You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Айтматовдун керээзи: "Демократиялык жолдон тайбашыбыз керек"
- Author, Арслан Капай уулу Койчиев
- Role, Жазуучу, тарыхчы
Жазуучу Аким Кожоев иним мага кат жазып, "Айтматовсуз жашоо кандай өттү? Улуу кеменгердин жогу кантип билинди?" деп суроо салыптыр. Ошондо Айтматовдун таасын айткан бир сөзү дароо эсиме кылт этти. Ал мындай.
Эгемендүүлүктү эйфорияга батуу менен тосуп алдык элек. Президент Акаев үч-төрт жылдын ичинде Кыргызстанды Сингапур, Гонконг сындуу "Азиянын жолборсуна" айландырам деди эле, андан бетер кыялга тундук. Иш жүзүндө акыбалыбыз башкача болду. Өлкөбүздүн өрүшү кеңеймек турсун, кедеринен кетти. Коомдук ишмер Бегиш Ааматовдун: "кыргыз эли - мардикерлердин улутуна айланып калаары кимдин оюна келди эле?" деп, каңырыгы түтөп жазганы эсте. Кыскасы, элибиз тентип калды. Мына ушул көрүнүш улут мыктыларын түйшөлтөбү, арын козгойбу деген суроо, түптөлө албай жатып мамлекет чачырап кетеби деген күдүк ой далай эле кишини санааркатса керек. Анын сыңары, кыргыздын мыктысы деген кишиден:"кыргыз элинин келечегин кантип элестетип жатасыз? Эртеңибиз кандай болот? Эмне күтүп турат?" деп сураганды өздөштүрүп алдым. Кудум илгери, Ормон хандын заманында деле карапайым эл олуязаада Калыгул акеден ушинтип сурашчу тура. Анын сыңары, мен ушул суроону Турдакун Усубалиевге да, Чынгыз Айтматовго да, башкаларга да учурунда жолдоп көрдүм.
Бир курдай ыңгайын келтирип, Айтматовго ушул суроону жолдоп, микрофонду сундум. Айтматов саамга ойлонуп калды. Мен микрофонду сунган бойдон күтүп турдум. Ошол маалда ал киши кыргыз элинин миңдеген жылдык тарыхын, Кыргыз-Ата, Манас-Атадан берки баскан жолун көз алдынан чубуртуп, XX кылымдагы тагдырыбызды бир сыйра сыдыра калчап, удургуган ой-санаанын кучагында калгандай туюлду. Ошондо ал XXI кылымдын кыргызына багыштаган керээт сөзүн айтты. "Демократияны терең түшүнүп, демократияны чыңдашыбыз керек. Кыргыз улуту демократиялык жолдон тайыбашы керек! Демократия аркылуу дүйнө элдеринин арасынан өзүнүн татыктуу ордун ээлеши абзел!" - деп, утур-утур кайталап, басым жасап, баса белгилеп айтты.
Айтматовдун көзү өткөнүнө он эки жыл болуптур. "Кыргыз элинин келечеги кандай болот?" деген суроо дале далайыбызды сарсанаа кылып турса керек. Бирок ал суроону эми кимге жолдойбуз? Уга турган да киши көрүнбөйт, жооп бере турган да киши көрүнбөйт.
Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.