Назарбаевдин отставкасын Казакстан кандай кабыл алды?

    • Author, Салим Сакенов
    • Role, Астана, Казакстан

19-марттын кечинде Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин кайрылуусу бүтүндөй өлкөнү дендароо кылды. Анткени Назарбаевдин отставкасы жарыяланат деп көптөр күткөн эмес.

Казакстан эгемендик алган жылдардан бери бийликте келе жаткан 78 жаштагы Назарбаевдин кайсыл бир күнү отставкага кетери белгилүү эле. Бирок ал күн качан болорун эч ким так билчү эмес. Акыркы учурларда бийликти өткөрүп берет деген божомолдор көшөгө артында активдүү талкуулана баштаган. Бирок расмий түрдө мураскер жөнүндө же бийликти өткөрүп берүү тууралуу бир дагы сөз болгон жок.

Анан калса жогорку кызмат адамдары, бийликке лоялдуу саясат таануучулар тарабынан "Назарбаевге альтернатива жок" деген тезис узак жылдардан бери айтылып келди.

Өлкөдөгү популярдуу болгон телеграм-каналдар "Аксакал", "Страшный жуз", "Едилов онлай" жана башкалар президенттин кайрылуусун таратышты. Кандайдыр бир баа берүү же божомолдордон баары карманды.

Мураскер ким болушу мүмкүн?

  • Дарига Назарбаева, Сенаттагы эл аралык мамилелер боюнча комитеттин төрайымы, Нурсултан Назарбаевдин тун кызы.
  • Карим Масимов, Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы.
  • Самат Абиш, УКК төрагасынын орун басары, Назарбаевдин жакын тууганы.
  • Касым-Жомарт Токаев, сенаттын төрагасы, ал 2020-жылдагы шайлоого чейин президенттин милдетин аткарат.

Саясат таануучу Ербол Едилов президенттин кайрылуусунан кийин өзүнүн каналы аркылуу "Назарбаевдин мураскери ким болушу мүмкүн?",-деген сурамжылоо жүргүзө баштады.

"Фейсбуктагы" казак колдонуучулар "Шейшембидеги күтүүсүздүк" деген репликалар менен чектелди.

Бүтүндөй бир доордун бүткөнү тууралуу жазгандар болду. "Астана - что? где? когда?" деген сыяктуу тайпаларда президенттин кайрылуусу тууралуу кызуу талкуулар уланып жатат.

Назарбаев 1989-жылы Казакстандын биринчи катчысы болуп келген. Ошондуктан талкууларда Назарбаевди эң татыктуу лидер болду деп баалагандар дагы көп.

Айрымдар болсо аны "чөгүп бараткан кемеден түшө качты" деп, "карызга баткан өлкөнү таштап кетти" деп сындап жатышат.

Мындай пикирлердин да жөнү бар. Анткени соңку учурларда өлкөнү нааразылыктын толкуну каптаган. Өлкөнүн Эмгек жана социалдык коргоо министри Мадина Абылкасымова көп балалуу үй-бүлөлөр мамлекеттен жардам алат деп убадалаган.

Көп өтпөй Астанада эң кичүүсү бир жаштагы, эң улуусу 12ге толгон беш бир тууган өрттөн каза болуп калды. Бул үрөй учурган окуя Казакстан эле эмес, бүтүндөй дүйнөнүн көңүлүн бурду. Балдардын ата-энеси бул учурда түнкү сменадагы жумушунда болгон экен. Бул трагедиялуу окуяны бийлик өрт коопсуздугу кызматынын алешемдиги катары атаганы көптөгөн казакстандыктардын кыжырын келтирди.

Бул окуядан кийин жүздөгөн энелер көп балалуу үй-бүлөлөргө социалдык жардамды күчөтүү талабы менен нааразылык акцияларына кошулду. Астанадагы беш наристе кыздын өлүмү бүтүндөй Казакстанды солкулдатып, жакырчылык көйгөйүн ашкереледи. Кишилер массалык чыккан митингдердин бири өлкө батышындагы Караганда, Актөбө жана Шымкент шаарларында өттү.

Мындай нааразылыктарга президент Назарбаев өкмөттү отставкага кетирүү менен жооп берди. Андан сырткары социалдык жардамдарды көбөйтүү, жеңилдетилген насыялар, турак жай берүү боюнча жардамдар болорун айткан. Мындай чараларды ишке ашыруу үчүн өлкөнүн Улуттук фондунан үч жыл ичинде триллион тенге бөлүп берүүнү тапшырган эле. (AbA)