Ур-токмоктон эки наристенин өмүрү кыйылды

    • Author, Азиза Марат кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сузакта эки жаштагы бала сабалгандан кийин чарчап калды. Андан мурда Ак-Суу районунда ооруканада каза болгон 11 айлык наристенин денесинен көк ала тактар табылган. Эмне үчүн чоңдор балдарга зомбулук көрсөтөт, агрессияны кантип жеңиш керек?

Сузак районунун Октябрь айылында 27-январда эки жаштагы бала көз жумду. Милиция ал сабалганын билдирди. Жакындары баланы каза болгондон кийин айылдык ооруканага алып келишкен.

Баланын энеси 2019-жылы каза болгон, атасы Орусияда жүрөт. Ал атасынын бир тууганында, көп балалуу келиндин колунда тарбияланып жаткан.

"Баланы карап жүргөн жеңеси кылмышка шектелип жатат. Учурда сурак берүүдө. Анын баш коргоо чарасы карала элек. Анткени ал аялдын колунда кичинекей баласы, андан сырткары мектепте окуган балдары бар экен, өзү беш баланын энеси", - деди Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаев.

Ушул сыяктуу окуя 10-январда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Боз-Учук айылында катталды. Он бир айлык кызды эс-учун жоготкон абалда бейтапканага алып келишкен. Ал бир күндөн кийин реанимацияда каза болду.

Милициянын айтымында, денесинен көк-ала тактар табылып, райондук соттук-медициналык экспертиза оор буюм менен сабалган болушу мүмкүн деген. Бирок аны баккан таянеси наристе жүрөк кемтиги менен ооруганын, ошондуктан бети көгөрүп кеткенин, эсин жоготкондо жасалма дем алдыруу жасаганын айткан.

"Сабалганын так аныктоо үчүн, тийиштүү бардык адистердин катышуусу менен, ар тараптуу соттук-медициналык экспертиза жүргүзүүгө Бишкекке республикалык соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлдү. 12-январда кыздын чоң энеси өлүмдүн себебин териштирүү боюнча арыз менен кайрылды, ал да катталды", - деди Би-Би-Сиге Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов.

Ал кошумчалагандай, кыздын энеси 2019-жылдын аягында Түркияга иштегени кеткен.

Миграция кор кылган балдар

Эксперттер белгилегендей, ата-энеси сыртта жүргөн балдар зомбулукка кабылуу тобокелчилиги бар топко кирет.

Алар балдарга карата зомбулуктун себептери көп дейт. Бирок негизгилердин бири - оор жашоо турмуш.

Мамлекттик органдар болжолдуу 80 миңге чейин бала миграциянын жыйынтыгында ата-энесиз жашап жатат дейт. Эл аралык уюмдар мында балдар 300 миңге чейин жетет дешет же бул болжолдуу Кыргызстандагы чоң райондун калкынын санына барабар.

"Балдарды коргоо борбору" Бишкектеги он жаңы конушта жүргүзгөн сурамжылоо балдар көчөдө эмес, мектепте же бакчада эмес үй-бүлөдө эң көп зомбулукка туш болоорун аныктаган.

Анын социалдык кызматкери Айнура Эмирканова ата-энелердин басымдуусу балдарга зомбулук көрсөтүп, басым жасап жатканын өзү билбейт деди.

"Биз Бишкекте "Дордой" жана "Ош базарынын" четиндеги 200дөй ата-эне, бала менен иштейбиз. Күндүз өтө начар жашаган үй-бүлөлөрдөн 80 балага бир маал ысык тамак беребиз. Ар кандай зомбулукка учураган 24 бала убактылуу баш калкалоочу жайбызда дайыма болот. Ички миграциядан Бишкекке келген конуштардагы үй-бүлөлөрдүн балдардын зомбулукка кабылуу коркунучу бар. Ал балдардын көбү иштегенге да мажбур. Миграцияга кетип, баласын бирөөгө калтырса туугандары күчүн баладан чыгарат, балким ата-энеси акча жөнөткөн жок деп жини келет. Ажырашып кеткендер да себебин баладан көрөт, ур-токмоктун негизги себептери ушулар болуп жатат", - дейт Айнура Эмирканова.

Эмнеге чоңдор баланы урат?

Психолог Бермет Наралиева адамдагы агрессиянын себептерин жеке, үй-бүлөлүк жана кырдаалга жараша болуп бөлсө болорун айтты.

Ал балага жакшы мамиле кылып, туура тарбия бериш үчүн ириде ата-эне өзү билимдүү болуш керек экенин билдирди:

"Көпчүлүк психологиялык даярдыгы жок туруп үй-бүлө кургандыктан же үй-бүлө кургандан кийин жаңы шартка ыңгайлашуусу туура эмес нукта жүргөндүктөн бугун баладан чыгарышы мүмкүн. Ата-эненин ар кандай кырдаалда өзүн кармай билиши бала тарбиялоодо маанилүү. Балалуу болоордон мурда абдан даярданыш керек. Бала каалоо менен пайда болуш керек".

Психолог ошондой эле ата-эне баланын тандоосун сыйлаганга үйрөнүш керек дейт.

Эгер ата-эне өзү бир нерсени туура эмес кылып жатканын же өткөрүп жибергенин сезсе, психологдон жардам сураш керек.

"Баланын каалоосунун чеги жок. Ата-эне анын баарын аткарууга милдеттүү эмес. Бирок ал жок деп айтуунун жумшак жолун билиш керек. Ал үчүн өзү билимдүү, тарбиялуу болуш керек. Агрессивдүүлүктү болушунча азайтканга аракет кылыш керек", - деди Би-Би-Сиге психолог Бермет Наралиева.

Кыргызстандын калкынын дээрлик 37 пайызын балдар түзөт же алардын саны эки млн 100 миңден ашык. Бул жалпкы калктын санынын үчтөн биринен көп. Бирок балдардын 700 миңден ашыгы жакырчылыкта өсүп жатат, ЮНИСЕФ бул санды 900 миң деп берет.

Ал эми жалпы калктын 25 пайыздайы жакырчылыкта жашайт.

Кыргызстандын ИДПсынын үчтөн бирин таап жүргөн мигранттар калктын 13 пайыздан ашыгын түзөт.