You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Документиң болбосо беш сотыхтан не пайда?
- Author, Абдыбек Казиев
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Жаңы конуштардын биринде жашап жаткан Чыңгыз шарттын жоктугунан өзү эле эмес, жүздөгөн кошуналары да жүдөп бүттүк деп жатат. Анын сөзүн кошунасы да кубаттоодо.
"Жашаган үйүң бар, анча алыс эмес жерде борбор шаар. Бирок так ошол жерде туруп бала бакчага, мектеп, ооруканага бара албасаң, каттооң кайда десе дарегиңди айта албасаң мындан өткөн кодулоо барбы? Биз дообузду айткандан алыспыз, жерди басып алган жокпуз. Чамабызга карап ушул жерди сатып алганбыз. Мына бир ай, дагы бир ай деп олтуруп алты жылдан бери документи жок келе жатабыз",- дейт Ак-Ордо 3 жаңы конушунун тургунумун деген Арстанбек.
Алар өкмөт башчынын өткөн аптада трансформация боюнча жыйыны турак-жай жеринин документтерин да тездетеби деп жатышкан экен. Бирок ал жыйын турак жай эмес, таза суу, таштанды жайы жана көрүстөн үчүн жерлердин маселесине арналган.
Би-Би-Си бул боюнча өкмөттүн тиешелүү бөлүмүнө да кайрылды. Маалыматка караганда, турак-жай үчүн делген жерлер боюнча да айрым жылыштар бар. Тагырак айтканда, эч кандай соттук талаш-тартышы жок, электр линиясы, газ сыяктуу курулуштар, архелогиялык казуулар үчүн тыюу салынбаган айрым жерлердин документтери бүтө жаздап калган мисалдар бар.
"Өкмөт тарабынан атайын токтом кабыл алына элек. Бирок Тоң районундагы Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн 102 гектар жерин айталы. Буюрса документтери туура болсо эле биз кабыл алып беребиз. Чекесинен бүтө баштады",- дейт өкмөттүн агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы Алмаз Жээналиев.
Республика боюнча турак-жай үчүн деп 2017-жылы 14 миң гектардай жерди документтештирүү каралып жаткан. Кийинчерээк иргелип олтуруп, 9500 гектардай жерди тансформациялоого болот экен деген эсеп айтылган эле. Бирок дал ошол жерлер боюнча да айрым бир көйгөйлөр чыгып, иш создугуп жатат.
"Айрым бир маселелер ишти создуктуруп жатат. Мисалы үлүшкө тийген жерлер бирдиктүү эмес, бытыранды эле пландалган да. Мисалы бирөөнүн бир гектар жери бар деп коёлу. Болгондо да туурасы кууш, узунунан кеткен тилке. Жолду, электр мамынын ордун калтырганга келгенде так ошол жер жолго туш келип калган учурлар бар. Жердин ээси "бул менин менчигим же жер албасам же түшүм алып пайда таппасам деген маселени коёт. Чечүү оңойго турабайт да. Дагы бир жагдай, жер ээси делген адам чет өлкөдө. Издесең да таппайсың, айла кетет. Биз ошонун баарын көрүп олтуруп, буга да чечим тапкандай болдук. Генералдык планды бүтүрүп туруп, анан трансформация кылышыбыз керек эле. Андай болбогон соң схемасын бүтүрүп туруп уланталы деп чечтик",- дейт Алмаз Жээналиев.
Бөлүм башчы Алмаз Жээналиев менен ушул темадагы талкуунун толугу менен бул жерден көрүңүз:
Турак-жай үчүн жер маселеси өзү менен кошо ондогон социалдык оор көйгөйлөрдү чиркеп келе жатат. Анда каттоодон баштап, төрөт үйү, оорукана, мектеп бала бакчага чейинки толгон-токой түйшүк жатат.
Убагында басып алып же ар кимден сатып алган эл айласы кеткенден ошондой кадамга барганын айтып келишет. Эсептөөлөр боюнча 9500 гектар жерге 42 миңдей үй-бүлөнүн тагдыры байланган. Айтмакчы, бул көйгөйдүн тамыры Кыргызстан эгемендик алганга чейинки жылдарга барып такалат.
Азыр трансформацияланат деп жаткан жерлердеги айрым турак жайлар өткөн кылымдын 80-жылдары эле курулган бойдон документи жок келе жатат.
"Трансформация" кыймылынын төрагасы Бекназар Айталиев башка учурда эстен чыккан бул жашоочулар шайлоодо арыдан-бери эле жолу табылып, атайын тизмеге алынып добуш берерин, шайлоо бүтөөрү менен тас кейпинде кала берерин айтууда.
"Каттоосу жок, аларды эч ким билбейт деп жай турмушта айта беришет. Шайлоолордо заматтын ортосунда эле "Форма-2" деген убактылуу бланка менен баарына шайлоого укук беришет. Бул деген "шайлооодо добушуң керек, андан кийин эмне болсоң ошол бол" деген сөз эмеспи. Мындай болбошу керек. Бул эптеп эле добуш бере сал деп шылдыңдоого барабар",-дейт Б.Айталиев.
Турак-жай үчүн жерлерди трансформациялоого каршы чыккандар да кездешет. Алар мындай көрүнүш улана турган болсо "ыңгайы келген күнү дагы бир жерди басып алсак болот" деген ойдо калыптанышы мүмкүн деп келишет. Бирок азыркы мыйзамдар ага жол бербейт деген жүйөөнү айткандар да бар.