"Биздин муун колубуздан келгенди кылдык": Текебаев шайлоого катышпайт

"Ата Мекендин" Бишкектеги курултайында партиянын лидери Өмүрбек Текебаев алдыдагы шайлоого катышпай турганын жарыялады.

"Биздин муун колубуздан келгенди кылдык. Артыбыздагы муун өсүп келди. Алар да тарыхын жерибей, баалай билиш керек. Тарыхсыз, тамырсыз эл, мамлекет болбойт. Биз тажрыйбабызды, билимибизди кийинки муунга өткөрүп берүүгө убакыт келди. Демек, бул жагынан алганда бүгүнкү иш-чара символикалык мааниге ээ. "Ата Мекен" партиясын түптɵгɵн лидерлери, мен - Текебаев, Сасыкбаева, Чотонов ж.б. Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоого катышпайбыз. Биз жаңы, жаш лидерлерди алдыга чыгарабыз. Жаңы доордун негизги жүгүн ушулар тартсын. Анткени, алардын заманы келди",-деди Өмүрбек Текебаев.

Буга чейин алты саясий уюм "Жаңы дем" деп аталган кыймылга бириккен эле. Булардын катарында "Ата мекен", "Ак Шумкар", "КЛДП" партиялары жана социал-демократтар партиясынан бөлүнгөн бир топ, экологиялык эки уюм бар. Кийин Темир Сариев башында турган "Ак Шумкар" кыймылдан чыгып кетип, себеби ачык айтылган жок.

Жогорку Кеңештин шайлоосу ушул жылдын 4-октябрына белгиленген. Учурда шайлоого катыша турган саясий партиялар тизмесин түзүүдө.

Өмүрбек Текебаев 2017-жылдан февраль айынын аягында "Мегаком" компаниясынын тегерегиндеги чырга байланыштуу камакка алынып, ага "коррупция" боюнча айып тагылган. Орус ишкери Леонид Маевскийден бир миллион доллар пара алган деп айыпталып, анын көрсөтмөсү менен камалган. Кийин Бишкектин 1-Май райондук соту бир миллион доллар пара алуу иши боюнча күнөөлүү деп таап, сегиз жылга эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялоо жөнүндө өкүм чыгарган. Аны менен чогуу партиялашы Дүйшөнкул Чотонов дагы айыпталып, сот жообуна тартылган эле. Бирок муну саясий куугунтук катары баалашкан. Өткөн жылы Жогорку сот жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу ишти кайра карап, мурдагы чечимдер жокко чыккан.Соттук териштирүү азырга чейин уланууда.