М.Каратаев: Нарында эпидемиологиялык абал көзөмөлгө алына баштады

    • Author, Азиза Марат кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Коронавирус Нарында башка аймактарга караганда эселеп көп. Кечээ 25 учур чыкса, бүгүн беш учур тастыкталды. Мисалы, бүгүн Ошто 3, Чүйдө бир, Жалал-Абадда 2 гана учур.

Вирустун очокторунда жүргөн саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев Нарында ооругандар менен байланышта болгондордун анализи бүгүн чыгып бүтөт деди.

Нарындан келип, үч күндүк обсервацияга алынган министрдин орун басары менен Би-Би-Си маек куруп, адегенде эмне үчүн коронавирус Нарында көп жайылган себебин сурады.

Нарында айрым мүчүлүштүктөр кетти

Мадемин Каратаев: Биринчиден, башында координация жетиштүү болгон жок. Андыктан байланышта болгондордун баарын дароо изоляциялаганга болбой калды. Адегенде Нарынга үч киши сырттан алып келди. Бирөө Пакистандан, экөө Индиядан - алардын бирөөсү Ноокат, Кызыл-Кыя, Ош аркылуу келген.

Кечээ Нарында 25 болсо, бүгүн беш учур чыкты. Азыр байланышта болгондордун баарын обочолонтуп, анализдерди алдык. Бүгүн анализдер толук чыгып бүтөт. Мындан ары көзөмөлгө алганга мүмкүн болот.

Экинчиден, төрөт үйүндө, облустук ооруканада жана Облустук ички иштер башкармалыгында мүчүлүштүк кеткен. Мындан башка дагы байланыштагылар болгон. Ушул себептерден Нарында өтө көбөйүп кетти.

Нарын калктын санына карата алганда биринчи орунда турат (272 учур), Ош, Чүй, Жалал-Абад облустарына караганда бир нече эсе көп. Бирок оорулуулардын саны боюнча Бишкек алдыда (401 учур).

Би-Би-Си: Нарында биринчи байланыштагылардан сырткары, үчүнчү же төртүнчү баскычтагыларга тарадыбы же жокпу?

Мадемин Каратаев: Ага жеткен жок. Үч учур сырттан келген, калгандарынын баары ошолордун тегерегиндеги байланыштар. Биз азыр ошол байланышта болгондордун катнаштарын карап жатабыз. Көп жайылууга жеткирбей кармап калдык.

Нарын шаары кооптуу эсептелет. Ал жердеги облустук оорукананы толук жаптык. Баштан аяк текшердик, ошондо көпчүлүгү чыкты. Ат-Башыда 9-майдан бери катталган жок. Жумгалда да жок. Кочкордо кечээ жакында чыкты.

Негизги очок Ак-Талаа районундагы Баетов жана Ак-Кыя айылдары.

Би-Би-Си: Сиз акыркы күндөрү ошол жакта жүрдүңүз, кандай жумуштарды жасадыңыздар?

Мадемин Каратаев: Мобилдик топторду жибердик. Очоктордун айланасындагы адамдардын клиникалык симтомдору барбы деп сурадык. Периметринде ким катнашта болсо, баарынан анализ алдык. Шектүү кишилердин баарын изоляцияладык. Дезинфекция күчөтүлдү.

Мындан тышкары мобилдик топтордун суроолоруна жооп берип, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө сунуштарды бердим. Шаардын мэри да байланышта болуп, азыр обсервацияда, аралыктан иштеп жатат.

Негизгиси соода борборлорунда, базарларда санитардык нормалар сакталсын, зарыл болбосо эл чыкпасын деп жатабыз.

Би-Би-Си: Нарын боюнча канча медкызматкерге жукту, азыр бейтаптарды дарылаганга киши жетиштүүбү?

Мадемин Каратаев: 42 медкызматкерге жукту. Иштегендер жетиштүү эле. Башында Бишкектен бригадаларды жибергенбиз, инфекционист, реаниматолог жана эпидемиологдор азыр да иштеп жатышат. Андан башка да керектүү адистерди тарттык.

Негизги көйгөй лаборанттар болчу. Көчмө лабораториябыз эки жарым күн иштебей калды. Оңдогонго, Бишкектен программасын алып келгенге убакыт кетти. Бирок ал учурда анализдерди Бишкекке жөнөтүп жаттык.

