Саиповдун өлүмү боюнча кылмыш ишинде жаңы жагдай барбы?

    • Author, Азиза Марат кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Мындан он эки жыл илгери киши колдуу болгон журналист Алишер Саиповдун иши кайра жанданды. Башкы прокуратуранын билдиришинче, аны изилдегенде кошумча тергөө иш-аракеттери зарыл экени белгилүү болгон.

Кылмыш иши алты жыл мурда токтоп калган, эч ким жазаланган эмес.

Аны эми Ички иштер министрлигинин тергөө кызматы тергейт. Министрликтин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов материалдар кайра чогултулуп караларын маалымдады. Анын айтымында, ишти караган айрым кызматкерлер иш орундарын алмаштырса, айрымдары пенсияга чыккан.

Ал эми аны тергөөгө жиберген Башкы прокуратура ишти изилдеп чыкканда, айрым кемчиликтер байкалып, кошумча тергөө иш-аракеттерди талап кылганы белгилүү болду дейт.

"Аталган факты боюнча кылмыш иши 2013-жылы 6-декабрда иликтөөлөрдүн жыйынтыгынан кийин Кылмыш жазык кодексинин эски редакциясында 221-беренесинин 1-бөлүмүнүн 3-пунктуна ылайык токтотулган. Кылмыш иши изилденгенден кийин 2019-жылдын 29-августунда тергөөчүнүн жогорудагы чечими жокко чыгарылды", - деп билдирди Башкы прокуратуранын коом менен байланыш бөлүмүнүн прокурору Жаркынай Азиева.

Жазык кодексинин эски редакциясынын 221-беренесинин 1-бөлүмүнүн 3-пунктунда күнөөлүү катары жоопко тартчу тарап жок болгондуктан кылмыш иши токтотулары белгиленген.

Бирок бул боюнча жабырлануучу катары үй-бүлөсүнө кабар берилген эмес деди иниси Шохрух Саипов.

"Иш кайра тергелип, чыныгы күнөөлүү адамдын табылышы суроо жаратат. Ал адам өзү жок болушу мүмкүн. Анткени теориядан деле билгенибиздей, аткаруучулар көпкө жашабайт. Өлтүрүүгө буйрук берген тарап сырды жашыруу же башка ушундай себептерден улам аткаруучуну жок кылып салган болушу ыктымал. Биз үчүн аткан адам маанилүү деле эмес. Азыр үмүттөнүп турганыбыз - байкеми атып кетишкенде анын жанында болгон Икбол Мирсаидов деген досун тергөө алкагында сурап, биз менен беттештирсе жакшы болмок. Биз аны күнөөлөгөн жерибиз жок. Бирок ал адамгерчилик кылып ошол окуядан кийин бир жолу да бизге келген жок", - деди Саипов.

Тергөө ишинин жанданганы Башкы прокуратура сөз эркиндигин коргоо боюнча IFEX эл аралык биримдигине жолдогон катындагы жооптон белгилүү болду. 2019-жылы 1-августта IFEX Кыргызстандын бийлигине кайрылат.

"Биз сиздерге ЮНЕСКОнун башкы директору журналист Алишер Саиповдун өлүмүн тергөө боюнча маалыматты 2019-жылы сураган өтүнүчүнө байланыштуу кайрылып жатабыз. Ошондой эле сиздерди журналисттердин коопсуздугун камсыздоо боюнча жалпы чараларды жана мыйзамсыздыкка, анын ичинде конкреттүү коркунучтарга каршы күрөшүүнү колдоого чакырабыз", - деп жазылган кайрылууда.

Кат ээси, бирикменин аткаруучу директору Анни Гейм ошондой эле бул катка жооп берсе Кыргызстан басма сөз эркиндигине каршы чабуулга жол берилбей турганын көрсөтөт жана бул жоопко 2020-жылы сөз эркиндиги боюнча отчеттордо оң баа берилет деген.

Ал эми Башкы прокуратура 30-августта жооп жөнөтүп, иш 29-августта жандандырылганын жазат.

Мурдагы аскер прокурору Кубатбек Кожоналиев тергөө жаңы жагдайлар, кандайдыр бир маалымат пайда болгондо гана кайра тергелет дейт.

"Балким кандайдыр бир маалымат түшкөн үчүн иш жандандырылган. Ошол маалыматтын тегерегинде тергөө аракеттери жүрүп жаткандыр. Процессуалдык жактан иш качан жаңы бир маалымат түшкөндө жандандырылат", - деди Кожоналиев.

Ал эми айрым журналисттер бул иштин кайра тергелишин бийликтин эл аралык коомчулукка сөз эркиндиги тууралуу жообу катары кабыл алышты.

Бул кылмыш боюнча 2009-жылы Лейлек районунан Абдыфарид Расулов деген жаранга айып тагылган. 2012-жылы ал жаңы жагдайлар боюнча акталган. Аны актоодогу жаңы жагдай - кылмыш болгон күнү Расуловдун Лейлекте тойдо жүргөнүн далилдеген видео кассета.

Кассетаны сотко маркум атам алып келип, "уулумду бул бала аткан эмес" деп көрсөтмө берген деди Шохрух Саипов. Мына ушундан кийин иш токтогон.

Тергөөнүн башында кылмыштын себеби боюнча түрдүү версиялар айтылган. Ал учурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев террордук уюмга байланыштырган.

Алишер Саиповдун кесиптештери менен жакындары ал Өзбекстандын бийлигин катуу сындап, кандуу Анжиян окуяларын батыш басылмаларына чагылдырып турганын белгилешет.

Иниси Шохрух Саиповдун айтымында, кылмыш болоордон эки апта мурда Өзбекстандын "Наманган" телевидениесинен атайын жарым сааттык берүү көрсөтүлүп, анда Алишер Саипов сындалган, Өзбекстандын душманы катары бааланган. Ага чейин дагы ар кимдин ортомчулугу менен эскертүүлөр келип турган. Иниси Алишер Саиповдун башы он миң долларга бааланыптыр деген маалыматтарды угуп турганбыз дейт. "Бирок байкем журналисттик милдетимди аткарып жатам деп, позициясынан кайткан эмес" деп кошумчалады Ш.Саипов.

Кесиптеши жана досу Султан Каназаровдун билдиришинче, Алишер Саипов өзүнүн артынан аңдып жүргөн бирөөлөр бар экенин айткан.

"Артыман жергиликтүү көзөмөл жүрөт деп, кийин аны жарыялабадыбы. Өзү тартып койчу экен. Ошол сүрөттөрү чыккан. Бирок менимче ал ички маселелерге тиешелүү укук коргоо тармагынын кишилери деп ойлогон окшойт. Кийин андай эмес болуп чыкты да. Анын өлүмүнө кызыктар кишилерди чагылдырган темаларынын ичинен издесе болот. Тиги же бул тараптан күмөнүм бар деп айтыш кыйын, бирок ичимде өзүмүн версиям бар", - деди Каназаров.

Жакындары жана кесиптештери бул иштин бети ачылаарынан күмөн санайт. Ошентсе да алар ишке чекит коюу аракетинин өзү журналисттердин коопсуздугу жана сөз эркиндиги үчүн маанилүү дешет.

Алишер Саипов окко учкан кезде 26 жашта болгон, ал 2007-жылы 24-октябрда Ош шаарында Масалиев көчөсүндө киши колдуу болгон. Ал "Фергана.ру", "Азаттык", "Америка добушу" жана башка басылмалары үчүн жазган. Өзүнүн "Сиёсат" гезитинде иштеген.