You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Марс Сариев: Күзүндө Кыргызстанда дагы Беларустагыдай кырдаал болот
Боршайком бүгүнкү жыйынында "Кыргызстан" партиясын каттоо жөнүндө сот чечимин карап, ага көнбөй, жогорку сот инстанциясына кайрылууну чечти.
Аталган партия документтерин кечигип тапшырган, аны көрүп турган башка партиялардын байкоочулары чуу салып, аны каттоого албоону талап кылышкан. БШК кысым алдында жыйын өткөрүп, Кыргызстан партиясынын документтерин кайтарып берүүнү чечкен. Бирок партия кечигип тапшырганы үчүн эмес, ыйгарым укуктуу өкүлү өз колу менен тапшырбаганын негиз кылган.
"Чалды-куйду"
"Кыргызстан" партиясынын лидерлери баары сот аркылуу БШКга кайра келерин ишенимдүү билдиришкен. Иштин ушундай болорунан эч ким деле шек санаган эмес, анткени кыргыз соттору калыс карайт деген ишеним дээрлик жок. Экинчиден, олиграхтар топтолгон партия сотторду оңой эле колго алып коет деп жатышкан. Айткандай эле болду, Бишкектин административдик соту бул ишти карап, аны партиянын пайдасына чечти.
"Свердлов райондук соттун "Кыргызстан" партиясы боюнча БШКнын чечимин жокко чыгарган бүтүмү - оркойтуп көрсөттү, таза шайлоо болбойт, Административдик ресурс бүтүндөй пайдаланылат",-деп жазды Фейсбукка аналитик Мүсүр Кабылбеков.
БШК сот чечимин аткарбай кое албайт, бирок жарданып карап турган нааразы элдин кыжырына тийбеш үчүн кийинки сот инстанциясына кайрылууну чечкендей. Бирок баары бир жарандык активисттердин кысымынан кутула албайт окшойт, БШКны тилдеп, анын жетекчилигин кызматтан алуу жөнүндө талаптар сот чечиминен кийин кайра көтөрүлдү.
"Баардыгына мыйзам чегинде караш керек эле. Кечиктиби? Кечикти. Жанагы каттоо журналындагы оңдоп түзөөлөрдү эмне кылабыз? Жигит келмек экен, анын ордуна бир кыз киши келди. Иш кылып баары чалды-куйду", - дейт БШК алдына каршылык акциясына чыгып аткан активисттердин бири Өндүрүш Токтонасыров.
БШКнын башы ооруй турган бир эле партия эмес. Шайлоо органын сотко берүүгө камданып жатканын "Актив" партиясы да билдирип жатат. Көрсө, алар шайлоо күрөөсүн төлөй элек экен. Эгер такыр эле төлөй алышпаса, анда БШК аларды чийип саларын бештен белгилүү. Бирок шайлоо күрөөсү Конституцияда жок нерсе, ошон үчүн БШКны сотко берерин партия лидери К. Иманалиев Би-Би-Сиге билдирди:
"Биз алар менен соттошобуз. Алар биздин сотко кайрыларыбызды билет. Шайлоо башталганда эле 6-июлда биз БШКга кат жибергенбиз. Силер азыркы шайлоодо кайсы мыйзам менен каттайсыңар, эң жогорку мыйзам Конституция мененби же парламент кабыл алган шайлоо мыйзамы мененби деп суроо койгонбуз. Ошентсек, төрайым жооп бербей, орун басары Бегматов бул эки мыйзам бири-бирине шайкеш келет деп жооп берди. Биз айттык: шайкеш келбейт, эмне үчүн дегенде Конституцияда шайлоо күрөөсү деген жок".
Бир эле учурда кээ бир партиялардын шайлоо тизмесин бекитүүдөн да чыр чыгууда. Экс-акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидерлери БШКга курултайда бекиген тизмени эмес, акча бергендерди алдыга чыгарып бузулган тизмени берди деп арызданып жатат.
"Таптакыр башка кырдаал"
Байкоочулар шайлоодо административдик ресурсту колдонуу, акча таратуу, алдоо, коркутуу-үркүтүү сыяктуу эски адаттар дале кала электигин белгилешүүдө. Анын үстүнө шайлоого аттанган партиялардын тизмесиндеги капчыгы калың талапкерлер, бай ишкерлерге азыртан эле тескери реакция көп болуп жатат. Мөөнөтү бүтүп жаткан парламентте акча менен келген депутаттар көп болуп, олигарх парламент аткан конуп, жаманаттысы көп чыкты.
Азыркы технология дүркүрөп өнүккөн заманда көп жылдан бери оркойгон терс көрүнүштөр дароо ашкере болуп, коррупциялык система туруштук бере албай, четинен урай баштады, ошол себептүү бул шайлоодо акча менен бийликтин күчүнө салса, чыр-чатактардын ырбап, каршылык акцияларынын күчөп кетиши ыктымалдыгы жогору дешет.
"Интернет, ММК реалдуу убакыт режиминде иштеп жатат. Кандай ката кетсе, реалдуу убакыт режимде баары көрүп жатат Фейсбук менен. Айылда дагы Фейсбук, Твиттер, Инстаграмм карап атышат. Маалымат көз ачып-жумганча жетип жатат. Беш жыл мурун андай эмес эле. Азыр таптакыр башка кырдаал, элдин баары саясатташып кетти. Беларуста эмне болуп жатканын көрүп байкап турушат. Күзүндө Кыргызстанда дагы ошондой болот. "Кыргызстан" менен чатак азыр эле чыга баштады. Кыргызстандын өзүнүн Тихановскаялары чыгат, системага каршы технологиялар пайдаланылат",- дейт саясат талдоочу Марс Сариев.
Шайлоо 4-октябрда өтөт. Шайлоого баардыгы 44 партия катышарын жарыя кылган, бирок БШКга убагында документ бергенге он алты партия гана жетишти. Документтерди текшерүүдөн дагы бир нече партия ыргыбай койбойт. БШК анын баарын 4-сентябрга чейин каттап бүтүшү керек.