Сириядагы кыргызстандыктарды алып келүү аракеттери башталдыбы?

Террористтердин азгырыгына кабылып, Сирияга капыстан барып калган кыргызстандыктарды алып келүү боюнча иш-аракеттер башталганы турат. Бул тууралуу Би-Би-Сиге "Элет көйгөйү" коомдук уюмунун төрайымы Марипа Алыкулова билдирди.

Ал жетектеген уюм жакындарын кайтарып берүүнү сурангандардын башын бириктирип келет.

Алыкулова буга чейин алар бийликтин бардык бутактарына кайрылуу жолдоп, жакында эле президенттик аппараттан алардын маселесине жооп болгонун айтууда:

"Ата-энелердин негизги суранычы - ал жакта күрддөрдүн лагеринде кармалып жаткан жаш балдар менен кыз-келиндерди алып келүүгө жардам берүү болуп жатат. Президенттин аппаратынан бизди чакырышты. Тышкы иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке жана Ички иштер министрлигине бул боюнча тапшырмалар берилиптир. Жакшы жоопторду алдык, эми күтүп жатабыз".

Ал бул ишти ким жетекчиликке алганы боюнча тактап, конкреттүү ысымдарды атаган жок.

"Мен бизге ким жардам берип жаткан кызматкердин так атын-жөнүн айта албайм. Карапайым элге жардам бергени чыккандарды баса калышат экен. Ошон үчүн аттарын атай албайм. Биринчи, Сириядагы жарандарыбыз келишсин", -деди ал.

Сирияда жалпы төрт миңден ашуун Борбор Азия жарандары бар экени айтылып келет. Search for Common Ground уюмунун билдирүүсүндө, учурда Сирияда жүргөн кыргызстандыктардын саны 801 адамга жетти.

Борбор Азия өлкөлөрү Сирияга кеткен жарандарын буга чейин кайтарууга анча кызыкдар болбой келди. Себеби, террористтик идеяга сугарылган айрым жарандар мекенине кайтып барып, ири экстремисттик акциялар уюштурушу мүмкүн деген чочулоолор болду.

Өткөн аптада Сириядагы БУУнун качкындар лагеринде кармалып турган 34 тажикстандык аял өздөрү мекенине кайтуу өтүнүчү менен Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине чыгышкан.

30-апрелде Иракта "Ислам мамлекети" террордук уюмуна кошулуп кеткен тажик жарандарынын 84 баласы Тажикстанга кайтарылган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин тажик бийлиги бир да чоң кишини мекенине кайтара элек.

Казакстан быйыл Сирияда атайы операция жүргүзүп, 47 жаранын Мекенине кайтарган. Алардын 30 - кичине балдар.

Бул окуянын алдында эле Сирияда күрт лагериндеги кыргызстандык келиндер мекенине алып кетүүнү коомдук сайттар аркылуу өтүнүшкөн. Бирок бул кайрылуу коомдук сайттарда кызуу талкууланып, азыркы абалы үчүн Сирияга кеткендердин өздөрүн айыптаган комментарийлер көп жазылган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке Сириядан жакындарын кайтарып берүү өтүнүчү менен быйыл кайрылуулар болгон эмес. Бирок былтыр мындан мазмунда үч сурануу түшүп, бирок текшере келгенде ал адамдар кыргызстандык эмес болуп чыккан.

Сирияга барып келген жарандарга карата Кыргызстанда эки мыйзам колдонулат. Чет өлкөдөгү согуштук аракеттерге катышуу беренеси (5-7 жыл) жана жалданмачылык (8-15 жылга чейин). Бирок соттук териштирүү маалында сапардын максаты, тергөөдөгү кызматташуу, согуштук аракеттерге катышканбы же жокпу такталып отуруп, жаза жумшартылып берилген учурлар бар.

Башкы прокуратура былтыр Сирияга кеткен 110 кыргызстандык жаранга кылмыш иши козголгонун билдирген. Ал иштердин 55и сотко өтүп, 41 адам соттолгону айтылат. (EKa)