Би-Би-Си: Нарынга канча акча каражаты бөлүндү?

Мадемин Каратаев: Мен каражат маселесин билбейт экенмин. Гумжардамга келген жана башка коргонуу каражаттарын Бишкектен алып жатабыз. Эпидфонддон канча бөлүнгөнү боюнча маалыматым жок. Дезинфекция, обсервация жумуштарын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жасап жатат.

Акыркы бейтап калганча күрөш уланат

Би-Би-Си: Дарылоо кандай жүрүп жатат? Клиникалык протокол баштагыдан өзгөрдүбү?

Мадемин Каратаев: Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунуштары боюнча клиникалык протокол өзгөрдү. Негизинен симптомдоруна жараша эле дарылоо болуп жатат. Башкы коркунуч бейтаптын кошумча оорулары. Анткени коронавирус башка ооруларды күчөтүп жатат.

Би-Би-Си: Абал курч кезинде Ошто жүрдүңүз, ал жакта кырдаалды кантип жайгардыңыздар эле?

Мадемин Каратаев: Биринчи 17-мартта чыкканда Сузакка бардык, андан кийин Ноокатка кетип, анан Ош менен Баткенде болдук. Ал жакта басымдуусу сырттан келген болчу. Ошко кичи ажылыктан 369 киши менен каттамдар келген. Анын 163ү Жалал-Абаддын жашоочулары. Түштүктө ыкчам аракеттердин негизинде токтотуп калдык.

Ош облусунда чамалаганда 1 млн 300 миң киши жашайт. Жалал-Абадда да бир миллиондон көп, эл жыш жашайт. Түштүктө ыкчам иш-аракеттерди көрбөгөнүбүздө массага жайылып кетиши бат болчу. Нарында калк 300 миңге жетпейт. Нарында да ушундай катуу аракет жүргөндө балким мынчалык көбөйбөйт эле.

Би-Би-Си: Эпидемияны эл тоготпой же коркпой калган баскыч келгендей. Мындан ары кандай аракет көрөсүздөр?

Мадемин Каратаев: Жалаң эле Саламаттык сактоо министрлиги токтотуп калды дегенден алысмын. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, жергиликтүү бийлик тийиштүү иштерди жүргүздү.

Ушуну менен бүттү дебей вирус такыр чыкпай калгыча талаптарды сакташыбыз керек.

Өлкөдө коронавирус көп жайылган жок

Би-Би-Си: Эл өзгөчө абал режиминде отурганга караганда азыр сан өсүп жатпайбы. Алдыдагы эпидемиологиялык абал боюнча кандай божомолдор бар?

Мадемин Каратаев: Мен массалык көбөйдү дегенден алысмын. Бирин-экин чыгып жатат. Чаткалды мисал келтирсем, таза болгон жерге тажыядан жайылып кетти.

Биринчиден, оорунун белгилери жок өткөн агымы бар экен.

Экинчиден, ооругандар байланыштарын айтпай жатат. Бул жерде эпидемиологиялык изилдөөлөр үстүртөн жүргөнү, анын сапаты да себеп болуп калды. Мен Нарынга барганда ушуну айттым. "Эч ким менен жолуккан жокмун деди, айтпай жатат" деген учурлар болуп жатты. Изилдөө өтө терең, сапаттуу болуш керек. Ошондо гана токтото алабыз.

Вирустун булагын обочолонтуу жана жугуу жолун болтурбоо маанилүү.

Би-Би-Си: Жалпы медкызматкерлердин абалы кандай, азыркыдай шартта иштей берүүгө чамалары жетеби?

Мадемин Каратаев: Жетет, жетпейт деген болбойт. Милдетин аткарыш керек. Көп нерсе көзүбүздү ачты. Акыркы 30 жылда санэпидем кызматына көңүл бурулбай калган. Аны бир убакта экологияга кошуш керек, чет жерде мындай кызмат жок экен деген ойлор да айтылган. Коомдук саламаттык сактоого, санэпидем кызматка көңүл бурушубуз керектигин азыркы кырдаал далилдеп жатат.

Акыркы суткада Кыргызстанда 30 учур катталды. Коронавирус жугузгандардын жалпы саны 1433.