Президент 16 партиянын лидерлери менен жолугушат

Президент Сооронбай Жээнбеков 6-октябрда, парламенттик шайлоого катышкан 16 партиянын лидерлери менен жолугушат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирүү таратты.

"Президент Сооронбай Жээнбековдун парламенттик шайлоого катышкан партиялардын лидерлери менен жолугушуусу эртең, 6-октябрь саат 09.00дө өтөт. Жолугушууга бардык 16 партиянын лидерлери чакырылды",-деп айтылат маалыматта.

Бүгүн Бишкектин Ала-Тоо аянтында шайлоо тыянагына нааразы болгон партиялардын каршылык акциясы өтүп, арты башаламандык менен коштолду. Шайлоого катышкан партиялардын ону шайлоо тыянагын жокко чыгарууну талап кылууда.

Кечке маал Ала-Тоо аянтындагы демонстранттар экиге бөлүнүп, айрымдары Ак үйдүн дарбазасын талкалап кирүүгө аракеттенди. Учурда Ак үйдү көздөй таш ыргытышты. Коопсуздук кызматкерлери үн чыгаруучу курал менен эскертүү берди. Милиция кызматкерлери Ала-Тоо аянтындагы митингчилерди сүрүп чыгарып, бирок кагылышуулар уланды.

Ондон ашуун киши жаракат алган. Анын ичинде белгилүү саясатчылар бар. Ала-Тоо аянтындагы митингди таратуу маалында "Ата Мекен" партиясынан талапкер, ЖК депутаты Жанар Акаев жаракат алды. "Фейсбукта" тараган тасмада анын аксап, жанындагылар жөлөп алып баратканын көрүүгө болот. Акаевдин жанында жүргөн Орозбек Муратовдун айтымында, желим ок экөөнө тең тийген.

"Ата Мекен" партиясынан талапкер Элдар Абакиров дагы жаракат алганы кабарланды. Бул тууралуу аталган партиянын талапкери Сейтек Качкынбай "Фейсбук" баракчасына жазып чыкты. Эки милиция кызматкери дагы жаракат алган.

Бишкектин Ала-Тоо аянтында шайлоо тыянагына нааразы болгон партиялардын каршылык акциясы түшкө жуук башталды. Чогулгандар шайлоодо добуштар акчага сатылганын, коркутуп-үркүтүү, мажбуролоо болгонун айтып, жыйынтыкты жокко чыгарууну талап кылууда.

Шайлоо жарышына катышкан партиялардын көбү бул жолу добуш сатып алуу жана мажбурлоо көрүнүшү мурдагыдан да ыплас жол менен ачык жүргөнүн айтып, наарзылык акциясына чыгышты.

"Реформа", "Мекен Ынтымагы", "Чоң Казат", "Ыйман нуру" жана "Ордо" партиялары бириккенин жарыялашты. Шайлоочуларын каршылык акциясына үндөдү. "Ата Мекен", "Республика" партиялары дагы шайлоочуларын Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын алдына тынчтык акциясына чакырган. Алар дагы Ала-Тоо аянтындагы митингге кошулду. "Бир бол", "Замандаш", "Ыйман Нуру", "Мекенчил" партиялары шайлоо тыянагына кескин нааразы пикирин билдирип, митингде сөз сүйлөдү. "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров дагы "бийликтин эң ыплас, эң мыйзамсыз, туура эмес шайлоосу кечээ өттү" деп билдирүү жасады.

Кыргызстанда өткөн парламенттик шайлоодо добуштарды сатып алуу эң оркойгон жана эң көп жайылган мыйзам бузуу болгонун эл аралык жана жергиликтүү байкоочулар да белгилеп жатышат. ЕККУнун миссиясынын отчетунда дагы добуштарды сатып алуу шайлоонун жүрүшүндөгү эң олуттуу көйгөй болуп калганы айтылат.

"Добуштарды сатып алуу өзүнчө бир көйгөй, ал маселени чечпесе болбойт",-деди бүгүн ЕККУнун миссия башчысы Томас Бозеруп басма сөз жыйында.

Шайлоонун алдын ала тыянактары боюнча 16 партиянын ичинен эки партия - "Биримдик" менен "Мекеним Кыргызстан" 24 пайыздан көбүрөөк добуш алды. Дагы эки партия- "Кыргызстан", "Бүтүн Кыргызстан" босого чектен өттү.

Саясат талдоочулар негизги күрөш биринчи орунга чыккан эки партиянын ортосунда жүргөнүн айтууда. "Биримдик" партиясын башынан эле бийлик менен түздөн-түз байланыштырып келишкен. Президент Сооронбай Жээнбеков бир дагы партияга жан тартпасын айтып, калыс турганы менен партияда анын бир тууган иниси бар. "Мекеним Кыргызстан" партиясын болсо коррупция боюнча бир нече журналисттик иликтөөлөрдө аты аталган Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Раимбек Матраимовдун ысымы менен байланыштырышат. Эки партияда тең мурдагы чиновниктер, депутаттар басымдуулук кылат. Ушул эки партияда каражат жана административдик ресурс жетиштүү эле.

Булардын ичинен "Бүтүн Кыргызстан" гана бийликке келишкис оппозиция жарыялаган. "Кыргызстан" партиясы дагы олигархтар жана мурдагы төрага, депутаттардан туруп, бийликке ыктаган партия катары репутатцияга ээ. (AbA)