Орусиядан келүүнү каалаган мигранттар билет издеп убара

    • Author, Азиза Марат кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Орусиядан Кыргызстанга элчиликте каттоого турбай эле билет менен учуп келсе болот. 27-августтан тарта билеттер сатылып, кадимки каттамдар ачылаарын Тышкы иштер министрлиги билдирди. Бул кабар Орусиядагы кыргызстандыктар арасын чуу түшүрүп, билет издеп башташкан. Бирок көбү таба албай жатканын айтууда.

Москвада иштеген Даткайым мекенине келүүгө аракет кылып жаткан кыргызстандыктардын бири. 27-августтан тарта кадимки аба кататмдары жүргүзүлө баштайт деген кабар кетүүнүн айласын таба албай жүргөндөр арасында желдей тараган.

"Билет боюнча абал бул жакта абдан кыйын. Кечээ элчилик чартердик аба каттамдар алынды, билет сатып алып кадимки каттамдар менен кетсе болот деп жарыялаптыр. Бирок расмий сайттарда билет жок, баасы канча болоору белгисиз. Билет качан сатылып баштаары бизди тынчсыздандырат", - деди ал Би-Би-Сиге.

Кыргызстандагы авиакассанын өкүлү Рахат Мамажанова келүүнү каалап билет издегендер абдан көп экенин айтты. Ал билет эркин сатыкка чыга элек деди.

"Дүрбөлөң түшүп эле ар жактан билет издеп жүрүшөт. Бирок сатыкта билет жок. Аны авиакомпаниялардын расмий өкүлчүлүктөрү гана сатышат. Мисалы, Москвадан учуш керек болсо ошол шаардагы мекемесине барат. Даректери компаниялардын сайтында бар", - дейт Мамажанова.

Бул кабар Орусияга кеткиси келген кыргызстандыктар арасында да дүрбөлөң жаратты. Бирок азыр Орусия Кыргызстан үчүн чек арасын ачкан жок. Кыргызстан гана бир тараптуу ачты.

Мамажанова Орусияга аткарылып жаткан чартердик каттамдардын жадыбалы да августун аягына чейин гана бар экенин айтып, алар кыргызстандыктарды жакынкы арада кабыл албашы мүмкүн деген божомолун бөлүштү.

"Манас" аба майданынын басма сөз катчысы Алия Курбанова берген маалыматка ылайык, Орусиядан качан учак келери белгисиз.

"Азыр мурдагыдай эле Түркия жана Бириккен Араб Эмирлиги менен гана такай каттамдар бар", - деди ал.

"Жарандык авиация" агенттигинин адиси Азиз Уметалиевдин айтымында, Орусия өз жарандары үчүн уюштурган чартердик каттамдары мурдагы тартипте иштей берет.

"Аэрофлотт компаниясы менен келсе анын процедуралары башкачараак, мурдагыдай эле каттоого туруш керек болот. Ал эми калган компаниялардын ошол жердеги өкүлчүлүктөрүнөн билет сатып алышат".

Буга чейин Орусия менен Кыргызстандын ортосунда чартердик аба каттамдары ишке ашырылып келди. Орусиядан келиш үчүн кыргызстандыктар Москвадагы элчиликте жана башка шаарлардагы өкүлчүлүктөрүндө катталып, кезекке туруш керек болчу. Аталган мекемелерде өлкөсүнө кайтууну каалагандардын узун кезеги пайда болуп жатты.

Чыгымга учураган авиакассалар

Пандемия башталганда соккуга биринчи учураган авиакомпаниялар болду. Аны менен катар Кыргызстандагы көптөгөн авиакассалар кирешесинен 100% кол жууду.

Маектешибиз авиакасса иштеткен Рахат Мамажанова бул тармактагы жарандар күнүмдүк киреше менен жашачу дейт:

"Авиакассирлер жана чакан агенттиктер күнүмдүк сатуудан түшкөн каражатты карап отурушат. Ал имараттын ижарасы, салык, интернет байланыш сыяктуу башка майда чыгымдарды араң эле жабат. Азыр имарат ээлери туруп калганы үчүн да акысын талап кылып жатышат. Кассирлер ордун жоготпош үчүн төлөйт, марттан бери ошентип артка кетип жатышат".

Ал авиакомпаниялардын системасын иштеткен үчүн канчасы менен кызматташса, ар бирине 2600 сомдон төлөшөрүн кошумчалады.

"Мен, мисалы, эки компанияга айына 5200 сом төлөшүм керек. Бирок беш айдан бери бир да киреше тапкан жокмун", - деди Мамажанова.

Кыргызстан 31 өлкөнүн жарандары үчүн чек арасын ачкан, алар кирип чыга алышат. Бирок Кыргызстанга Түркия менен Бириккен Араб Эмираттары ачык. Өзбекстан менен да каттамдарды ачуу пландары айтылып жатат.