Бишкек-Минск мамилеси: Кыргызстандын кадамдары талкуу жаратты

    • Author, Азиза Марат кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Президент Сооронбай Жээнбековдун Беларустун кайра шайланган президенти Александр Лукашенкону биринчилерден болуп куттуктаганы талкууланып жатат. Ошол эле учурда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновду өткөрүп берүү боюнча нота жөнөттү.

Александар Лукашенко шайлоонун эртеси эле Данияр Үсөнов экени айтылып келаткан Даниил Урицкий жетектеген корпорацияга барды. Экөөнүн жанаша турган сүрөттөрүн президенттин сайты жарыялады.

Сооронбай Жээнбеков Лукашенкону ушундай окуялар болуп жатканда куттуктады. Экс-президент Роза Отунбаева президенттин бул иш-аракетин сынга алып, мындай кадам "апрель революциясына түкүргөнгө барабар" экенин айтты.

Тышкы иштер министрлиги Беларустан бир нече оор кылмыштар менен соттолгон Данияр Үсөнов боюнча түшүндүрмө беришин талап кылды. Министрлик Бишкектеги Беларус элчилигинин өкүлүн чакырып нааразылыктарын айтып, Үсөновду Кыргызстанга өткөрүп берүү боюнча нота жиберди.

Бир өлкөнүн кайчылаш кадамдары

Беларустагы шайлоонун жыйынтыктарын айрым мамлекеттер тааныган жок.

Саясат талдоочу Сейтек Качкынбай Кыргызстан жок дегенде нейтралдуу позициясын көрсөтүш керек эле деп эсептейт.

"Алар менен экономикалык жактан казаныбыз бир болуп жаткандан кийин тилектештик көрсөтүү аракетин түшүнөм. Бирок Беларустагы окуяларга демократиялык, өнүккөн коомдор желкесин салып, абдан начар баасын берип жатат. Ушундай учурда биз жок дегенде көрмөмүш, байкамамыш болуп турсак жакшы болмок. Шайлоодон кийин эле Даниил Урицкий менен жолукту. Кыргызстанды сызга отургузуп кеткен адамды түз көрсөтүштү. Ага ТИМ нота жөнөтүп, президент Лукашенкону биринчилерден болуп куттуктаганы карама-каршы кадамдар болуп калды", - деген оюн бөлүштү Качкынбай.

Тышкы саясат азыр маанилүү эмес

Дипломат, тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Талант Кушчубеков президент протоколго ылайык расмий шайланган талапкерди куттуктоого милдеттүү экенин айтууда. Ал эки президент ЕАЭС, ЖККУ сыяктуу биримдиктер аркылуу союздаш экенине көңүл бурду.

Кушчубеков ТИМ менен президенттин кадамдары деле бири-бирине каршы келбейт деп ойлойт.

"Бул Тышкы иштер министрлиги кыла турган жумуштун бири, ага мажбур, - дейт Кушчубеков. - Көрүп, билип туруп, эч кандай иш-аракет жасабай койсо дагы болбойт. Анткени Үсөнов мурда Беларуста жүрөт экен деп сөз болуп келсе, азыр дал ошол киши өзү экени, атын, жарандыгын өзгөртүп алып иштеп жатканы айдан ачык болуп калды. Беларус менен арабызда канча пикир келишпестик болгон менен президент Жээнбеков куттуктоо жолдош керек болчу, ал маданияттын түрү".

Мурдагы тышкы иштер министринин орун басары азыр Кыргызстан үчүн тышкы саясат маанилүү эмес деп эсептейт. Ал вирустан дүйнө өзгөрүп жаткан чакта андан кутулуу, экономиканы жөнгө салуу негизги маселе болуш керек дейт.

Эркин саясат жүргүзө алган жок

Саясат таануучу Эмил Жороевдин баамында, мамлекеттер арасындагы мамиле көп жагдайлардан куралат, бир эле аракет аны аныктабайт.

"Кыргызстан мурдатан эле чоңураак өнөктөш өлкөлөрдүн кызыкчылыгы менен тышкы саясатын жүргүзүп келген. Биз тышкы саясатты өз алдынча жүргүзүүгө жетишкен жокпуз. Көп багыттуу тышкы саясатты ишке ашырдык деп айтуугаа, тилекке каршы, азыр да эрте. Тышкы саясатты алып барууда өзгөрүү деле жок, негизинен мурдагыдай эле", - деген Жороевдин айтымында, президент да, ТИМ да протоколдук кадамдарды жасады, болбосо Үсөнов менен Бакиевдерди кайтарып беришине өкмөт өзү да ишенбейт.

Сейтек Качкынбай Кыргызстан тышкы саясатын көз карандысыз жүргүзө албай келатканын, акыркы жылдардагы абал АКШ аймакты Орусиянын мейкиндиги деп кабыл алгандай элес калтырып жатканын кошумчалады.

Кушчубеков Кыргызстан кайсы багытты тандап, кайсы өлкөлөрдүн жолу менен баратканын келе жаткан шайлоо да көрсөтөрүн белгиледи.

Данияр Үсөнов "адам өлтүрүүгө катышуу" сыяктуу бир нече оор беренелер боюнча айыпталып, сыртынан 15 жылга соттолгон. Ал Курманбек Бакиев учурунда президенттик аппаратты жетектеген, 2010-жыл апрель окуяларына чейин премьер-министр болчу. Окуядан кийин өлкөдөн чыгып кеткен, 2017-жылдан бери Беларуста баш калкалап жатканы айтылып келет. "Беларус улуттук биотехникалык корпорациясын" жетектейт.

Кыргызстан Беларуска Бакиевдерди жана үзөңгүлөштөрүн өткөрүп берүү боюнча бир канча жолу кайрылган, бирок Беларус четке каккан.