You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Кемчилигин жойгон жок": өкмөттүн вирус менен күрөшүнө сын жана сунуштар
- Author, Азиза Марат кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Саламаттык сактоо министрлиги, жалпы эле өкмөт вируска каршы күрөшүүдө чабалдык кылганы боюнча сындар жааганына карабастан стратегиясын өзгөрткөн жок. Мындай пикирди бир катар эксперттер айтып жатышат. Алар Оксфорд университетинин изилдөөчүлөрү менен жасалган божомолдорго көз жумду мамиле болгонун сынга алууда. Өкмөт болсо соңку айдагы абалды дүрбөлөң түшүү деп эсептейт.
Коронавирус Кыргызстанга келип, өлүм саны чөлкөмдө эң жогорку көрсөткүчкө жеткенде да бийлик башында карманган багытын өзгөрткөн жок. Бийлик менен Саламаттык сактоо министрлигине нечен сындар, нечен сунуштар айтылганына карабай, алар менен эсептешкен жок. Мындай пикирин эксперттер айтышууда.
Алардын бири Руслан Акматбек бийлик вирус менен күрөшүүдө көп кемчиликтерди кетиргенден кийин аны жойбогону дагы чоң катачылык болууда дейт.
Эпидемиологиялык абалдын өрчүшү тууралуу изилдөөгө маани беришкен жок
Сунуштардын бири Британиядагы Оксфорд университетинин илимпоздору менен бирге жасалган изилдөө. Анда Кыргызстанда эпидемиологиялык абалдын өрчүшү, прогноздор келтирилген жана сценарийлердин бири боюнча абал оор болоору штаб менен министрликке апрелде эле айтылган.
Июлдун башынан бери ооругандар менен каза болгондордун саны өсүп, бул изилдөө маалымат каражаттарына байма бай чыкты. Саламаттык сактоо министрлиги аталган анализге аябай кызыккан менен, аны республикалык штаб карагысы келбегенин изилдөө жасоого катышкан эпидемиолог Айжан Дооронбекова билдирди.
"Биз бул божомолду азыркы саламаттык сактоо министри жана анын орун басары менен макулдашып баштаганбыз. Биринчи баскычы бүткөндө алар абдан кызыгып, дароо штабга алып барышты. Бирок штабды министрлик, медициналык билим бар киши жетектебеген соң, көрүп жатпайсызбы кандай болгонун. Азыр толук бүткөндө министр да, орун басары да катуу ооруп калды. Эшигин канча какканыбызга, профессор окумуштуулар изилдөө ишенимдүү деп бүтүм чыгарганына карабай, штаб уккан жок. Жеке пикиримде, бул изилдөөнү карашса, ошого жараша чара көрүү жоопкерчилигин алып калат, ошондон качып жатышат деп ойлойм ", - деди Дооронбекова.
Аталган моделдөө изилдөөсү Кыргызстанда абалдын өзгөрүшү боюнча алты түрдүү сценарийди түзгөн. Азыркы абал андагы эң оор деген сценарийге дал келүүдө. Илимий божомолго ылайык, карантин киргизилип, ал бүткөн соң эч кандай чара көрүлбөсө ушул сценарий ишке ашмак. Андай болсо өлкөдө өлүм саны дагы өсүп, эпидемиянын туу чокусу ноябрда гана келет.
Ал эми чаралар жеткиликтүү көрүлгөндө, жагымдуураак сценарий менен кетиши мүмкүн эле.
Башка сунуштарга кулак салышабы?
Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова командасы менен 11 маселени жана анын чыгуу жолдорун сунуштап жатат.
Анын ачык кайрылуусундагы чечиш керек деген көйгөйлөрдүн айрымдары булар:
- Медкызматкерлер тартыш. Аларга стимул жолдорун таап, айлыгын көбөйтүш керек, медициналык билими бар жарандарды жана ооруп жакшы болгон ыктыярчыларды окутуш керек;
- Гуманитардык жардамды бөлүштүрүү ачык болуш керек. Ал үчүн жардамдын булагы, өлчөмү боюнча маалымат, таратуу, колдонулганы боюнча отчеттор ачык болсун;
- Дары, коргонуу каражаттары, жабдыктар тартыш. Гумжардам, элден түшкөн жардам менен мамлекет сатып алган каражаттардын резерви түзүлүш керек. Аны коротууга мониторинг жүргүзүлүш керек. Бул боюнча маалыматты ачык коюу керек;
- Дарылардын баасы жасалма көтөрүлүп жатат. Мамлекеттик сатып алуулар ачык айкын болуш керек. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүу агенттигинин ишин күчөтүп, бардык тартип коргоо органдарынын жумушун координациялаш керек. Ж.б.
