You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Covid-19: Медициналык жардамды уюштуруу бир райондун мисалында
Гүлчөдө оорукананын кызматкерлеринин көбү ооруп калгандыктан жатып дарылана албаганын жергиликтүү жашоочулар Би-Би-Сиге билдирди. Өзгөн районунун айрым тургундары бейтапканалар толуп калгандыктан жата албай, күндүзгү стационардан жардам алып жатышканын айтты.
Айыл жерлеринде коронавируска каршы медициналык жардам кандай уюшулду?
Алай районунун мисалында түшүндүрөбүз. Бул жерде 2019-жылдын эсебине ылайык, 86 миң 600дөн ашык калк жашайт же элдин саны Ош облусу боюнча Чоң Алайдыкынан гана көбүрөөк.
Райондо ооругандардын жалпы саны 78. Жергиликтүү медкызматкерлердин маалыматына ылайык, 25 киши толук айыгып кетти, 32 киши ооруканадан чыгарылды, бирок үйдө көзөмөлдө.
Алай району боюнча бир үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору бар. Анда 11 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу иштейт. Бул борбор айылдардагы 32 эмкананы, башкача айтканда ФАПты карайт. Мындан сырткары райондук оорукана бар.
Алай районунун борбору Гүлчө айылында стационардык 85 орун даярдалган. Район боюнча 300 орундуу күндүзгү стационарлар иштеп жатат. Бул тууралуу үй-бүллөлүк борборунун башчысы Гүлнара Алыкулова билдирди:
"Борбордогу күндүзгү стационарга күнүнө 50-60, айылдарда 5-10 киши келип ийне алып кетип жатышат. Жаткандардын саны 50, алардын ичинен 37 киши пневмонияга кабылган, 13 кишиде COVID-19 тастыкталган".
Расмий эсепке ылайык, демек райондо даярдалган орундардын 35и бош.
Гүлнара Алыкулова айтып бергендей, айылдагы дарыгерлер телефон, андагы байланыш программалары аркылуу пульмонолог же башка адистер менен консилиум кылып турушат:
"Пульмонологдордун номерлери берилген, Саламаттык сактоо министрлигинин Ош облусундагы координатору менен макулдашабыз. Алгоритимге ылайык жумуш алып барабыз. Оор жана орто оор абалдагы бейтаптар стационарга жаткырылат. Жеңил түрлөрү күндүзгү стационардан дарыланышат".
Айылдардагы эмканалардын медайымдары менен фельдшерлери кандай иштейт?
"Алар үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан - менден жана клиникалык жетекчилеринен кеңеш алышат. Андан сырткары азыр 118 кыска номеринде күнү-түнү эки дарыгер отурат, ага чалышат. Колунда дарылоо жобосу бар, ошого жараша дарылайт", - дейт Алыкулова.
Мисалы, Өзгөн райондук ооруканасынын башкы дарыгери өзүнүн мекемесине гана жооп берээрин, район боюнча жер жерлердеги медициналык жардам көрсөтүү кызматтарына жоопкерчиликтүү эместигин айтты.
Жашоочулар билдиргендей, бул райондо да ооруканалар толгон жана стационарга жатуу оңой эмес болууда.
Саламаттык сактоо министрлигинин башкармалык башчысы Айнура Акматованын айтымында, күндүзгү жана жатып дарыланчу орундуктарды уюштуруу бардык жергиликтүү бийликтин мүчөлөрүнө жүктөлгөн.
"Ар бир айылда болбосо да жакын жайгашкан айылдарды бириктирип күндүзгү стационар ачылып жатат, - деди Акматова, - Медициналык кызматкерлер аралыктан окутулууда. Орусиядан келген реаниматологдор аймактарга бөлүндү. Андан сырткары пульмонолог Талант Сооронбаев, Нурлан Биримкулов, инфекционист Айнура Кутманова сыяктуу адистердин жетекчилигинде атайын топтор түзүлгөн. Вирустун очогунда иштеген медкызматкерлер Вотсаптан ыкчам эле бейтаптын рентгенин, анализин, абалын көрсөтүп кеңеш алалышат".
Ал эми Гүлчөдө көп медкызматкерлердин ооруп жатканы тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү тактамай болду.
Министрликтин ар бир облуста координатору бар. Күндүзгү стационарларга медициналык билими бар адамдар жана медициналык окуу жайлардын студенттери тартылууда