапатын эмес акчасын жарыштырган, добуштарды сатып алууга алып келген жагдайлардын бири ушул дейт.

Жогорку Кеңешке 4-октябрда шайлоо өткөн. Анын жыйынтыктары нааразылык жаратып, митингдер мамлекетте бийликтеги адамдардын алмашуусуна алып келди. Ал шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылды.