Пакистан: поездеги өрттөн 64 киши каза тапты

Пакистанда жүргүнчү поездинде өрт чыгып, кеминде 64 киши каза тапты. Жергиликтүү басылмалар тамак-аш жасоо үчүн колдонулган газ баллону жарылып, ошондон өрт чыгып кеткенин жазууда.

Айрым маалыматтарда өрт дароо эле үч вагонго жабылып кеткен. Өлкө бийлиги жүргүнчүлөрдүн көбү жүрүп бараткан поездден секирем деп ажал табышканын айтты.

30 киши жаракат алган. Алардын саны дагы өсүшү мүмкүн деди куткаруу кызматтары.

"Эки газ плиткасы жарылып кеткен. Газ плиткаларында тамак-аш даярдалчу",-деди темир жол министри Шейх Рашид Ахмед.

Узак аралыкты басып өткөн темир жол каттамдарында бул көйгөй кеңири жайылган. Көпчүлүк жүргүнчүлөр ислам конференциясына баратышкан, деди министр.

Кырсык Пенжаб провинциясындагы Рахимъяр-Хан шаарынан алыс эмес жерде орун алган. Пакистанда көп учурда ашыкча жүргүнчү салып алгандан улам кишилер өлгөн кырсыктар көп болот.

Июль айынан сентябрга чейин эле темир жол кырсыктарынан 15 киши каза тапты. 2005-жылы Синд провинциясында Пакистан тарыхындагы эң үрөй учурган кырсык катталган - үч поезд кагылышып, 130 киши өлгөн. (AbA)