Доллар асмандап, сомдун курсу кулады

Мындан бир жума мурда сомдун долларга курсу 69тан 73 кө чыкканы эчтеке эмес болуп калды. Бейшембиде түштөн кийинки курс 85ти барып чапчыды. Анын алдында көпкө чейин алмашуу пункттарында доллар сатылбай турду. Буга таң калгандар бир топ болсо, доллар таппай шаарды кыдырып тилденгендер андан көп.

Улуттук банк өз кезегинде бул жерде көп факторлор кошул-ташыл болуп кеткенин билдирүүдө. Коронавирус элди дүрбөтүп, чек аралар бек болуп, соода-сатык басаңдаганы бир тең, сырткы факторлор бир тең. Ошондой шартта эл ичиндеги дүрбөлөң маанайы күчөп, ошонун баары акыры келип сомдун курсунун кулашына алып келгендей.

"Мунай, кара металл башка сырьелор, буларды фундаменталдуу факторлор деп коебуз. Мунай менен биздин курсубуздун байланышы жок. Бирок башка миңдеген каналдар бар, анын ичинде соода сатык каналдары. Биздин эң негизги соода өнөктөрүбүз Орусия, Казакстан жана Кытай. Ошол жактан келген товарлардын баасы ттүшүп кети, өсүп кетеби, бизге түздөн түз таасир этет. Экинчи чоң канал биздин мигранттарыбыз, алар акча салышат. Биздин чыгымдар келген акчага баланс болуш керек. Ошондуктан бизге 14% азыраак акча келип калды. Андан сырткары чек аралардын баары жабык. Ал жактан товар кирбей, реэкспорт да токтоп калды. Өзүбүздүн экспортерлор да чек ара жабык, карантин болгону аларга да таасир берип атат. Фундаменталдуу факторлор өзүнүн деңгээлине жетмейинчи ушундай талкуулар болот берет",-деп түшүндүрдү Улуттук Банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов.

Фундаменталдуу факторлор жакын арада эмне болорун эч ким айта албайт. Ошого карабастан Улуттук Банк кырдаалды кармаганга өзүнүн резервдери жетиштүү экенин билдирип жатат.

"Улуттук Банктын резервдери $2 млрд 300 млнго барабар. Бул биздин өлкөнүн төрт-беш айлык импортун жабат. Ошондуктан керек болгондо Улуттук Банк интервенция жасап турат".

Жума күнү акча алмашуу пункттарында сомдун курсунда бир аз өзгөрүү байкалды. Кээ бир жерде сом жок болуп, долларды 83 сомдон саткандар чыга баштады.

Чындыгында чек ара бек болуп, соода-сатык басаңдап турганда долларга карата суроо-талап төмөн болушу керек эле. Демек, сомдун чайкоочулук курсу чыныгы реалдуу ордуна жакынкы күндөрү кайтып келиши керек дешет. (КС)