Канатбек: "Бир аз кечиксем эле кенедей кызымды зордуктап салмак экен..."

    • Author, Абдыбек Казиев
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Ысык-Көл районунун Кашат айылынын тургуну 4-класста окуган кызды зордуктоого аракет кылганы тууралуу кабар тарады. Би-Би-Си бул маалыматтын чын-бышыгын иликтеп айыл өкмөт башчысына, кыздын үй-бүлөсүнө байланышка чыкканда, алар да бул маалыматты тастыкташты. Милиция шектүү адамды камакка алганы айтылууда.

Окуя 5-март күнү болгон экен. Өспүрүм кыз учурда колдоого муктаж экенин айтып, Чолпон-Атадагы өзүнчө коопсуз жайга жөнөтүлдү.

Би-Би-Си кабарчысы бул үрөй учурган окуянын чоо-жайын атасынын өз оозунан укту.

К. Шейшалиев: Окуя болгон күнү чырпыктарды жыйнап, аларды боолоп, мал жайлап жүргөм. Бир убакта терезе тушка келсем кызымдын чаңырыгы угулуп калды. Мен каткырып-күлүп жатса керек деп ойлодум. Ары басып кийинки терезеге жеткенимде эле, эмне колумду кайрыдыңыз деген кыйкырыгын угуп калдым. Кирсем эле кызымдын шымын шыпырып, өзүнүн шымын жаңыдан чечип баштаптыр. "Эй эшек, мунуң туура эмес, мал да мындай кылбайт!" деп, бир-эки чаптым. Эшикке сүйрөп чыктым. Окуя ушундай болду.

Би-Би-Си: Ал кишинин жашы канчаларда?

К. Шейшалиев: Жашы элүүлөрдө. Эми кошуна болгон соң, киришип-чыгышып эле жүрчүбүз. Кошуна болгон соң таанышпыз да. Мурун мындай аракетин байкаган эмесмин.

Би-Би-Си: Кызыңыз бул окуя тууралуу эмнени айтып жатат?

К. Шейшалиев: Кирип келип эле кызымды көтөрүп чааптыр. Ошондой кылык кылыптыр. Колун бураптыр.

Би-Би-Си: Азыр кызыңыздын ал-абалы кандай?

К. Шейшалиев: Коркуп, кечкисин чочуп жатат. Азыр Чолпон-Атага алып кетишти.

Би-Би-Си: Ошол учурда окуяны көрүп, сиз кандай абалда калдыңыз?

К. Шейшалиев: Калчылдап калдым. Нес болуп, өзүмдү жоготуп коё жаздадым. Эки күн уйку бетин көрбөй, аябай жаман болуп жүрдүм. Бул туура эмес. Андан көрө өлүп алган артык да...

Би-Би-Си: Кийин мас экен деп кечирим сурап келишсе, доодон баш тартып койбойсуздарбы?

К. Шейшалиев: Жок, кантип кечирем? Кызымды кечирип койгудай ал мал эмес да... Кантип кечирем. Окуядан кийин туугандарынан келди. Бир кагаз алып бербейсиңби дейт. Мен андай кагаз жазып бере албайм. Мен жалгыз чечпейм. Айыл өкмөт, эл, жаштар уюму чечет дедим. Эгер андай болсо, кайра туугандарыңды чогулт. Мен өкмөттү, элди, жаштар уюмун чогултам дедим.

Би-Би-Си: Ал адам сизден эмне кагаз сурап жатат?

К. Шейшалиев: Келген киши анын бир тууганы болот. Келип милициядан кагаз жаздырып берсең, тигиге кичине жеңилдик болсун деп жатат. Мен жок дедим.

Би-Би-Си: Ушул окуя болгон учурда кошуна-колоңдун реакциясы кандай болду?

К. Шейшалиев: Кошуналарга рахмат! Жакшы эле колдоп беришти. Эл келди, жаштар келди. Жаштардын кээ бири мындай акмакты жок кылыш керек деп жатат.