You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Коронавирус: Сузакта өзгөчө кырдаал абалы киргизилди
Кыргызстандын расмийлери коронавирус Сауд Арабиясына барып келген үч жарандан аныкталганын ырастады.
Саламаттык сактоо министрлиги кабарлагандай, алар 12-мартта учуп келип, үй көзөмөлүндө турган. Вирус жуктургандардын жаш курагы 43, 62, 70 жашта. Айрым маалыматтарга караганда, Сауд Арабиясына кичи ажылык зыярат үчүн барышкан экен. Алар менен чогуу учакта бирге келген 90дон ашуун адам обсервацияга жаткырылды деди саламаттыкты сактоо министри. Калган 45 жүргүнчү аныкталууда.
"Сакина групп" туристтик фирмасы 26-февралда 46 кишини Сауд Арабияга умрага жөнөтүп, 12-мартта келишкенин Би-Би-Сиге билдирди.
Бул фирманын кардарларынын баары ушу тапта карантинде.
"Алар келгенде аба майданда текшерип, байланыштарын адрестерин жазып калышкан. 18-мартка караган түнү кардарлардын баарын таап, карантинге жаткырууга көмөктөштүк",- деди фирманын өкүлү Максат Чалов.
Максатбек Чаловдун айтымында, ошол күнү эки каттам келген. Анда болжол менен жалпы 290 киши учуп келген.
Кыргыз өкмөтү өлкө аймагына өзгөчө кырдаал жарыялоого олуттуу негиз жок деп тапты. Бирок Жалал-Абад облусунун Сузак районунда өзгөчө кырдаалдар режими киргизилди.
Буйрукка ылайык, өзгөчө кырдаалдар режими киргизилген мезгилге төмөнкү чаралар жана убактылуу чектөөлөр киргизилет:
- Коомдук тартипти сактоону, өзгөчө маанилүү мамлекеттик жана стратегиялык объекттерди, ошондой эле калктын жашоо-турмушун камсыздаган объекттерди коргоону жана унаалардын ишин көзөмөлдөөнү күчөтүү;
- Эл массалык көп чогула турган объектилердин ишмердүүлүгүн токтотуу;
- Сузак районуна кирүүгө, ошондой эле анын аймагынан райондук штабдын мүчөлөрүнөн тышкары транспорттун бардык түрлөрүнүн чыгуусуна чектөө киргизүү.
Кыргызстанда мечиттерде жума намаздары убактылуу токтотулду
Эл көп чогулган жерде коронавирус коркунучу тооруп турганына байланыштуу, Кыргызстандын жогорку муфтийи Максат ажы Токтомушев өлкөнүн бардык мечиттеринде жума намаздары убактылуу токтотулганын билдирди.
Максат ажы Токтомушев мусулмандарга кайрылуусунда оорудан сактануу үчүн эл көп чогулган жерге баруудан баш тартууга чакырды.
"Ден соолукка коркунуч жаралган учурда шариатыбыз өзүнүн көрсөтмөлөрүндө жеңилдикке уруксат берген. Ислам динибиз оордукка эмес, жеңилдикке негизделген. Алла тааланын Курани-Кариминде Алла силерге жеңилдикти каалайт, кыйынчылыкты каалабайт. Башка жерде өзүңөрдү өз колуңар менен өлүмгө таштабагыла деп буюрган...Коронавирус оорусу адамдар көп чогулган жерде кооптуу болгонуна байланыштуу Кыргызстан мусулмандар башкармасы тиешелүү чечимдерди кабыл алды. Биринчиси, кырдаал турукташканга чейин жума намазы убактылуу токтотулсун. Жума намазынын ордуна бешим намазы үйлөрдө окулсун",-деди муфтий.
Ошол эле учурда давааттар да токтоду. Бирок мечиттер жабылбайт, анда азан айтылып турат.
Муфтият мусулмандарды аш-тойлорду өткөрүүдөн, өлгөн адамдардын жаназасына көп адам чакыруудан баш тартууга үндөп жатат.
Жума намаздарынан баш тартууну өкмөт муфтиятка көп күн мурда эле сунуш кылган. Бирок динаятчылар көпкө чейин макул болбой, жума намаздарын окууну кыска өткөрүү менен гана чектелип жатышкан.
Эмки маселе, муфтияттын үндөөсүнө бардык мечиттер жана мусулмандар кулак салабы, кеп ошондо. Анткени, коомдук сайттардагы реакцияга караганда, мусулмандар арасында жума намазын токтото турууга көнбөй, өздөрүнүн аргументтери менен каршы болуп жаткандар көп.