Кыргызстан: коронавируска шектелгендер келди деген жалган

Саламаттык сактоо министринин орун басары коронавируска шектелип ооруканага эки жаран жаткырылды деген маалымат туура эмес деди Би-Би-Сиге. Ал тапта Кытай менен чек ара качанкыга чейин жабык калаары белгисиз.

Жергиликтүү маалымат каражаттары Тажикстандан кирген эки жарандын дене табы көтөрүлүп Баткенде ооруканага жаткырылганын жазышты.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков алар коронавируска шектелбегенин билдирди. Айтымында бардык чек ара бекеттеринде адамдар тепловизордун текшерүүсүнөн өтүп кирүүдө.

"Тепловизорлор абдан сезгич, кичине эле дене табы көтөрүлсө көрсөтөт. Ошондойлорду байкоо жүргүзөлү деп стационарга алып келишкен. Дарыгерлер аларды толук дени сак деп тапты. Жөтөлү, чүчкүрүгү жок, дене табы бир калыпта. Ага карабай анализ алдык, эксперттик комиссия тыянагына карап чыгарат", - деди министрдин орун басары.

Төлө Исаков мындай маалыматтар дарыгерлердин тыкыр изилдөөсүнөн кабар берет, өлкөдө вируска шектүү учур жок деди.

28-январдан 6-февралдын таңына чейин Кытайдан 409 киши келген, алардын 80и кытай жараны.

Кыргызстанда 138 адам бейтапканада байкоо үчүн жатат. Алардын айрымдары инкубациялык мөөнөт - он төрт күнгө чейин кармалса, айрымдары бат чыгууда. Мунун себебин министр орун басары мындай түшүндүрдү:

"Ухандан келгендерди он төрт күн кармайбыз. Ал эми ысытмасы жок, анализдери жакшы жарандарды үч күн карап жатабыз. Эксперттик комиссиянын тыянагы менен, министрликтин атайын алгоритмине жараша чыгаруудабыз. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму баарынан анализ алуунун кажети жок деген сунуш берди, ага карабай биз лабораториялык анализдерди жасап жатабыз. Үйүнө чыккандар он төрт күнгө чейин үй-бүлөлүк дарыгерлердин көзөмөлүндө болушат", - деди Исаков.

Коронавирусту кантип аныктайт?

Кыргызстанда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун аккредитациясынан өткөн дүйнөлүк стандарттагы лаборатория иштеп жатат. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында, анализдердин жыйынтыгын беш саатта даярдалат.

Эксперттик комиссия ошол анализдерге карап тыянак чыгарып жатат.

Мындан сырткары чүчкүрүү, бышкыруу, жөтөл же ысытма өңдүү клиникалык белгилер эске алынат.

Кытай менен чек ара кандай тартипте иштеп жатат?

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасы жарым жартылай жабык. Кытайдын аймагына мурда кирген кыргызстандыктар, жүк ташуучу унаалар келип жатат. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев диломаттар да өткөрүлүп жатканын билдирди.

Анын айтымында, чек ара качан ачылаары кырдаалга жараша болот.

"Дарысын таап, дарылануу ыкмаларын алып чыгышса коркунуч азаят, ошого жараша аракет кылабыз. Азыр өзүбүздүн жарандарды алып келүүгө жолду жапкан жокпуз. Башка жактын жарандары дипломаттык корпуста иштесе коё берип жатабыз", - деди өкмөт башчы парламентте.

Ушу тапта Кытайга аба каттамдары да убактылуу токтоп турат.

Кыргызстанда 2019-жылдын эсеби менен 8900 кытай жарандары иштейт, азыр 1953 иштеп жатат, калгандары Кыргызстандан чыгып кеткен.

Ал тапта Казакстанга дүйшөмбүдө Кытайдан келген жүргүнчүлөрдүн он экисинин дене табы көтөрүлүп, текшерүүдөн өткөрүлдү. Алардын абалы азыр жакшы экени айтылууда.

2019-nCoV деп аташкан жаңы вирус Кытайдын Ухан шаарында декабрдын аягында табылды. Ал Кытайдан сырткары 24 өлкөгө тарады, ичинде Орусия да бар.

Вирусту жуктургандар 20 миңге жетип, каза болгондор 500дөн ашты. Уханга кирүүгө жана чыгууга тыюу салынды.