Карантинде жумушсуз калган 709 миң кишинин көбү Бишкекте

    • Author, Азиза Марат кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Кыргызстанда өзгөчө абал режими учурунда жумушсуз калгандардын саны 709 миңдей деп айтылды. Экономика министринин орун басары Афтандил Алыбаев 800 миңге чейин жетиши мүмкүн экенин Би-Би-Сиге ырастады.

Кыргызстанда жумуш менен камсыз болгондордун саны 1-январга карата 2 млн 382 миң киши эле. Экономика министрлигинин аймактар аралык башкармалык башчысы Зайнидин Жумалиев өзгөчө абал режими киргенден кийин 709 миң адам жумушсуз калды, анын басымдуусу, 239 миңи Бишкекте экенин белгиледи.

Бишкектеги соода борборлорунда дүкөндөрдүн тармагын иштеткен Айбек Кожомжаров кызматкерлерин 26 пайызга кыскартып жатат.

"Анткени чыгымды азайтыш керек болду. Карантинден кийин элдин сатып алуу жөндөмдүүлүгү түшөт, кирешебиз азаят деп жатабыз. Дүкөндөрдүн ижара акысын бизге эч ким арзандаткан жок, тескерисинче алдын ала төлөгүлө дешти. Логистикалык чыгымдар деле азайбайт. Ошондуктан үнөмдөөнүн бир эле жолу кызматкерлерди кыскартуу. Аларга жардам деле бере алган жокпуз, абалды көрүп эле кетип жатышат", - деди ишкер.

JIA бизнес ассоциациясы, ЕККУ жана Ишкердикти колдоо борбору апрелде Кыргызстандын ири шаарлары менен айрым райондору өзгөчө абал режиминде турганда 1053 ишкер катышкан сурамжылоо жүргүзгөн. Алардын 80 пайызы кирешеси 75 пайыздан 100 пайызга чейин түшүп кеткенин айткан.

Ишкерлердин 48 пайызы кызматкерлерин айлык акы төлөнбөгөн эргүүгө чыгарган. "Бул кызматкерлер кайра жумушка кайтабы жокпу белгисиз", - деди JIA бизнес ассоциациясынын Ош филиалынын директору Аззамбек Жээнбай уулу.

Чакан жана орто бизнестин 36 пайызы жеке каражаты эки аптадан бир айга чейин гана жете турганын белгилешкен.

Изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык, эң көп тейлөө тармагы жабыркаган - 56%. Экинчи сапта соода тармагы - 23%. Андан кийин өндүрүш - 17%.

"Ишкерлердин басымдуу бөлүгү насыя албаса, аларга финансылык колдоо болбосо, жабылып калуу коркунучу бар", - деп кошумчалады Аззам Жээнбай уулу.

JIA экономика жандангандан кийин бул көрсөткүчтөр өзгөрүшү мүмкүн экендигин белгиледи.

Эл жумушуна кайта баштады

Өкмөт эл убактылуу гана жумушсуз калды, акырындан баары жумушуна кайтат деп турат. Жумушсуздук маселеси адегенде авиакомпанияларга келди. Туризмдегилер жана азырынча коомдук тамактануу, көңүл ачуу жайларындагылар үчүн жумуш жок.

"1-майдан тарта жумушсуз отуруп калгандардын 50 пайыздан ашыгы жумушуна киришип, иштей башташты. 1- июнга чейиин экономиканын көп тармагы иштеп калат деп ойлойбуз. Албетте, дагы чектөөлөр калат, чоң кафе, ресторандар убактылуу иштебейт. Эртең 21-майдан тарта соода борборлору, базарлар да толук ишке кирсе, ал жакта да көп адам эмгектенет", - деп белгиледи Алыбаев.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги берген маалыматка караганда, иш менен камсыз кылуу кызматтарынынын эсебинде 97,3 миң адам жумушсуз катары турат. Бул 1-майга карата маалымат. Ушул датага чейинки эсеп боюнча 181 адам жумушсуздук боюнча жөлөк пул алууда.

Орусия жана мигранттар

Орусияда 6-майга карата болжолдуу 1,2 млн киши жумушсуз калды. Социалдык өнүктүрүү министрлиги жыл аягына чейин жумушсуздардын саны 6 миллионго жетет деп божомолдоду.

Анын ичинде көптөгөн кыргыз эмгек мигранттары да жумушунан убактылуу же биротоло айрылды. ТИМдин эсебине ылайык, карантин чаралары киргизиле баштагандан бери Кыргызстанга Орусиядан 6000ге чукул жаран кайтты.

Бирок "Замандаш" партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов карантин бүтсө, Орусияда кыргыздар үчүн тескерисинче жумуш көп болот деп ойлойт:

"Ал жактагы мекендештерге шарт болсо Кыргызстанга келбей турушун сунуштайт элем. Көп өлкөлөр өз жарандарын чыгарып кетти. Карантин бүтсө жумуш орундары ал жакта көп болот".

Bloomberg агенттиги Орусия башка өлкөлөр сыяктуу ири суммадагы каражат бөлбөсө экономикасы бутуна туруп кете албайт деди. Эксперттер болсо андай кийлигишүүдөн кийин деле орус экономикасы эки жыл артка кетет деп эскертүүдө.

Ал эми Кыргызстан адегенде ишкерликке каражат жагынан жардам бере албай турганын айтса, кийин жеңилдетилген насыя бериле турганын, ал үчүн акча издеп жатканын билдирди.

Экономикага мындан башка каражат салынары күмөн. Сырттан жардамга келген акчалар бюджеттин жыртык-тешигин жамаганга кетери айтылды.

АКШ жумушсуздарды колдоп жатат

Жумушсуздук дүйнө жүзүндө кескин өстү.

АКШ алардын санын биринчилерден болуп эсептеп чыкты. Бул мамлекетте жумушсуздук акыркы кылымда эң жогорку чегине жетип, 14,7 пайызды түздү. 8-майда чыккан отчетто акыркы бир ай ичинде пандемия 20 миллиондон ашык эмгек ордун жок кылганы жазылат.

АКШ жумушсуздарга берилген жөлөк пулдун суммасын 1500 доллардан 4000 миң долларга көтөрдү. Бирок ал үчүн мамлекет карызга батты. Америкада Дүйнөлүк экинчи согуштан кийин да жумушсуздуктун саны мынчалык жогору болгон эмес. Анда бир айда 2 млн жумуш орду кыскарган, айырма 10 эсе болуп жатат.

Бирок Bloomberg агенттиги жумушсуздардын 80 пайызы убактылуу деп санады. Карантин толук алынганда ушунчасы кайра жумушуна кайтат.

Кыргызстандын Экономика министрлиги жумушсуздук жыл аягына чейин 8 пайыз болот деп божомолдоп жатат. Статистикалык комитеттин акыркы маалыматына ылайык, Кыргызстанда жумушсуздук 6,2 пайызды түзгөн.