You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Экстремизмге каршы күрөштүн эффектиси менен көйгөйлөрү
- Author, Венера Алымкул кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Борбор Азия өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда диний экстремисттик коркунуч дале курч бойдон калууда. Бул тууралуу Борбор Азия өлкөлөрүнүн катышуусунда өткөн экстремизмге каршы күрөшүүгө багытталган жыйында айтылды.
Борбор Азия мамлекеттеринин өкүлдөрү кайрадан чогулуп, экстремизм-терроризмге бөгөт коюу, анын алдын алуунун жолдорун талкуулашууда. Масуд Карухил куралчан экстремизмдин зонасына айланган Ооганстандан келген эксперт. Ал ондогон жылдар бою согуш талаасына айланган Ооганстанда экстремизм жана терроризм маселеси, региондун башка аймактарына салыштырмалуу өтө актуалдуу экенин айтты:
"Борбор Азия мамлекеттери менен бирге Кыргызстанда өтүп жаткан экстремизмге каршы күрөшүүгө багытталган иш-чарага мен экинчи жолу катышып жатам. Былтыркыга салыштырмалуу быйыл көп жылыштар бар. Бирок региондун мамлекеттери экстремизм-терроризмге каршы күрөшүүдө структуралык ыкманы көп колдонууда. Тагыраагы, мамлекеттик органдар, маалымдоо каражаттары жана эл аралык уюмдар өз ара иш алып барып жатат. Бул маселе боюнча жөнөкөй эл менен көбүрөөк иштешип, жергиликтүү деңгээлде талкууларды өткөрүү өтө маанилүү деп эсептейм. Анткени топторго кошулуп кетип жаткандардын көбү карапайым адамдар. Алар маалыматтын жетишсиздигинен ушундай жолго түшүп кетип жатышат".
"Майда-бараттан чыккан экстремизм"
Экстремизм жана терроризм менен күрөшүүдө адам укуктарынын сакталышы башкы маселелердин бири. Human Rights Watch укук коргоо уюму өзүнүн соңку баяндамасында, Кыргызстанда күч органдары экстремизмге каршы күрөшкө жамынып алып, ар кандай шектүү видео, китеп жана башка материалдарды сактагандарды куугунтуктап жатканын сындап чыккан.
Атап айтканда экстремистизмге шектүү деп камалгандардын ишин токтотуу үчүн акча талап кылган, күнөөнү моюнга алдыруу үчүн ур-токмокко алган учурлар болгон. Ошондой эле экстремисттик мүнөздөгү материалдарды милиция өзү атайын таштап кеткен учурлар жөнүндө да айтылган.
"Кыргызстандын мыйзамдарында экстремисттик деген сөз өтө эле кеңири мааниде колдонулат. Майда-барат нерселердин бардыгын тең эле экстремизм менен байланыштырган учурлар арбын. Кыргыз бийлиги бул сөзгө так түшүндүрмө, аныктама берүүгө тийиш. Соттор ишти карап жатканда дагы укук коргоо органдары жана эксперттер бул аныктаманы өтө кеңири колдонот",- деди HRW өкүлү Rachel Denber.
Экстремизмге каршы күрөшүүдө ар бир өлкөнүн өзүнүн ыкмалары жана усулдары бар. Ал эми анын масштабы жөнүндө айта турган болсок, эң көйгөйлүү көрүнүш Ооганстанга тийиштүү.
"Ооганстанда дагы экстремизм боюнча айыпталгандардын укугу тебеленген учурлар арбын. Бирок соңку жылдары көрсөткүчтөр салыштырмалуу төмөндөп калды. Кайсы гана мамлекет болбосун адам укугун бузуу менен маселени жөнгө сала албайт. Андан көрө биз ал кишилерди коомго аралаштырууга аракет кылышыбыз керек. Мисалы, Кыргызстанда 700-800 кишини реинтеграциялоо тууралуу сөз болсо, Ооганстанда 70 миң киши тууралуу сөз болуп жатат",- деди Масуд Карухил.
Экстремизм боюнча соттолгондор
Расмийлердин айтымында, соңку жылдары Кыргызстанда диний экстремизм, терроризм боюнча беренелер менен соттолгондор көбөйүүдө. Жети жыл мурун алардын саны 70 киши болсо, учурда эки жүздөн ашты. Андан тышкары жүзгө жакын киши милициянын каттоосуна алынган.
"Мындай берене менен соттолгондорго түшүндүрүү, тарбия иштери жүргүзүлүп турат. Ар бирине жекече психологиялык жардам берилет. Муфтияттан келген кишилер салттуу ислам тууралуу кеңири айтып турат. Учурда жыйынтык жакшы. Арасында көптөр террордук топторго азгырылганын билип, кайра коомго аралашууга умтулуп калышты"- деди Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын ыкчам кызматкери Улукбек Артыков.
Интернет азгырыгы
ИИМдин маалыматына ылайык, Кыргызстанда радикалдык, экстремисттик топторго кошулгандардын көбү жаштар. Алардын 60-70 пайызы социалдык тармактардан азгырылган. Былтыр Кыргызстанда экстремисттик жана террористтик маанайдагы 70 интернет сайт аныкталган. Алардын ичинен соттун чечими менен 36 интернет баракчага тыюу салынган.
"Антипропагандага караганда пропаганда иштерин жүргүзүү оңой. ИИМдин "Интернет кайгуул" деген долбоору бар. Ага жаштар тартылган. Алар ачык ресурстарга мониторинг жүргүзүүгө жардам берет. Экстремисттик-террористтик иштердин интернет аркылуу жайылуусун алдын алуу үчүн YouTube, Facebook түйүндөрүнө, Google корпорациясынын өзүнө дагы кайрылдык. Бирок алардан тастыктоочу жооп келген жок. YouTube каналына жарыяланган материалга карата элүү ар башка IP даректен арыз түшсө, ал видео автоматтык түрдө алынат. Учурда ушул ыкманы колдонуп жатабыз. Ошондой эле аталышын уурдоо деген ыкма дагы бар. Биз экстремисттик маанайдагы видеонун аталышын алып туруп, ал жерге өзүбүздүн видеолорду жүктөп турабыз",- деди ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы кызматынын бөлүм башчысы Эрлан Бакиев.
Бакиевдин айтымында, Сириядагы геосаясий абал өзгөрүп жаткандыктан согушкерлерге кошулуп жаткандардын саны азаюуда.
Бирок өлкө ичинде радикалдашуу көбөйүп жатат. Ар кандай жамааттар дале жарандарды азгырган учурлар көп. 2012-жылдан бери Борбор Азиядан болжолдуу беш миңге чейин киши Сирия, Ирак жана Ооганстанга жер которуп, жихадчыларга кошулганы айтылууда.
Кыргызстандан 764 жаран өздөрүн "Ислам мамлекети", "Өзбекстан ислам кыймылы" деп атаган жана башка экстремисттик топторго кошулганы расмий айтылып келет.