You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Бишкек: Үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкерлерине Covid-19 жукту
Бишкектеги №17 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун төрт кызматкерине Covid-19 вирусу жукканы тастыкталды. Бул мекеме убактылуу жабылды.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаевдин айтымында, кызматкерлерге санэпидемстанцияда иштеген медкызматкерден жуккан.
"Кечээ вирус аныкталгандан кийин бейтапкананы жабуу боюнча макулдашылып, аны жаптык. Бирок өзүм азыр түштүк облустарда жүрөм. Эпидемиологиялык изилдөөсүн Бишкек санэпидемиологиялык көзөмөл борбору жүргүзөт", - деди Каратаев Би-Би-Сиге.
Саламаттыкты сактоо министрлиги буга чейин Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери өздөрү коронавирус жуктуруп алганын билдирген.
Бул борборго караган эпидемиологдор шаардагы бейтапканаларды көзөмөлдөйт. Демейде ар бир бейтапканага бирден кызматкер бекитилет.
Ушу тапта №17 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу дезинфекцияга жабылды.
Бишкектин башка үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда иштеген дарыгер жумушту кандай шартта аткарып жатышканын Би-Би-Сиге айтып берди.
Атын жашыруун калтырууну өтүнгөн дарыгердин билдиришинче, алардын бейтапканасын караган эпидемиологдон да коронавирус табылган.
"Ал байланышта болгон биздин медкызматкерлерди обсервацияга жаткырышты. Баарыбыздан анализ алышты. Он беш мүнөттө чыккан экспресс-тестти кандан тапшырдык жана ПЦР анализ бердик. Биз байланышта болгон эмеспиз, баарыбыздыкы таза чыкты", - деди дарыгер.
Анын айтымында, окуя өткөн аптада болду. ПЦР анализдин жыйынтыгын акыркы дүйшөмбүдө алышкан.
Ал үй-бүлөлүк медициналык борборго келип-кеткендер аз, ошентсе да иштеп жатабыз дейт:
"Бейтаптар сөзсүз беткап менен киришет. Биз баш кийим, халат жана кадимки беткап менен иштеп жатабыз. Коронавируска каршы инструкциялар берилген. Жашыраак адистер чогултулуп, окутуулар өткөн. Алардын бири Жалал-Абадга кеткен. Дагы бирөө шаарда мобилдүү топто иштеп жатат. Ал эми үй-бүлөлүк дарыгерлер, мен көрүп жатканыма караганда, барчу жерге коргоочу кийимдерди кийип, беткаптарды тагынып машина менен кетишет. Келгенде атайын бөлмөдө - "фильтрде" кийимдерин чечип, жуунушат. Менимче, жумушу бүткөндө үйлөрүнө барып жатышат", - деди атын жашыруун калтырган дарыгер.
Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын саны 489 адамга жетти, алардын 116сы медкызматкерлер. Акыркы суткада аныкталган 23 кишинин 12си ак халатчандар. (АК)