Улуу Жибек жолундагы көч

Ош шаарында туризмди өнүктүрүүнү көздөгөн «Ош Фест-2019» фестивалы өттү. Иш-чаранын башталышы "Улуу Жибек жолундагы көч" менен ачылды. Дастан Үмөтбай уулу тарткан сүрөттөр.

Кыргыз көчү Сулайман-Тоонун чет-жакасында көрсөтүлдү.

Андан кийин көч менен чогуу келгендер «Алымбек-Датка» этнографиялык борборуна өздөрү менен алып келген буюм-тайымдарын түшүрүштү. Ошентип ал жерде улуттук буюм-тайымдардын, тамак-аштын жарменкеси өттү.

Иш-чара маданий программа менен уланып, жергиликтүү жана Өзбекстандын дизайнерлеринин эмгектери көрсөтүлдү.

"Байыркы Ош өзүнүн тарыхый-географиялык ээлеген ордуна жараша тогуз жолдун тоомунда, трансконтиненталдык Улуу Жибек жолунун алкагында жайгашкан. Дал ушундай абал Ош шаарын ар кайсы мезгилдерде маанилүү аскердик-стратегиялык, соода-экономикалык жана маданий борбор катары кароого, ар түрдүү цивилизациялардын, маданияттардын, мамлекеттердин жана элдердин баалуулуктары менен кабардар болууга, аларды өзү аркылуу өткөрүүгө жана айкалыштырууга себеп болду. Ош маанилүү аскердик-стратегиялык, соода-экономикалык жана маданий борбору экендигин төмөнкүлөр далилдейт: Ош тээ байыртадан, коло доорунан баштап эле алгачкы адамдардын жашаган жери болгон. Алардын жашаган жайлары Сулайман Тоосунун күн чыгыш жана түштүк-чыгыш тарабы болгонун окумуштуулар далилдешкен. Тегин жерден Оштогу байыркы эл жашаган Борбордук Азиядагы эң байыркы жайлардын бири деп эсептелбейт. Ошол эле жайларда байыркы аска таш сүрөтчүлөрү да жашаган",-дейт тарых илимдеринин доктору, профессор Байболот Абытов.

2000-жылы Ош шаары өзүнүн 3000 жылдыгын белгилеген. 2009-жылы Ош шаарындагы Сулайман-Тоосу ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген. Тарыхый шаар экени карабай туристтердин агымында чоң өзгөрүүлөр деле жок дейт байкоочулар.

Расмийлердин айтымында, жыл сайын Сулайман-Тоого келген чет элдик туристтердин саны беш миңдин тегерегинде.

Соңку жылдары шаар бийлиги чет элдиктерди тартуу максатында ар кандай маданий иш-чараларды уюштуруп жатат. Бирок анысынан көп деле натыйжа көрүнө элек.

*