You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Жапония өзгөчө кырдаалды алды, Европа туристтерди тосуп алууга камылга көрүүдө
Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ өлкө боюнча жарыяланган өзгөчө кырдаал режимин алды.
Абэ теле аркылуу кайрылуу жасап, Жапония вирустун тарашын көзөмөлүнө алганын билдирди. Өзгөчө кырдаал режими Жапониянын бир катар аймактарына киргизилген эле.
Жапонияда вирусту биринчи жуктурган бейтап январда катталды. Февралда эле премьер-министр Синдзо Абэ апрелге чейин мектептерди жабуу тууралуу чечим кабыл алган. Пандемия маалында Жапонияда 17 миңдей кишиден вирус аныкталып, 820 киши каза тапкан.
Ал ортодо Греция туристтик аймагы саналган аралдарды ача баштады. Бирок азырынча туристтердин келишине уруксат бере элек. Бул жайлар март айынан бери карантинге жабылган эле. Буга чейин премьер-министр Кириакос Мицотакис чет өлкөлүк туристтерди кабыл алуу 15-июндан баштала турганын билдирген. Ошол эле маалда көпчүлүк өлкөлөр июлдан тарта гана аба каттамдарын жандантат. Туризм өлкөнүн ички дүң өндүрүмүнүн төрттөн бирин түзөт.
Ошентип Европа өлкөлөрү акырындап мурдакы абалына келүүгө аракет кылып жатат. Карантин чараларын алып жатканы менен өкмөттөр илдеттин "экинчи толкунунан" кооптонуп жатышат. Эгерде вирустун жайылуу темпи кайра күчөсө, дароо чектөө чаралары киргизилмекчи.
Испан өкмөтү 1-июлдан тарта чет элдик туристтерди кабыл аларын билдирди. Ушундан тарта сырттан келгендер үчүн 14 күндүк обочолонуу тартиби дагы жокко чыгарыла турганын айтты.
"Оор күндөр артта калды. Июлдан тарта чет элдик туристтерге эшигибизди ачабыз. Карантинди алып, саламаттыкты коргоонун жогорку стандарттары менен камсыздайбыз",-деп жазды "Твиттер" баракчасына тышкы иштер министри Аранча Гонзалес Лайя.
Жыл сайын Испания 80 млн турист кабыл алат. Бул тармак өлкөнүн ички дүң өндүрүмүнүн 12 пайызын түзөт.
Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон Англиянын аймагындагы дүкөндөр 15-июндан баштап ачыла турганын жарыялады. Ал эми Шотландия, Уэльс жана Түндүк Ирландия карантин чараларын алуу маселесин өз алдынча чечет. 1-июндан тарта ачык базарлар жана автоунаа салондору ишин баштайт.
Би-Би-Си кабарчылары белгилегендей, британдык дүкөндөрдөгү абал мурдагыдай болбойт. Кардарлардын келүүсүнө чектөө коюлуп, аралыкты сактоо жагы катуу көзөмөлдөнөт. Британия коронавирустан катуу жабыркаган өлкөлөрдүн бири болуп калды.