Сооронкулова кырдаалдын өрчүшүнүн эң жаман сценарийине даярданыш керектигин Би-Би-Сиге билдирди.
"Божомолдор бул башталышы гана деп айтып жатат. Эл аралык эксперттер калктын 60-70 пайызы ооруп чыгыш керек деп жатат, - дейт Сооронкулова. - Кыргызстандын расмий статистикасына таянсак, ооругандардын саны 10 пайызга да жете элек. Азыр вирустун тарашын кармап калуу боюнча эч кандай чара көрүлгөн жок. Башында сырттан келгендерди обочолонтуу сыяктуу иш-аракеттер бар болчу. Демек инфекция тарай берет. Калктын 60 пайызы ооруса, айрым өлкөлөрдө өлүм 10 -12 пайызына чейин катталды. Кудай сактасын, бирок ушундай божомолдор эске алыныш керек.
Сооронкулова аймактарда чара көрүлүп, реанимациялык жана жөнөкөй орундар тезинен даярдалыш керектигин айтууда. Ал ошондой эле медкызматкерлердин ден соолугун коргоп, натыйжалуу иштетпесе, жакында дарылоого эч ким калбай калаарын эскертүүдө.
Чукул чаралар көрүлбөсө, экономикага да кыйын болот
Дүйнө өлкөлөрү эпидемияга каршы күрөшүү менен катар экономикасы артка кетпеш үчүн жан үрөп жатышат.
Пандемия экономиканын дээрлик бардык тармагын токтотуп, мамлекеттик кирешелерди азайтты, жумуш орундарын жойду, адамдардын жакырлануусуна жол ачууда.
Мурдагы премьер-министр Темир Сариев Кумтөр алтын кенинен түшкөн мамлекеттин кирешесин бизнеске жеңилдетилген кредит катары бериш керек деген сунушун айтып келатат.
Ал өкмөт чакан жана орто бизнеске беребиз деген 14 млрд сомду таба албай жатканын белгиледи.
Бул жылдын 164 млрд сом деп болжонгон бюджети адегенде 130 млрд сомго түшүрүлгөн, бирок алты айда дагы 14 млрдга түшүрлгөнү кабарланды. Сариев жыл аягына чейин каражат 30-40 млрд сомго аз жыйналса, өтө кыйын болот дейт.
Экономиканы кармап туруу багытында бир канча сунушун айткан Сариев негизгилерине токтолду:
"Элди жумуш менен камсыз кылуу багытында улуттук долбоорлорду башташыбыз керек. Кыргызстанда миңдеген киши жумушсуз калды. Анын бир жолу, мисалы, ипотекалык принципте үйлөрдү куруу. Мамлекет каражат булагын таап, демөөрчү болуш керек. Биринчиден, элди турак-жай менен камсыз кылабыз. Экинчиден, курулуш тармагы локомотив болуп башка тармактарды тартып кетет. Көп мамлекеттердин ушундай мезгилдеги тажрыйбалары бар - жол салган, канал же турак-жайларды курушкан. Акчаны тапса болот, ал сунушту мен айтып жүрөм, коркпой, элге түшүндүрүш керек. Кризис убагында болгон резервди колдонуш керек".
Сариев элдин күчү менен өмүрлөр сакталып жатканын моюнга алыш керек деди. Ал бирок элдин деми менен жасалып жаткан жумуштар көпкө созулбай турганын, система иштеш керектигин белгиледи.
Анын баамында, бийликте да, элде да түшүнүк пайда болуп, башаламан абал ирээтке келип бараткандай.
Ал эми бийлик эки оорукана салынарын жарыялагандан сырткары жаңы чараларга бара элек. Өкмөт башчы Кубатбек Боронов акыркы курч абалга негизинен элдин дүрбөлөң түшкөнү себеп болду деди.