You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Шайлоо-2020: талапкерлердин тизмесин берүү мөөнөтү аяктады
- Author, Азиза Марат кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Парламенттик шайлоого бараткан партиялардан талапкерлердин тизмесин кабыл алуу 24-августта токтоду. 23-августка алынган маалыматка ылайык, төрт партия гана өз талапкерлеринин тизмесин берди.
Тизмесин тапшыргандар "Ата Мекен", "Актив", "Ооган согушунун ардагерлери жана башка локалдык жаңжалдын катышуучулары" жана "Мекен ынтымагы" саясий партиялары.
Мыйзамга ылайык партиялар кеминде 75, эң көп 200 талапкердин тизмесин көрсөтө алат.
"Партиялар депутаттыкка талапкерлердин тизмесин, ар биринин тек-жайын аныктаган, жеке макулдугу тууралуу документтерди, өмүр баянын тапшырат. Партия өткөргөн курултайдын протоколун, күрөө ачылган эсеп боюнча банктык мекеменин аныктамасын берет. Биздин жумушчу топ документти кабыл алуу аяктагандан кийин он күндүн ичинде алардын шайкеш келерин териштирет жана аны каттоо же каттабоо тууралуу чечим чыгарат", - деп билдирди Би-Би-Сиге Борбордук шайлоо комиссиясынын төрага орун басары Бекмамат Абдыжапаров.
Парламенттик шайлоого Кыргыз Республикасынын 21 жаштан улуу, соттолгон эмес же ал мыйзам чегинде жоюлган жараны катыша алат.
Жарыштан чыккандар
Тизмелерди, ага байланыштуу документтерди тапшыруу чеги жакындаганда дагы үч саясий партия жарыштан чыкты. Алар "Таза коом", "Бүткүл жаштар саясий партиясы" жана "Адам-Демократ" партиялары.
Ал арада "Ак Шумкар" партиясынын лидери, мурдагы премьер-министр Темир Сариев "Бүтүн Кыргызстан" партиясы менен түзгөн альянстан да чыкканын, шайлоодон баш тартканын жарыялады.
"Бул абдан өкүнүчтүү, аянычтуу. Бул чечимге мен оңой келген жокмун. Эч кимди күнөөлөбөйм, күнөө менде. Менин дарегиме ачуу сөздөр айтылат, сындашат, тилдешет, жамандашат. Ар түрдүу божомолдор, көп учурда чындыкка жатпаган ушак сөздөр айтылат. Баарын көтөрөм, баарын түшүнөм. Кетирген кемчиликти мойнума алам", - деген Сариев шайлоочуларынан кечирим сурады.
Сариев адегенде "Ата Мекен" партиясы менен биригип, кийинчерээк андан чыгып "Бүтүн Кыргызстан" партиясы менен шайлоого бармай болгон эле.
Ошентип он күн ичинде БШК кайсы партиялар шайлоого бара аларын жарыялаш керек. 4-сентябрда үгүт иштери башталат.
"Шайлоодон көп нерсе күтпөйбүз"
Эксперттер быйылкы шайлоодон көп өзгөрүү күтпөй турганын, саясий партиялардын ишмердүүлүгүндө эч жылыш болбогонун айтууда.
"Саясий партиялардын лидерлери, саясий кеңеши өзүнүн кызыкчыгына гана иштеп келет, - деди саясат талдоочу Эркайым Мамбеталиева, - Шайлоодо утуп келген партиянын максаты бийликке жетүү менен бирге программасын ишке ашыруу болуш керек. Бирок эгемендик жылдарынан бери партиялар бул миссиясын аткарган жок. Алардын так программасы да болгон жок, ал формалдуу болуп келди. Эл эмес, партиянын жөнөкөй мүчөсү эмес, саясий кеңешинде жүргөн саясатчыдан идеологиясы, платформасы тууралуу сурасаң жооп бериши күмөн".
Ал арада президент Сооронбай Жээнбеков парламенттик шайлоодо административдик ресурс колдонуп, жашырып калуу Кыргызстанда мүмкүн эместигин билдирди. Биринчи коомдук каналдын "Биринчи радиосуна" курган маегинде ал кандай партиялар утуп келгенине карабай, эл шайлагандан кийин иштешүүгө даяр экенин айтты.
«Мага чейинки президенттерди тирек болот деп түзгөн партиялары сактап калбаганын мамлекеттик ишмер катары да, пенде катары да толук түшүнөм», -деди президент интервьюда.
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 2020-жылы 4-октябрда өтөт. Анда Жогорку Кеңештин 7-чакырылышы беш жылдык мөөнөткө шайланат.